Осмон империясы
Бул макала которулуу үстүндө, кечирим сурайбыз!
| Улуу Осмон мамлекети دوله عثمانیه عالیه
|
|||||||||
|
|||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
|
|||||||||
| Гимн Калып:Нп5 |
|||||||||
Осмон империясы 1683-жылда |
|||||||||
| Борбор шаары | Сөгүт (1299—1329) Бурса (1329—1365) Эдирне (1365—1453) Константинополь (Ыстамбул) (1453—1922) |
||||||||
| Тил(и) | осмон тили жана башкалар | ||||||||
| Дини | Ислам (сунний) | ||||||||
| Акча бирдиги | акче, куруш, лира | ||||||||
| Аянты | 7 607 380 км² | ||||||||
| Калкы | 35 350 000 чел. (жер калкынын) 2,6 %ы |
||||||||
| Башкаруу формасы | Абсолюттук монархия: | ||||||||
| Сулале (династия) | Осмондор | ||||||||
| Кийинкиге өтүү | |||||||||
| ← Кония султандыгы Түркия → |
|||||||||
Осмон империясы (же Османлы мамлекети) (осм.: دَوْلَتِ عَلِيّهٔ عُثمَانِیّه - Девлет-и ʿАлиййе-и ʿОсманиййе[1][2]) — 1299-1923-жылдар арасы жашап, Чыгыш Европа, Түштүкбатыш Азия жана Түндүк Африкага чейинки жерлерди ээлигине алган, XVI. кылымда дүйнөнүн эң күчтүү империясы боло алган түрк-ислам мамлекети.
Мамлекеттин негиздөөчүсү жана осмон сулалесинин атасы - огуздардын бозок бутагынын кайы уругунан чыккан Осмон Гази болгон.[3] 1299-жылы Билежик провинциясынын Сөгүт аймагында мамлекет болуп жарыяланган. Айрымдары 1302-жылы Йаловада курулгандыгын айтышат [4][5] Ыстамбулга чектеш болгон Чыгыш Рим империясын жыккан мезгилин айрымдары Жаңы Чактын башталышы катары карашат. Осмон империясы XVI-XVII к. кызуу күчөгөн убагында үч континентке (кытаага) жайылып, Түштүкчыгыш Европа, Орто Чыгыш жана Түндүк Африканын көпчүлүк бөлүгүн өз ээлигине алган. Өлкөнүн чектери батыштан Гибралтар кысыгы (1553-ж. Марокко жээктерине), чыгыштан Каспий деңизи жана Басра булуңуна, түндүгүнөн Австрия, Венгрия жана Украинанын бир бөлүгү жана түштүгүнөн Судан, Эритрея, Сомали жана Йеменге чейин жеткен.[6] Осмон империясы 29 өлкөдөн жана автоном болгон Богдан, Эрдел жана Эфлак бектиктеринен түзүлгөн, ошондой эле бара-бара деңизден аркы жерлерде да сөз ээси болгон. Буга мисал катары Атлантика океанындагы кыска убак багынтуулар болгон Ланзароте[7] (1585), Мадейра (1617), Вестманнейжар[8] (1627) жана Ланди[9](1655) көргөзүлөт.
Мамлекет алты кылым бою Чыгыш жана Батыш дүйнөсүнүн ортосунда көпүрө сымал болгон. Мезгил-мезгил менен бир канча көтөрүлүштөр болуп турса да, жалпысынан дин, тил жана раса айырмаларына кийлигишпегендиги үчүн кылымдар бою бир топ мамлекеттерди жана улуттарды өз бийлиги астында ала алган.[10]Осмон империясы эски түрк салттары жана адаттары менен ислам маданиятынын милдеттенмелерине ылайык келген башкаруу формасын жүргүзүшкөн.[11]
Мазмуну |
Тарыхча [оңдоо]
Осмон империясынын тарыхы бул мамлекеттин тарыхтагы башкаруу структурасына жана дүйнө саясатындагы ордуна жараша конкреттүү бир нече тарыхый мезгилдерге бөлүнүп каралат.
Бейлик (1299-ж. чейин) [оңдоо]
Бейлик мезгилинин башталышы кайсы убакта болгондугу белгисиз. Осмон Газинин кошууну 1298-жылы Инегөл жана анын тегерегин каратуусунан кийин өзүнүн көзкарандысыздыгын жарыялайт[12]. Ушул мезгил бейлик мезгилинин аякташын түшүндүрөт.
1227-жылы Моңгол империясынын тушунда Анатолияга Сулейман шах баштаган кайылар качып келишкен[13]. Анадолу Селжук мамлекетинин ошол кездеги башкаруучусу Алаеддин Кейкубад 50.000 адамдан турган бул кайыларды Каражадаг аймагына жайгаштырат.[12]. Сулейман шахтын Фырат дарыясындагы чөгүп өлүүсүнөн кийин кайы уруусунун айрым бир бөлүгү Эрзурум жана Эрзинжан айланаларына[13], айрымдары болсо Сирияга жана кайрадан атажурттарына көчүшкөн.
Эртугрул Гази болсо Сөгүткө жана анын айланасына багыт алып, бул жактарды өзүнө караткан. Ал болжолу 1000 км2 чамалуу жерди каратып, [14] болжол менен 90 же 83 жашында дүйнөдөн кайтат[15][16]. Анын ордуна, кийин мамлекетке атын берген Осман Бей шайланган.
Түптөлүш (1299 - 1453) [оңдоо]
Осмон Гази заманы [оңдоо]
1299-жылдары Анадолу Селжук мамлекети кыйроо алдында турган кезде, Осмон Гази өзүнүн жакын адамдары менен Билежик, Йархисар жана Инегөлдү каратуу менен алектенген.[14] 1301-жылы болсо, ал Йенишехирди айланасы менен каратып, Йенишехирди борбор калаа кылган. Ушундан улам, күнүбүздө мамлекеттин негизделишин айрымдары 1299-жыл десе, айрымдары 1301-жылды кабыл алышат. 1302-жылы 27-июлда Осмонду токтотууга аттанган Чыгыш Рим империясынын 5000 аскери менен Осмон Бейдин 2000 аскеринин ортосунда болгон согушта Осмон Бей жеңишке ээ болуп, анын артынан Муданя жана анын айланасын караткан. [14]
Чегаранын кеңейиши [оңдоо]
Османогуллары бейлигинин кеңейүүсү Мармара аймагындагы ири Чыгыш Рим калаарынан болгон Бурсанын 1326-дагы алынышы менен ишке ашты. Бурсанын алынышын көрбөстөн бул дүйнөдөн өтүп кеткен Осмон Бейдин ордуна келген уулу Орхон Бейдин убагында дагы Османогуллары бейлигинин өсүшү тездеген. Анын мезгилинде 6 жылдык курчоо менен алынган Бурса борбор калаа кылынып, алгачкы флот дагs анын тушунда курулган. Ал осмон акчасын чыгарууну менен Османогуллары бейлигин Осмон мамлекетине айлантып, тарыхтагы алгачкы падыша болду. Бурсанын артынан Мармара аймагынын башка чоң калаалары болгон Изник менен Изнит дагы осмондордун колуна өтөт. Ал эми, 1329-жылы Чыгыш Рим императору III. Андроникос баштаган кошууну Малтепе (Палеканон) согушунда жеңилүүгө учуратылды.
Осмон Бей мезгилинде Османогуллары бейлигинин чеги Чыгыш Рим жерлерин гана камтыса, Орхон Бейдин заманында коңшу түрк бейликтеринин жерлерин да өз ээлигине ала баштаган. Осмондор Кареси бейлигинин аскерий-деңиз флотуна, Румелияга өтүүгө мүмкүнчүлүк берген бир нече пункттарга, ошондой эле румели жерлерин жакшы билген Кареси аскербашыларына ээ болушат. 1354-дө Чыгыш Рим империясындагы палаиологостор менен кантакузеностордун такты талашууларынан пайдаланып, осмондор Румелияга кол салат. Балкандардагы алгачкы болуп алынган база Гелиболу жарым аралындагы Чимпе сепили болду. Орхон Бейден кийинки башкаруучу, анын уулу I. Мураттын (1362 - 1389) заманында да Чыгыш Рим ички жаңжалдардын кучагында эле.
Калып:Осмон тарыхынын бөлүнүш мезгилдери
Фетрет мезгили жана кайра биригүү [оңдоо]
Жогорулаш (1453 - 1579) [оңдоо]
II. Мехмет, 1453-жылдын 29-майында өзү баштап курчап турган Ыстамбул шаарын акыры каратып, борбор калаа кылыган.
Токтолуш (1579 - 1699) [оңдоо]
Тартылыш (1699- 1792) [оңдоо]
Таркалыш (1792 - 1922) [оңдоо]
Башкарма формасы [оңдоо]
Кошумча караңыз: Осмон уругунун санжырасы
Диван-и Хумаюн [оңдоо]
Осмон мамлекети негизделген кездеги дивандын (жогорку кеңештин) негизги башкы мүчөлөрү төмөнкүлөр болгон; Падыша,Садразам,Улуу-вазир (Везир-и Азам), Румелия жана Анатолия Казаскерлери, Дефтердар, Шейхулислам,Адмирал, Нышанчы
Фатих Султан Мехметтен кийин Улуу-вазирлер өз пикирлерин айтууда өздөрүн ыңгайлуу сезиши үчүн чогулуш убагында падышалар ары жактан, атайын бөлмөдөн тыңшамай болушуп, кеңешти Улуу-вазирлер жетектешкен. Мындай ыкма падышанын башкаруу ишине жардам катары колдонулган.
Диван-и Хумаюн мүчөлөрү [оңдоо]
Улуу-вазир (Везир-и Азам) (Садразам): Булар падышадан кийинки орунда турган эң укуктуу адамдар жана булар падышанын мөөрүн алып жүрүшкөн.
Вазир: Садразамдан кийинки орунда болуп, садразамдын тапшырган милдеттерин кылуучу.
Казаскер: Анатолия менен Румелияда эки бөлөк казаскер болуп, булар адилет иштерин тейлешкен. Өзгөчө казы жана мударистерди дайындоо же кызматтан алуу иштерин аткарышкан. Бүгүнкү сот кызматы сыяктуу.
Дефтердар: Финансы иштерин тейлөөчү. Булар дагы Анатолия менен Румелияда эки бөлөк болуп, Румелиядагысы башкы дефтердар болгон.
Нышанчы: Жердик тизме, жердик кадастр жана каратылган жерлерди кирешесине жараша дептерге түшүрүү ишин аткаруучу.
Шейхулислам: Мамлекет чечим кабыл алган убакта, анын исламга ыайык болгонун же болбогону тууралуу чечим, б.а. фатва чыгарат.
Каптан-и Дерйа (Адмирал)
Административдик башкаруусу [оңдоо]
Башкаруу органдары
- Санжак (Ил же бир нече ил бириккени)
Башчылары
- Вилайетти Бейлербейи, соңку мезгилдерде Вали
- Санжакты болсо Санжакбейи башкаруучу.
Дин [оңдоо]
Хилафат [оңдоо]
Осмон империясындагы иудаизм жана христианчылык [оңдоо]
Экономикалык түзүлүшү [оңдоо]
Аскер [оңдоо]
Kaра күчтөр [оңдоо]
Флот [оңдоо]
Аба күчтөрү [оңдоо]
Эскертмелер [оңдоо]
Кошумча караңыз [оңдоо]
Калып:Портал Калып:Жакын долбоорлор
Тышкы шилтемелер [оңдоо]
- Osmanlı Kuruluş Videosu
- Osmanli Edebiyati.com Osmanlı Edebiyatı Çalışmaları Bibliyografyası Veritabanı, Osmanlı dönemi edebiyatı üzerine yapılmış ve yapılmakta olan tezler, kitaplar, makaleler, bildiriler ile projeleri içeren, bilgi girilebilen ve ücretsiz olarak ulaşılabilen iki dilli (Türkçe) websitesidir.
- Ottoman Literature.com Osmanlı Edebiyatı Çalışmaları Bibliyografyası Veritabanı, Osmanlı dönemi edebiyatı üzerine yapılmış ve yapılmakta olan tezler, kitaplar, makaleler, bildiriler ile projeleri içeren, bilgi girilebilen ve ücretsiz olarak ulaşılabilen iki dilli (Ingilizce) websitesidir.
- OsmanliMedeniyeti.com Osmanlı Kültür ve Medeniyeti
- The Ottomans.org (Türkçe)
- İnternet Ortamında Osmanlı Araştırmaları Kaynakları
- Ahıska Türklerinin Gündemi
- Osmanlı Araştırmaları Vakfı
- Sultanlar ve İlgilendikleri Sanat Dalları
- Osmanlı İmparatorluğu hakkında 450+ makale ve makale özeti (Türkçe-İngilizce)
- Osmanlı İmparatorluğu Resimleri "Osmanlı Resimleri Arşivi"
- Osmanlı İmparatorluğu Tüm bilgiler
Калып:Dolaşım Калып:I. Дүйнөлүк Согуш
Cite error: <ref> tags exist, but no <references/> tag was found
- Файлдарга туура эмес шилтеме берген барактар
- Негизделген 1299 жылы
- Жоюлган 1922 жылы
- Орто Чыгыш
- Осмон империясы
- Тарыхый түрк мамлекеттер
- Түрк сулалелер
- Биринчи Дүйнөлүк Согуш
- Уикипедия:Тандалган макалалар ar-wiki
- Уикипедия:Тандалган макалалар ja-wiki
- Уикипедия:Тандалган макалалар mk-wiki
- Уикипедия:Тандалган макалалар sl-wiki
- Уикипедия:Тандалган макалалар zh-wiki