Панетий

Wikipedia дан
Панетий

Кыскача өмүр баяны[оңдоо]

Панетий (Х.Т.ч. 185—110-ж.ченде) — байыркы грек философу, рим стоицизминин — Орто Стоинин башкы өкүлү. Родосто туулуп-өскөн, тектүү үй-бүлөдөн чыккан, жаш кезинде Селевкилик стоик Диогендин дарсын уккан. Ал көп чыгармаларды жазган, бирок алардан анча көп эмес үзүндүлөр гана сакталып калган. Панетийдин көз карашына мүнөздүү нерсе стоицизмге платонизмдин жана аристотелизмдин идеяларынын кириши болуп саналат. Ал байыркы стоиктердин аша чапкан ортодоксалдык ой-пикирлеринен баш тартып, стоицизмдин кээ бир жоболоруна олуттуу даражада өзгөртүү киргизген.

Панетий физикасы[оңдоо]

Панетий өзүнүн физикасында дүйнөнүн от болуп жанып, андан кийин кайрадан өчүп турары жана мындай жанып-өчүү мезгил мезгили менен кайталанып турары жөнүндөгү окуудан баш тартат. Дүйнө түбөлүктүү бар болуп турат жана ал эч качан жок болуп кетпейт. Адам турмушундагы тагдырдын ролун таануудан баш тартып, адамдын активдүү ишмерлигин байлап-матап турган катуу детерминизмди четке кагат. Ал байыркы стоиктерден айырмаланып, пайгамбарчылыктын, келечекти алдын ала айтуунун мүмкүнчүлүгүнөн шек санаган. Алыскы жылдыздар адамдын тагдырына эч кандай таасир бере албайт деп эсептеп, астрологияны четке каккан.
Биринчи орунга милдеттүүлүктү жана катаал парзды койгон байыркы стоиктерден айырмаланып, Панетий адеп-ахлактык, турмушта ракаттануунун маанилүү роль ойной тургандыгын тааныган. Ал адамды бирдиктүү, эң ажайып, бардык жагы төп келген жан катарында карайт. Байыркы стоиктер адамда дене менен жандын өз ара күрөшүн таанышкан. Бирок, Панетийдин байыркы стоиктердин көз караштарын белгилүү бир даражада кабыл албаганы стоикалык окуудан олуттуу четтегендикти билдирбейт, ал жөн гана стоицизмдин аша кеткен догматикалык жоболорунун айрым жерлерин жумшартууга аракеттенген.

Панетий этика жана пайдалуулук түшүнүктөрү[оңдоо]

Панетий этика жана пайдалуулук түшүнүктөрүн байланыштырат, мында ал биринчилик маанини акыл-эске таандык кылат. Адамдын жеке ишкерлигине чоң маани берген, акыл-эстүү жана жакшы маанайдагы адам турмуштагы күрөштө калгандардын баарысын жеңип чыга алат.
Панетий стоиктердин жакшылыктар жөнүндөгү окуусуна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизген. Жаратылыштын мыйзамы боюнча жашоо керек деп эсептейт. Ыракаттануу ал үчүн табийгый жана табийгый эмес болуп айырмаланат. Бактылуу болуу үчүн бир гана жакшылык иштер жетишсиздик кылат, ал үчүн «ден соолук да, акча чыгымдары да, күч да керек» деп эсептейт.

Панетийдин социалдык-саясый көз караштары[оңдоо]

Панетийдин социалдык-саясый көз караштары демократияны, монархияны жана аристократияны айкалыштырууну талап кылгандыгы менен айырмаланат. Бул байыркы стоиктердин абсолюттук аристократизмине карама-каршы келген. Динди ал: мамлекеттик, философиялык жана поэтикалык деп үч түргө бөлөт. Мамлекеттик динди таанып, ал адамдарды тарбиялайт деп эсептеген. Динди философиялык түшүнүүгө келсек, муну ал аллегория деп аныктаган. Ал эми поэтикалык дин дегенибиз, Панетийдин пикири боюнча, жалганчылык.
Панетийдин көз караштары, стоицизмдин негизги жоболорун тутуу менен бирге эле эллин философиясынын башкы тенденциясын: жашоо-турмуштун ыракатчылыгына (тагдырга баш ийүүгө гана эмес) чакырган жобосун да коргоого болорун көрсөтүп турат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8