Палестина боштондук кыймылы

Википедия дан

Палестина боштондук кыймылы - 1948-жылы Израиль мамлекетинин негизделиши менен дароо башталган Араб-израиль согушунун натыйжасында Палестинанын бир бөлүгү Израилге өткөн жана ал жерден ажыраган миллиондогон палестиналык араб качкындары (эмигранттары) Иордания, Ливан, Сирия жана Египет сыяктуу коңшулаш араб өлкөлөрүнө өтүп кетишкен жана ал жакта көп жылдардан бери лагерлерде оор шартта жашап келүүдө.

Бул эмигранттар араб өлкөлөрүнүн аркасы менен Палестинаны кайра куруу же болбосо бир бөлүк Палестина аймагына камтыган ушул аталыштагы көз карандысыз бир мамлекет куруу багытында Израиль менен куралдуу күрөшүүгө киришкен. Палестинанын келечеги жөнүндө ар түрдүү божомолдоолору бар көп түрдүү топтор жана уюмдардан түзүлгөн бул орток кыймылдын аты адатта «Палестина боштондук кыймылы» деп аталат. Кыймылдын куралдуу аракеттерин жүргүзгөн, жада калса күрөшүү усулу жана стратегиясы, ошондой эле ийгиликке жетишүү менен гана курулчу жаңы мамлекеттин ички чөйрөсү жана режими тууралуу ар түрдүү пикирдеги көп сандаган уюмдар бар. Булардын лидери Ясир Арафат ошол эле мезгилде эң күчтүү Ел-Фетих уюмунун да башкаруучусу.

Мындан башка күчтүү уюмдар төмөнкүлөр: Палестина Боштондук Калк Фронту, Палестина Боштондук Калк Демократ Фронту, Араб Боштондук Фронту, Саика Уюму, Кара Сентябрь Уюму жана башкалар. Палестинаны бошотуу үчүн түзүлгөн бул уюмдардын өкүлдөрү биригип, Палестина Боштондук Уюму деген ысым алган. Бул уюмдар боштондук кыймылын жүргүзүү үчүн командо деп аталган согушуу ыкмасын колдонууда жана куралдуу күчтөрдүн жардамы менен дале тирешүүнү улантууда. Мындан сырткары жогорудагы уюмдардын өкүлдөрү катышып туруучу жана көпчүлүк учурда Каирде болуп өтүүчү жыйналышты уюштурган Палестина Улуттук Кеңеши аттуу орган ошол эле мезгилде тирешүү кыймылдарынын чечимдерин чыгарат жана Палестина Башкаруу Кеңешинин мүчөлөрүн тандайт. Бул орган маанилүү органдардын бири болуп эсептелет.

1974-жылдын күз айларында БУУнун Башкы Кеңешмесинде Палестина Боштондук Уюмунун лидери Ясир Арафатка сөз берилип, Палестина мамлекет башчысы деп таанылган. Алынган чечим менен Палестина калкынын өз тагдырын көз карандысыз жашоо укуктуулугу кабыл алынып, БУУнун жыйындарында жана адистешүү курулуштарында палестиналыктардын да байкоочу катары катышуусу жөнүндө чечим чыгарылган. 1979-жылдан тартып Түркия Палестина Боштондук Уюму менен дипломатиялык мамиледе боло баштаган жана ал уюмдун Анкарада өкүлчүлүгү ачылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9