Оорукана

Википедия дан
Оорукана

Оорукана, бейтапкана — оорулуулар жатып дарылануучу мекеме. Кыргызстанда калкка акысыз, стационардык, жогорку квалификациялуу жана адистештирилген медициналык жардам берилет.

Аткарган функциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аткарган функциясы жана администрациялык баш ийүүсү боюнча республикалык, областтык, шаардык, райондук жана участкалык ооруканалар болот. Профилине жараша (түрдүү ооруларды дарылоочу бөлүмдөрү бар) жана адистештирилген (кургак учук, инфекциялык, психиатриялык, офтальмологиялык жана башкалар) ооруканалар иштейт.

Балдарга медициналык жардамды балдар ооруканасы (ал да көп профилдүү жана адистештирилген болуп бөлүнөт) көрсөтөт. Клиникалык оорукана жогорку медициналык окуу жайынын же илим изилдөө институтунун базасы болот. Ооруканага кабыл алууда врач оорулууну карап көрүп, медициналык документ толтурулуп, керектүү санитария-гигиеналык чаралар жүргүзүлөт; дарылоо (хирургиялык, терапевттик жана башкалар), дарылоо диагностика (рентген, физиотерапевттик) бөлүмдөрүнөн жана лаборатория, дарыкана, ашкана, кир жуугуч жай жана башкалардан турат.

0оруканага поликлиника да кирет. Аны башкы врач жетектейт, медициналык жана тейлөөчү медициналык кызматкерлердин саны Ооруканадагы орунга жараша болот. Ооруканага оорулуунун абалына такай медициналык байкоо жүргүзүү жана дарылоо, диагноз коюуга муктаж болгондор жиберилет. Жолдомо кагазды амбулатория-поликлиника мекемесинин врачы, өтө шашылыш учурда медициналык тез жардам жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүүчү (к. Ооруканага жаткыруу) врач берет.

Дарыланып жаткан оорулуулар акысыз медициналык жардам, багуудан тышкары акысыз дары-дармек, ич кийим жана башкалар менен камсыз кылынат. Оорудан сакайып кетүү жалаң гана медицинанын мүмкүнчүлүгүнө эмес, врачтын бардык белгилеген сунуштарын, мүнөздөп тамактанууну, Оорукананын күн тартибин туура сактоого да байланыштуу болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8