Кургак учук

Википедия дан

Соңку учурларда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча: ар бир секунд сайын дүйнөдө бир адам кургак учук оорусун жуктуруп алат. Ал эми, ар бир 20 секундда жер жүзүндө кургак учуктан бир адам көз жумат

Кургак учуктун пайда болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кургак учук - жугуштуу дарт. Ал көбүнчө какырык менен кургак учуктун микробактериясын бөлүп чыгарган сыркоо адамдан жугат. Башка микробдордон айырмаланып, кургак учуктун микробактериясы өзгөчө сакталуу касиетине ээ. Ал жерде дагы, карда дагы өзүн мыкты сезет, ошондой эле спирт менен кислотанын таасирине да туруктуу келет. Микробактерия ыплас жерде, нымдуу үйдө бир нече ай, бейтаптын кийим-кечесинде, үй эмеректеринде 3-4 ай, сүттө, майда 1 жылга чейин сакталат. Алар жогорку температурага туруштук бере алышпайт, тике тийген күн нуруна көпкө чейин кактаганда гана жок болот. Алар жогорку температурада жана хлор камтылган заттардын таасиринен улам жок болот.
Кургак учукту козгогучтардын бир нече түрү (кишиники, бодо малдыкы жана канаттуулардыкы ж. б.) белгилүү. Адамдар негизинен кишинин кургак учугу менен оорушат, бирок кээде бодо малдын кургак учугу менен да жабыркашы мүмкүн. Ооруну негизинен микробдуу какырык бөлүп чыгарган адамдар жана малдар таратышат. Айрыкча кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам коркунучтуу. Кургак учуктун таякчасы ар кандай жол менен жугушу ыктымал. Оору көбүнчө оорулуунун какырыгы, түкүрүгүнүн чачырандысы менен булганган аба менен дем алганда, ошондой эле оорулуу пайдаланган буюмдар (сүлгү, тиш щётка, жүзаарчы, кийим-кече ж. б.) аркылуу жугушу мүмкүн. Андыктан жугушсуздандыруунун катуу тартибиндеги чараларды көрүү талап кылынат.
Эмне үчүн айрым адамдардагы кургак учук башкаларда жоктугун дайыма эле түшүндүрө албайбыз. Бирок айрым адамдар башкаларга караганда кургак учук менен ооруп калуу коркунучуна кабылышат. Коркунуч фактору оорунун өнүгүү деңгээлин жогорулатат. Кургак учук оорусунда төмөндөгү симптомдор байкалат: жөтөлдүн күчөшү, токтобошу, кетпеши, дем алуунун кысылуусу, демигүүсү, көкүрөктүн дайыма ооруусу, жөтөлгөндө кандын пайда болуусу, үндүн кыркырап калышы, өпкөнүн жугуштуу ооруусу (мисалы, пневмония), дайыма чарчап-чаалыгуусу, салмагынын азайышы (арыкташы). Бул симптомдор көбүнчө кургак учукка тиешелүү, ал эми ден соолуктун башка проблемалары аларды пайда кылышы мүмкүн. Бирок ар бир адам алардын себебин билүү үчүн, мындай симптомдор байкалганда врачка кайрылууга тийиш жана зарылдыгына жараша дарылоону эрте баштоосу абзел.

Кургак учуктун түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өпкөнүн кургак учугу. Кургак учук көбүнчө өпкөнү жабыркатат. Ошондой эле лимфа жана кан тамырлар аркылуу муундарга, сөөктөргө, мээ кабыгына, бөйрөккө тарашы мүмкүн. Өпкөнүн кургак учугунда өпкөнүн микробактерия түшкөн ткандарында сезгенүү очогу пайда болуп, некрозго айланат. Андан кийин ал катуу кабык менен капталат да, акырындап кальций туздары топтолот. Балдарда бул байкалбайт, рентгенге тартканда гана билинет. Эгер баланын организми начарлап кетсе, процесс таралып кетиши ыктымал. Мында баланын эти ысып, жалпы абалы начарлап, жөтөл коштолот. Чоң кишилерде да алгач байкалбайт, бирок адамдын алы кетет, арыктайт, түнкүсүн тердейт. Андан кийин денеси ысып, көп учурда бир аз чыйрыгат, бат-бат жөтөлөт, тамакка табити тартпайт, дем алганда капталы сайгылашып ооруйт, кан түкүрөт. Мына ушул белгилердин бири эле байкалары менен дароо врачка кайрылуу керек.
Сөөктүн жана муундун кургак учугу.Муну менен көбүнчө 10 жашка чейинки балдар, ошондой эле чоң адамдар да ооруйт. өзгөчө омуртка тутуму, жамбаш, тизе, кызыл ашык муундары, ошондой эле сөөктөр жабыркайт. Алгач башталышында баланын көңүлү ачылбай, чыргоолонот, түнкүсүн начар уктайт, арыктап, бозоруп, тез чарчайт, тамакка табити тартпайт. Кечкисин же түнкүсүн омуртка тутуму, жамбаш ашташы жана тизе ооруйт. Кээде бала түнкүсүн оорудан кыйкырып ойгонот. Оору күчөгөндө муундары шишип, ооруйт, аксай баштайт. Алдын ала дарыланбаса, бейтаптын муундары өспөй калат. Күчөп кеткенде, жабыркаган сөөк ириңдейт, сөөк, жумшак ткань тешилет.
Лимфа түйүндөрүнүн кургак учугу. Мында жабыркаган бездер чоңоюп, кыймылдатпай ооруйт. Ириң тээп кеткен учурда, ал сыртка жарылып, айыккандан кийин тырык болуп калат. Бул дартты врач гана дарылайт. Ан үчүн алгач оорулууну рентгендик текшерүүдөн өткөрүп, диагнозун аныктоо кажет. Дарылоо учурунда оорулуу врачтын көзөмөлүндө болот. Эгер дарылоодон жакшы натыйжа болбосо, оорулууга хирургиялык жол сунуш кылынат.
Оорулуу, баарынан мурда, гигиена эрежесин сактап, жакшы тамактанып, жылдын бардык мезгилинде мүмкүн болушунча таза абада жүрүшү керек. Белогу көп эт, балык, быштак, сыр, сүт, жумуртка жеши зарыл. Мөмө-жемишти, айрым жашылчаларды, маселен, помидор, сабиз, кара карагат, лимон, жүзүмдү жеп, ширелерин ичүү абзел. Мындан тышкары, витаминдерди алыш керек. Оору күчөп кетсе, тынч жатып дарыланып, оңоло баштаганда, дене көнүгүүлөрүн жасап, сейилдеп, денени чыңдоо зарыл. Оорулууну дарылоодо үзгүлтүккө учуратпаганга, тамеки чекпегенге, арак ичпегенге аракет кылуу керек.

Кантип дарттын алдын алууга болот?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кургак учуктун алдын алуу үчүн, баарынан мурда, микробдорду таратпоочу чараларды көрүү зарыл. Эгер оорулуу болсо, аны башка бөлмөгө бөлүп, өзүнчө төшөнчү, ич кийим, идиш-аяк менен камсыз кылып, аларды обочолоп коюу керек. Бөлмөнү ным (самын-соода эритмеси кошулган ысык сууга малынган) чүпүрөк менен жууп-тазалап, ич кийимди, шейшепти, сүлгүнү, идиш-аякты 2 пайыздуу сода эритмесине кайнатып, жугушсуздандыруу керек. Ал үчүн 5 пайыздуу хлорамин эритмесин пайдаланса да болот. Оорулуунун бөлмөсүнөн килем ж. б. ашык буюмдарды чыгарып, жууп-тазалаганга оңой эмеректерди гана калтыруу зарыл. Жумшак эмерекке тыш кийгизүүнү унутпаңыз.
Оорулуунун какырыгын 5 пайыздуу хлорамин эритмеси куюлган атайы түкүргүчкө түкүртөт. Какырыктуу түкүргүчтү атайын идишке салып, 15 мүнөт 2 пайыздуу кир жуугуч сода эритмесине кайнатып туруп, канализацияга куюп жиберүү керек.
Кургак учук менен ооругандардын үй-бүлөсү мезгил-мезгили менен кургак учукка каршы медициналык мекемеде текшерилип турууга тийиш. Оорунун алдын алуу үчүн, оорулуунун үй-бүлөсүндөгү балдар менен өспүрүмдөргө кургак учукка каршы дарылоону дайындайт. Ошондой эле балдар мекемелеринде, коомдук тамактануу жайларында, шаардык транспорт жаатында иштеген кызматкерлер, чач тарачтар флюрографиялык текшерүүдөн өтүп турушу талапка ылайык.
Кургак учуктун өнүгүү коркунучунун бири - ооруган адамдын тамеки тартуусу, ал эми кургак учуктун айыгуусунун эң мыкты ыкмасы - тамеки тартуудан баш тартуу. Ал өз убагында кургак учук менен оору коркунучун азайтат. Андыктан жарандарга тамеки тартууну таштоонун 10 пайдасын сунуштайбыз.

1. Сиз узак жана жакшы жашайсыз. Тамеки тарткандардын жашоо узактыгы орточо 7 жылга кыскарат. Тамеки тартуу сиздин турмушуңуздун сапатына таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгер адамда өпкөнүн өнөкөт оорусу бар болсо, анда анын турмушун жеңил жана жагымдуу дешке болбойт.
2. Сиз жеңил дем аласыз жана сиз аз жөтөлөсүз. Эгер сиз тамеки тартууну таштасаңыз, кыймылдуу жана чыдамкайлуу болосуз.
3. Сизде эрекцияга байланыштуу проблема болбойт. Тамеки тартуу, эрендикти кан менен камсыз кылууну кошкондо, сиздин кан тамырыңызга терс таасир этиши мүмкүн.
4. Бир жыл аралыгында сизде инфаркт болуу коркунучу жарым-жартылай азаят. Ал эми беш жылдан кийин сиздин коркунуч эч качан тамеки тартпаган адамдардыкындай болот.
5. Сизде өпкө рагы, ооз көңдөйү, кекиртек рагы, тишиңиздин жана бүйлөңүздүн оорусунун пайда болуу коркунучу азаят. Эгер сизде астма оорусу болсо, астма пристубу аз кармайт.
6. Сиз үшүп, суук тийип калуудан жана сасык тумоодон, өпкөнүн кагынынан оолак болосуз.
7. Сиз балдарыңызга жана неберелериңизге жакшы үлгү көрсөтө аласыз. 8. Сиз иште жана коомдук жерде тамеки тартуу үчүн орун издегенди токтотосуз, ошондой эле тамеки тартуу таасиринин башка булактарына туш болбойсуз.
9. Сизде жагымдуу жылмаюу болот, сиз татымды жана жытты сезе аласыз жана жүзүңүздө көп бырыш түшпөйт.
10. Сиз акчаңызды үнөмдөйсүз, себеби сиз тамеки сатып албайсыз жана тамекинин түтүнүнүн таасиринен улам пайда болуучу оорулардан дарыланууга акча коротпойсуз.

Башка органдардын кургак учук тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кургак учук — түрдүү органдарда, көбүнчө өпкөдө өзгөчө сезгенүү пайда кылуучу жугуштуу оору. Кургак учуктун козгогучтарын — микробактерияларын 1882-ж. немец окумуштуусу Р. Кох ачкан.
Кургак учук адамдын жашоо шартына байланыштуу болору жана өлүмгө учуратуучу дарт экендиги байыртан эле белгилүү болгон. Жер шарында өтө көп таралган оорулардын бири болуп, миллиондогон кишини өлүмгө учураткан.

Жаныбырлар кургак учугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кургак учук менен жаныбарлар (уй, тоок, күрп жана башкалар) да ооруйт. Алар кишилерге ооруну жугузат (мисалы, оорулуу уйдун сүтүн ичкенде, тооктун жумурткасын жегенде, саанчылар, мал баккандар жана башкалар). Ал көбүнчө какырык менен кургак учуктун микобактериясын бөлүп чыгарган оорулуу кишиден жугат. Микобактерия караңгы, кир, нымдуу тамда бир нече ай, оорулуунун кийим-кечесинде, үй эмеректеринде 3—4 ай, кургаган какырыкта 30 күнчө, сууда, сүттө, майда 1 жылга чейин сакталат. Төмөнкү температурага, жегичтерге жана кислоталарга туруктуу, ошондуктан жугушсуздандырууда өзгөчө чара көрүүнү талап кылат. Алар жогорку температураны көтөрө албайт, тике тийген күн нурунан бир нече минутада эле өлөт. Кургак учук козгогучтарынын бир нече түрү (кишиники, бодо малдыкы жана канаттуулардыкы жана башкалар) белгилүү. Адамдар адатта кишинин кургак учугу менен ооруйт, бирок кээде бодо малдын кургак учугу менен да жабыркашы мүмкүн. Ал эми канаттуулардыкы менен адамдар өтө эле сейрек ооруйт. Ооруну негизинен микробдуу какырык бөлүп чыгарган адамдар менен мал таратат. Өзгөчө кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам өтө коркунучтуу. Кургак учуктун таякчасы ар кандай жол менен жугушу ыктымал. Оору көбүнчө оорулуунун какырыгы, түкүрүгүнүн чачырандысы менен булганган аба менен дем алганда, ошондой эле оорулуу пайдаланган буюмдар (сүлгү, тиш щётка, жүз аарчы, кийим-кечеси жана башкалар) аркылуу жугат.

Кургак учуктун энесинен баласын жугушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмчектеги балага оорулуу энесинен (ал баланы өөп, өзү менен чогуу төшөккө алып жатып, бет аарчы же сүлгүсү менен баланын мурдун, шилекейин аарчыганда) жугат. Ошондуктан оорулуу атайын түкүргүч пайдаланып, өзүнчө идиш, сүлгү, тиш щётка, төшөнчү, шейшеп жана башкалар колдонуусу зарыл. Сүйлөшүп жатканда оорулуу соо адамдан алысыраак туруп, ал эми жөтөлүп же чүчкүргөндө оозу-мурдун бет аарчысы менен жаба коюшу керек.

Улгайгандар тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улгайып калган оорулуу адамдар көп учурда дартты жугузуунун булагы болуп калышы мүмкүн. Анткени улгайгандарда кургак учук анча байкалбайт. Кургак учук таякчасынын организмге кириши ооруга негизги себеп болгону менен ага ыңгайлуу шарт болбосо киши оорубайт. Ага көбүнчө башка оорудан организмдин начарлашы, жетишсиз тамактануу (белогу, витамини аз), гигиеналык шарттын начардыгы, оорулуу менен көпкө бирге болуу, оорунун кайталап жугушу түрткү болот. Кургак учук иммунитети али начар өнүккөн жаш балдарда, жыныстык жетилүү мезгилиндеги өспүрүмдөрдө жана ооруга каршылык көрсөтүүсү төмөн улгайган адамдарда көбүрөөк кезигет. Кургак учук көбүнчө өпкөнү жабыркатат. Ошондой эле лимфа жана кан тамырлар аркылуу муундарга, сөөктөргө, мээ кабыгына, бөйрөккө жана башкалар таркашы ыктымал.

Өпкө кургак учугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өпкө кургак учугунда (кургак учук) өпкөнүн микобактерия түшкөн ткандарында сезгенүү очогу пайда болуп, некрозго айланат. Андан кийин ал катуу кабык менен капталат да акырындап кальций туздары топтолот. Балдарда бул байкалбайт, рентген жасаганда гана билинет. Эгер организм начарлап кетсе процесс таралып кетиши ыктымал. Мында баланын эти ысып, жалпы абалы начарлап, жөтөлө баштайт. Чоң кишилерде да адегенде байкалбайт, бирок адамдын алы кетет, арыктайт, түнкүсүн тердейт. Андан кийин денеси ысып (37,2—37,4°), көп учурда чыйрыгат (анча катуу эмес), дайыма жөтөлөт, тамакка табити тартпайт, дем алганда капталы сайгылашып ооруйт, кан түкүрөт. Мына ушул белгилердин бирөө эле байкалар замат токтоосуз врачка кайрылуу зарыл. Тилекке каршы көпчүлүк адамдар ден соолугу начарлар замат, врачка кайрылышпайт. Улгайып калган адамдар көп учурда какырык аралаш жөтөлдү карып калгандыкы деп эсептешет да, ооруканага кайрылышпайт. Өпкөнүн кургак учугунун алгачкы башталышы көп учурда суук тийген ооруларга окшоп кетет. Ошондуктан кургак учук грипп, өпкөнүн сезгениши, бронхит сыяктуу дарттарга окшош болот. Оору кээде күчөп кармаганда дененин температурасы 38—39°ка жетип, какырык аралаш жөтөлүп, түнкүсүн тердейт, көкүрөгү сайгылашып ооруйт.

Сөөк жана муундун кургак учугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сөөк жана муундун кургак учугу менен көбүнчө 10 жашка чейинки балдар, ошондой эле чоң кишилер да ооруйт. Өзгөчө омуртка тутуму (к. Спондилит), жамбаш, тизе, кызыл ашык муундары, ошондой эле сөөктөр жабыркайт. Алгач башталышында баланын көңүлү ачылбай, чыргоолонот, түнкүсүн начар уктайт, арыктап, бозоруп, тез чарчайт, тамакка табити тартпайт. Кечкисин же түнкүсүн омуртка тутуму, жамбаш ашташы жана тизе ооруйт. Таңга маал ооруган жер басылат. Кээде бала оорудан түнкүсүн кыйкырып ойгонот. Ал көбүнчө бир капталына (оорубаган) жатат. Оору күчөгөндө муундары шишип, ооруйт, аксай баштайт. Алдын ала дарыланбаса оорулуунун муундары өзгөрүлүп, өспөй калат. Күчөп кеткенде жабыркаган сөөк ириңдейт, сөөк, жумшак ткань тешилет.

Лимфа түйүндөрүнүн кургак учугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лимфа түйүндөрүнүн кургак учугунда жабыркаган бездер чоңоюп кыймылдатпай ооруйт. Ириң тээп кеткен учурда ал сыртка жарылып, айыккандан кийин тырык болуп калат.

Бөйрөк кургак учугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бөйрөк кургак учугунда оорунун белгиси адегенде анча байкалбайт. Кийинчерээк бел ооруп, температура көтөрүлөт; табарсык жабыркаганда ал ооруп, оорулуу улам заара ушаткысы келет.

Кургак учуктуу менингит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кургак учуктуу менингитте оорулуунун башы катуу ооруп, кусат, денеси тырышат, эсинен танат. Оорунун мындай түрүндө оорулуу мурда майып болчу, азыр көбүнчө оору айыгуу менен аяктайт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ооруну рентгендик текшерүүдөн өткөрүп, диагнозун аныктап врач дарылайт. Дарылоо учурунда оорулуу врачтын көзөмөлүндө болот. Дарылоодон жакшы болбогондорго хирургиялык жол сунуш кылынат. Аны аягына чыга дарылабаса ал дагы кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан кургак учукту дарылоо ар дайым диспансер аркылуу көзөмөлдө болуп, мекемелерде, ишканаларда болсо медициналык кызматкерлердин кароосунда турат. Кургак учук дартын табууда ар дайым эле рентгендик изилдөө колдонула бербейт. 12 жашка чейинки балдарды флюорографиялык изилдөөгө болбойт. Ошондуктан 12 жашка чейинки балдарда жана өспүрүмдөрдө кургак учук туберкулин менен изилденет. Биздин өлкөдө кургак учуктун алдын алуу үчүн атайын эмдөө (БЦЖ деп аталган) жүргүзүлөт.

Эмдөө тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмдөөдөн пайда болгон иммунитет оорудан толук коргой албайт, бирок организмге кирген микроб менен күрөшүүдө түздөн-түз жардамдашат. Кургак учуктун алдын алууда химиялык жол да колдонулат. Мында дени таза кишилерге кургак учукка каршы дары-дармектер берилет. Химиялык дары-дармектерди колдонуу балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында кургак учуктун алдын алууга көмөк болот.

Гигиена[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорулуу барыдан мурда гигиена эрежесин сактап, жакшы тамактанып, жылдын бардык мезгилинде мүмкүн болушунча таза абада көп болушу зарыл. Анын тамагында жаныбар белогу (эт, балык, быштак, сыр, сүт, жумуртка) жетиштүү болууга тийиш. Мөмө-жемишти, айрым жашылчаны (помидор, сабиз, кара карагат, лимон, жүзүм жана башкалар) чийки жеп же ширесин ичүү пайдалуу. Мындан тышкары А, В1, В2, В6, С витаминдерин, ал эми тери кургак учугунда Д витаминин да алуу керек. Оору күчөп кетсе, тынч жатып дарыланып, оңоло баштаганда дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, сейилдеп, денени чыңдоо зарыл. Оорулуу дарыланууну үзгүлтүккө учуратпоого, ичкилик ичпөөгө жана тамеки тартпоого тийиш. Кургак учуктун алдын алуу үчүн барыдан мурда микробдорду таратпоочу чараларды көрүү зарыл. Эгерде оорулуунун жеке бөлмөсү болбосо, өзүнчө керебетке башка үй-бүлө мүчөлөрүнөн 1,5—2 м алыс жаткырып же көшөгө тартып бөлүп коюу керек. Оорулууга төшөнчү, ич кийим, идиш-аяк бөлүп, аларды өзүнчө жууп-тазалап, бөлөк сактайт. Бөлмөнү ным (самын-соода ээритмеси кошулган ысык сууга малынган) чүпүрөк менен жууп-тазалап, ич кийим, шейшеп, сүлгү, идиш-аягы 2%түү сода эритмесине кайнатылып жугушсуздандырылат. Дезинфекциялоо үчүн 5%түү хлорамин эритмесин пайдаланса да болот. Оорулуунун бөлмөсүнөн килем жана башкалар ашык буюмдарды чыгарып, жууп тазалаганга оңой эмеректерди гана калтыруу зарыл. Жумшак мебелге тыш кийгизилет. Оорулуу какырыгын 5%түү хлорамин эритмеси куюлган атайы түкүргүчкө түкүрөт. Какырыктуу түкүрүгүчтү атайын идишке салып 15 мин. 2%түү кир жуугуч сода эритмесине кайнатып туруп, канализацияга куюп жиберүү керек. Оорулуу балдардан оолак болуп, аларды өбүү жана көтөрүүгө болбойт.
Кургак учук оорулуулардын үй-бүлөсү мезгили менен кургак учукка каршы диспансерде текшерилип турууга тийиш. Оорунун алдын алуу максатында оорулуунун үй-бүлөсүндөгү балдар менен өспүрүмдөргө кургак учукка каршы дарылар берилет. Ошондой эле балдар мекемелеринин, коомдук тамактануу тармагынын, шаардык транспорт кызматкерлери, чач тарачтар текшерүүдөн өтүп турууга тийиш.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

Интернеттен шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.shookum.kg Archived 2019-05-14 at the Wayback Machine
http://www.ru.wikipedia.org(жеткиликсиз шилтеме)