Орозбаев Олжобай

Википедия дан

ОРОЗБАЕВ ОЛЖОБАЙ

(1920–2005)

Жазуучу, котормочу Олжобай Орозбаев Ысык-Көл районунун Темир айылында 1920-жылы туулган.
1932-жылы Борбордук педагогикалык техникумдун даярдоо бөлүмүндө окуйт. 1937–1939-жж. Фрунзе шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 кыргыз орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштейт.
О.Орозбаев 1939-жылдын декабрында Советтик Армияга чакырылып, Грозный шаарындагы аскер окуу жайынын кыскартылган курсун 1941-жылдын июнь айында, Улуу Ата Мекендик согуш башталардын алдында бүтүрүп, Батыш Украинадагы аскер бирикмелеринин биринде кызмат өтөөгө жиберилип, 1941-жылдын 22-июнунан минометтук взводдун командирлигинин ролунда айыгышкан салгылаштарга катышат.
1941-жылдын 15-сентябрында Украинанын Полтава облусундагы Великая Багачка кыштагы үчүн болгон урушта катуу жарадар болот.
1944-жылдын апрелинде О.Орозбаев оор жараатта майыптыгы боюнча туулуп өскөн жерине кайтып келип, 1947-жылдын сентябрына чейин Ысык-Көл райондук Аткаруу комитетинин аппаратында Райпландын төрагасы, андан кийин Аткаруу комитетинин жооптуу катчысы болуп иштейт.
1947–1953-жж. республикалык радиокомитетте редактор болуп иштейт.
1955-жылдын сентябрында Республиканын Жазуучулар союзуна мүчө болгон. 1955–1958-жж. Жазуучулар союзунун көркөм котормо боюнча консультанты, 1958–1965-ж. «Ала-Too» журналынын жооптуу катчысы, журналдын башкы редакторунун милдетин аткаруучу. 19661967-жж. «Кыргызстан» басмасында редактор болуп иштеген.
О.Орозбаевдин котормочулук ишмердиги 1937-1939-жж. башталган. Аркадий Гайдардын, Н.Лесковдун көркөм чыгармаларын, англиянын акыны Джорж Гордон Байрондун «Шильондук туткун» аттуу поэмасын которгон.
О.Орозбаев француз жазуучусу Ромен Ролландын «Кола Брюньон» аттуу романынын котормосу үчүн эң мыкты көркөм котормо боюнча республикалык конкурстун сыйлыгына татыктуу болгон.
О.Орозбаев кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын орус тилине которууга өз үлүшүн кошуп, Т.Сыдыкбековдун «Too арасында» романын которгон.
«Манас» эпосунун орусча-кыргызча чыгарылган академиялык 4 томдугунун негизги эпизоддорунун сапма-caп котормолору да Олжобай Орозбаевге таандык.
О.Орозбаевдин 1974-жылы «Кыл көпүрө» аттуу биринчи повести жарык көргөн. Ал орус тилине которулуп, Москвадан «Советский писатель» басмасынан басылып чыккан. Бул повести үчүн автор 1984-жылы Бүткүл союздук Александр Фадеев атындагы сыйлыктын лауреаты болуп, күмүш медаль менен сыйланган.
Согуш майданындагы жана чыгармачылык иштериндеги сиңирген эмгеги үчүн Олжобай Орозбаев «Биринчи даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш» ордени, «Каармандык үчүн», «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1981-жылы ага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» деген наам ыйгарылган.
Ал эми 1995-жылы О.Орозбаевге «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» деген ардактуу наам берилген.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Кыл көпүрө: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 236 б.

Күдөр: Повесттер. – Ф.: Адабият, 1991. – 368 б.

Орус тилинде

Мост, как волосок: Повесть. – М.: Сов. писатель, 1979. – 191 с.

КОТОРМОЛОРУ

Лесков Н. С. Кароолдогу киши: Рассказ. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 27 б.

Гоголь Н.В. Шинель. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 92 с.

Полевой Б.Н. Чыныгы адам жөнүндө повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 375 б.

Гоголь Н. В. Тарас Бульба: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 184 б.

Роллан Ромен. Кола Брюньон. “Эсил кайран али тирүү». – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 232 б.

Лацис В. Жаңы жээкке: Роман. – Ф.: Киргизгосиздат, 1957. – 754 б.

Байрон Ж. Шильондук туткун. – Ф.: Киргизгосиздат, 1960. – 14 б.

Гайдар А. Ысык таш. – Ф.: Киргизгосиздат, 1962. – 7 б.

Леонов Л. Селсаяк. – Ф.: Киргизгосиздат, 1962. – 14 б.

Островский Н. Болот кантип курчуду: Роман. – Ф.: Мектеп, 1967. – 452 б.

Герцен А. И. Сааттуу сагызган: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 48 б.

Быков В. Үчүнчү ракета: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 186 б.

Полевой Б. Чыныгы адам жөнүндө повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 358 б.

Островский Н. Болот кантип курчуду. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 472 б.

Герцен А. И. Сааттуу сагызган: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 45 б.

Шолохов М. Тынч Дон 1-к. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 443 б.

Островский Н. Болот кантип курчуду. – Ф.: Мектеп, 1979. – 472 б.

Шолохов М. Тынч Дон. – Ф.: Кыргызстан, 1980.

2-к. – 448 б.

3-к. – 464 б.

Герцен А. И. Сааттуу сагызган: Повесть – Ф.: Мектеп, 1982. – 40 б.

Гоголь Н. В. Тарас Бульба: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1983. – 160 б.

Полевой Б. Чыныгы адам жөнүндө повесть. – Ф.: Мектеп, 1985. – 326 б.

Островский Н. Болот кантип курчуду: Роман. – Ф.: Мектеп, 1987. – 464 б.

Гайдар А.П. Төртүнчү блиндаж. – Фрунзе – Казань, Кыргызмамбас, 1939. – 28 б.

Рыбак Натан. Переяслав радасы: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 192 б.

Сатым Улуг-Заде. Гүлдөгөн жер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 360 б.

Гоголь Н.В. Повесттер /Котор.: О.Орозбаев, С.Бектурсунов. – Ф.:Мектеп, 1976. – 103 б.

Гоголь Н.В. Аңгемелер /Котор.: О.Орозбаев, 3.Бектенов. – Ф.: Мектеп, 1978. – 120 б.