Олуя

Википедия дан

Олуя (арабча валий — кудайга жакын адам деген түшүнүк) — кең маанисинде келечекте боло турган окуяларды алдын ала даана билип, күн мурунтан болжоп айтып бере турган адам. Адам баласын ар түрдүү жаңылыштыктан, мүшкүл, шордон, азаптан сактап кала турган көзү ачык, даанышман, пайгамбардын катарында турат. Ислам дининде кудайдын элчиси, эл менен кудайдын ортосундагы, кудайга жакын адам деп эсептелинет. Пенденин багы тайган учурунда колдоп, ошол балээден куткаруучу, ошондой эле оору-сыркоодон, кеселден да айыктыруучу керемет сыйкыры бар адам катары сүрөттөлөт. О-га сыйынуу исламдан башка да иудаизм, христиан жана башкалар диндерде кеңири тараган. Ислам дининин негизги жоболорунда кудайдан башка эч кимге сыйынууга болбойт делингени менен башка диндердин ишенимдеринде да О-нын өзүлөрүнө жана алардын аты аталган ыйык жерлерди мазар тутуп, ыйык эсептеп сыйынуу турмушта кеңири практикаланган. Ошол жерлерге (мазарларга) кайыр-садага, курмандык кылуу ислам дининде кенен колдонулат. «Манас» эпосунда мына ушул диний түшүнүк фантастикалык образ катары колдонулат. Мифтик ыйык каарман катары эшен, кожо, молдо, бүбү, бакшылардан жогору коюлат. Эпосто, элдик оозеки чыгармачылыкта О. айрым бир акылман, эл башкарган калыс жана аксакал каармандардын эпитети катары да кеңири колдонулат:

Топ олуя биригип

Тобосунан бүткөн дейт

Бар олуя биригип

Батасынан бүткөн дейт (В. В. Радлов жазып алган вариант).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4