Оорунун тарыхы

Википедия дан

Оорунун тарыхыооруканага жатып дарыланган оорулууга толтурулуучу документ.

Оорунун тарыхындагы паспорттук бөлүмгө оорулуунун фамилиясы, аты, жашы, адистиги, иштеген жери жана кесиби, ооруканага келген күнү жазылат. Экинчи бөлүмүнө мурда ооруган оорулар жөнүндө маалымат, оорунун диагнозу көрсөтүлөт. Андан кийин оорулуунун күндөлүгү, дарылоо натыйжасында болгон өзгүрүүлөр жазылат. Оорунун тарыхына Лаборатория, рентген, функциялык диагностиканын көрсөтүүлөрү тиркелет.

Ооруканадан дарыланып бүтөрү менен Оорунун тарыхына эпикриз жазылып берилет. Бул до­кумент ооруну дарылоо жана алдын алууда, андан ары оорулууну изилдөөдө өтө маанилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.