Нион макулдашуусу.

Википедия дан

Нион макулдашуусу (1937) - Испанияда аскердик-фаш. козголоң чыкканда (1936-ж. 17—18-июль) Испан республикасын блокадалай баштаган фашисттик Германия менен Италиянын суу астында жүрүүчү кемелеринин Жер Ортолук деңиздеги каракчылыгына каршы коллективдүү күрөшүү чаралары жөнүндөгү макулдашуу;

1937-ж. 14- сентябрда СССР, Улуу Британия, Франция, Турция, Греция, Югосла­вия, Румыния, Болгария, Египет өкүлдөрү Нион шаарында (Швейцария) кол койгон.

Нион макулдашуусуна кол койгон мамлекеттер «Испаниядагы согушка катыпшаган бардык мамлекеттердин» соода кемелерин коргоого милдеттенишкен. Нион макулдашуусунан кийин Жер Ортолук деңизде соода кемелерине каракчылык кол салуу дээрлик тыйылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.