Оюлуу

Википедия дан

Оюлуутери, тери алдындагы клетчатканын көпкө басылуудан кан айлануусу бузулуп, жансызданышы. Көбүнчө алсыз, узак убакыт төшөктө жаткан оорулуунун сөөккө жакын жайгашкан териси оюлат. Чалкасынан жатса куйругу менен чычаңы, омурткалары, далы жана согончок тушу жабыркайт. Көмкөрөсүнөн жатса тизеси, жамбаш сөөгү, төшүнүн тушу; ал эми кырынан жатса жамбаш менен кашка жилик муунунун тушу оюлат. Оюлуу гипс таңуунун астында (согончокто, чыканакта жана башкалар), ошондой эле ооздун былжыр челинде (тиш протези туура эмес салынганда) болушу мүмкүн.

Жүлүн, ири нерв, куймулчак оюлуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүлүн жабыркаганда, анын ооруларында же аны кысуучу ооруларда оюлуу айрыкча терең болуп, көпкө айыкпайт. Ири нерв жабыркаганда да оюлуу болот, мисалы, куймулчак нерви жабыркаса согончок оюлат. Витамин жетишсиздигинде, зат алмашуу бузулганда оюлуу күчөйт. Алсыз, жүрөк-кан тамыр системасы бузулган оорулуулардын бир сутканын ичинде териси оюлуп кетиши мүмкүн.

Оорулууну начар багуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорулууну начар багуу — төшөнчү, кийимине көз салбоо, омурткасы жабыркаган оорулуу жаткан катуу щит, ыңгайсыз төшөк, тамак калдыгы, заара менен булганып, тоголоктолгон шейшеп жана башкалар Оюлуунун пайда болушуна түрткү берет. Адегенде тери көгүш-кызгылт тартып эпидермиси (теринин үстүңкү бети) сыйрылып түшөт. Ал жерде некроз болот, шишийт, тарамыш, булчуң көрүнүп калат. Оюлуу кабылдап кетсе тилме, флегмона, сепсис, газ гангренасына алып келиши мүмкүн.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюлуунун алдын алууда оорулууга жакшы көз салып, эгерде мүмкүн болсо, аны улам бир капталына оодарып, болбосо атайын оюлууну алдын алуучу матрацка жаткыруунун мааниси чоң. Кийимдин тигишине да көз салуу керек. Куймулчак жана чычаң тушка тегерек резина коюлат. Оюлуучу жерлерге кебез-дакиден жасалган тегерек төшөлөт. Ным шейшепти дароо которуу керек. Теринин басылган жерин күнүнө 3—4 жолу камфора спирти, 0,5%түү нашатырь спирти, таниндин 1 — 2%түү спирт эритмеси, 1%түү салицил спирти, уксустун суюлтулган эритмеси менен сүртүп туруу сунуш кылынат. Сүртүү менен жеңил массаж жасаган оң.
Териси кызарып, оюлуунун белгиси байкалса дароо врачка кайрылуу керек. Оорулууну багуу макаласын караңыз.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8