Организмдин кыймылы

Википедия дан

Организмдин кыймылы — айлана-чөйрө менен активдүү байланышты камсыздоочу тиричилик аракеттин бир белгиси.

Кыймыл аракеттин таасири[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыймыл-аракет жаныбарлардын эволюциялык өсүп-өнүгүшүндө өзгөчө мааниге ээ жана барган сайын улам өркүндөйт. Кыймыл-аракеттин натыйжасында клеткаларда, органдарда жана организмде кыймыл такай пайда болуп, анын тиричилигин аныктайт. Ал эми адамдын жашоосунда кыймыл зор мааниге ээ. Орустун улуу физиологу И. М. Сеченовдун аныктоосу боюнча баш мээнин ар түрдүү ишкердүүлүгүнүн натыйжасы скелет булчуңдарынын жыйрылып, кыймылды пайда кылуусу менен аяктайт. Кыймыл адамдын жана көпчүлүк жаныбарлардын сөөк булчуңдарынын жыйрылуусунан пайда болот да, дененин айрым мүчөлөрүнүн бир калыптан экинчи бир калыпка келип өзгөрүп турушу алардын айлана-чөйрөгө ыңгайланып, жашоо шартын түзүп турат. Организмде мүчөлөр өздөрүнүн ар түрдүү кыймылы менен бири-биринен айырмаланат. Адамдын кыймыл-аракетин борбордук нерв системасы тейлейт. Мисалы, мүчөлөрдүн керектүү булчуңдарынын жыйрылуусунун негизинде адам өндүрүштө алдына коюлган ар кандай максатын татаал жана чебер кыймыл-аракет менен аткарат. Бул болсо кыймылдын татаал түрү болуп саналат. Мындай кыймыл скелет булчуңдарынын белгилүү бир кезекте жыйрылышынын натыйжасында келип чыгат. Кыймылдын жөнөкөй түрү да бар. Айтсак адам байкоосуздан электр тогуна, ысык, өткүр же учтуу жана башкалар буюмдарга урунуп алган учурда денени (колду) тез тартып алат. Эркин кыймылды жаратуу, аны иреттөө процесси өтө татаал келет да, аны таяныч-кыймыл аппараты иш жүзүнө ашырат. Таяныч-кыймыл аппаратын скелет сөөктөр жана анын муундары, байламталар, булчуңдар, тарамыштар түзөт. Булардын ичинен сөөктөр жана муундар организмде негизинен таяныч, денени бир калыпта кармоо милдетин аткарат. Ал эми булчуңдардын жыйрылып, кайтадан жазылып туруу касиетинин натыйжасында организмде кыймыл-аракет пайда болуп, адамдын айлана-чөйрөдө басып жүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Булчуңдардын жыйрылышынын негизинде муундарда кыймылдоо пайда болот. Айрым учурларда кыймыл сөөктүн же болбосо муундун катышуусуз эле булчуңдардын жыйрылуусу менен пайда болот. Мисалы, көздү ирмөө, баштын терисинин кыймылы жана башкалар.

Булчуңдар кыймылы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Скелет булчуңдарынын жыйрылуу функциясын иш жүзүнө ашырууда борбордук нерв системасынын бардык бөлүктөрү (баш, мээ, жүлүн жана башкалар) катышат. Булчуңдарда, тарамыштарда атайын сезгич нерв бөлүкчөлөрү — рецепторлор жайгашкан. Булар аркылуу импульстар — сезимдер борбордук нерв системасынын клеткаларына жеткирилет. Натыйжада борбордук нерв клеткаларынан тийиштүү жооп кайрадан кыймылдаткыч нерв бөлүктөрү аркылуу тийиштүү сөөк булчуңдарын жыйрылтып иштетет. Мээнин эң жогорку бөлүгү болгон мээ кыртышы негизги ролду ойнойт. Анткени ал жерден орун алган ар кандай нерв борборлор сөөк булчуңдарынын өзгөчө татаал, максаттуу кыймылдарды аткарып туруусун ишке ашырат жана аны дайыма контролдоп турат. Адамдын жашоо турмушу, эмгектенүүсү жана башкалар дайыма активдүү кыймыл-аракетти талап кылат. Кыймыл организмдин сырттан болгон зыяндуу таасирлерге каршы туруу мүмкүнчүлүгүнө шарт түзөт.

Илимий-техникалык жетишкендиктер тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акыркы жылдарда илимий-техникалык жетишкендиктер, кол эмгегин механикалаштыруу менен алмаштыруу, турмуш шарттын жакшыруусу, жол транспортторунун өсүшү кишинин эркин кыймылынын азайышына шарт түзүүдө. Натыйжада активдүү кыймыл азайып (гиподинамия), организмге өзүнүн терс таасирин тийгизүүдө. Ал семирүү, атеросклероз, гипертония жана жүрөктүн ишемия ооруларынын пайда болуусуна шарт түзөт. Улгайган адамдын организминдеги табигый өзгөрүүлөрдөн нерв, таяныч-кыймыл аппаратынын тез иштөө (кыймылдоо) мүмкүнчүлүгү азаят, кол-бут, муундар ооруксунуп, булчуңдардын бошоңдошу байкалат. Ал эми аз кыймылдаган кишилерде гиподинамиянын натыйжасында алар эрте пайда болот жана аны күчөтөт. Гиподинамиянын терс таасирин алдын алуу ар бир адамдын колунан келет. Өлкөбүздө массалык түрдө таралган физкультура жана спорт оюндары, өндүрүштүк гимнастикалар, акыл эмгегинен күч эмгегине өтүү, жөө басуу, чуркоо сыяктуу активдүү кыймыл аракет түздөн-түз гиподинамияга каршы чечкиндүү шарт болуп саналат. Ошондой болсо да активдүү кыймыл ар дайым организмдин, айрыкча жүрөктүн жекече иш аткаруу мүмкүнчүлүктөрүнө негизделүүсү тийиш. Анткени ашыкча күч келтирүү өзгөчө машыкпаган адамдарга пайда ордуна өзүнүн терс таасирин тийгизет. Ошондуктан өндүрүштө оор жумуш иштөө такай эмгектенүү эрежесин сактоо менен, ал эми спорт оюндарын врачтын контролунда жүргүзүүгө тийиш. Таза абада күч эмгегин өлчөмдүү иштөө же дем алуу өзгөчө улгайган адамдар үчүн өтө пайдалуу, ал кыймыл-таяныч аппараттагы табигый өзгөрүштөрдү басаңдатып, жүрөк-кан тамыр системасын жакшыртат. Көп учурда айрым улгайгандар дене тарбия машыгууларды өлчөөсүз аткарууга аракеттенет. Бул туура эмес, анткени нерв, өпкө, жүрөк жана башкалар органдардын иш аткаруу мүмкүнчүлүгү улгайган адамдарда өтө аз, андыктан айрым учурларда организмде жагымсыз сезимдер, жашка карата табигый өзгөрүүлөр тез пайда болот. Мындай адамдар физкультура жасоодо сөзсүз врачка кеңешүүсү зарыл.

Кыймыл бузулушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыймылдын бузулушу түрдүү эркин кыймыл-аракетти башкарып, жөнгө салууга катышуучу нерв системасынын жабыркашынан (кырсыктар, сезгенүү процесстери, кан куюлуу, шишиктер) болот. Кыймылдын бузулушуна таяныч-кыймыл аппаратынын сыныгында, муундан чыгып кетүүсүндө, булчуңдар ооруганда жана башкалар белгилүү кыймылды аткара албай калуусу кирбейт. Жалпы кыймылсыздык паркинсонизмде болот. Мээнин эркин кыймылды башкаруучу борбору, жүлүндүн кыймылдаткыч клеткалары же тийиштүү четки нервдери жабыркаганда такыр кыймылсыз же бир аз кыймылдабай калат (Шал). Мындай бузулууларда булчуң алсызданып, кыймыл өтө азаят. Кээ бир бузулууларда кыймыл өтө көбөйүп (гиперкинез) калтырайт. Оорулуу бир нерсени кармай албай, жазуу жана башкалар жумуш аткаруу кыйындайт. Кээде бир кол же бүт дене калтырайт. Ал дайым эле нерв системасынын ооруларынын белгиси боло бербейт. Кээде колдун калтыроосу диффузиялык ууландыруучу богокто, сымап, коргошун, наркотик менен ууланганда, өнөкөт аракечтикте болот. Кыймылдын бузулушун аны пайда кылган ооруларга жараша врач дарылайт. Бирок бардык учурда айыктыруу физкультурасы кеңири колдонулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8