Озониоз

Википедия дан

Озониоз, тамыр чириги – өсүмдүктүн өтө коркунучтуу илдети. Илдетти топурактагы Ozonium omnivorum мите козу карыны (айрыкча пахтанын) пайда кылат. 2000ден ашык өсүмдүк түрүнүн тамырын илдеттендирет. Озониозго чалдыккан өсүмдүктүн жалбырагы саргарып, соолуйт, тез куурайт. Мите козу карындын мицелийи топуракка тарап, андан өсүмдүк тамырына кирет. Өсүмдүк тамырында жана сабагынын түп жагында киргил саргыч тактар, майда чуңкурлар пайда болуп, тамыры чирийт. Илдет козгогучтар топурак, көчөт ж. б. аркылуу тарайт. Каршы күрөшүү чаралары: карантин чектөө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]