Стоицизм

Википедия дан

Стоицизм б. з. ч. 300-ж. Байыркы Грецияда, Афинада биринчилерден жайгашкан Китиондук Зенон негиздеген. Философиялык мектеп аты ал орун алган жердин атынан — Стоа Пойкиле (грекчеси στοά ποικίλη "кооздолгон портик") деген сөздөн алынган. Портик (лат. porticus) — жабык галерея дегенди түшүндүрөт. Илимий адабиятта стоицизмдин баскычтарын айырмалоо кабыл алынган. Байыркы Стоа (б. з. ч. 3–2-к..) Китиондук Зенон, Клеанф, Хриапп жана анын окуучулары; Орто Стоа (б. з. ч. 2–1-к.) Панеций Посидоний жана кеч Стоа (рим стоя) – Сенека, Мусоний, Руф, Эпиктет, Герокл, Стоик Марк Аврелий) ж. б. болгон.

Стоикалык философия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Китиондук Зенон узак жашап өткөн. Кээ бир маалыматтар боюнча ал тамак-аштан баш тартып, ачкадан өлгөн. Көптөгөн чыгармаларды жазган, бирок алардын көпчүлүгүнөн үзүндүлөр же аттары гана калган. Ошондой эле стоицизмдин башка өкүлдөрүнүн чыгармаларынан да: мектепти ортодоксалдык духта катуу башкарып, жүз жылга жакын жашап, өзүн өзү өлтүргөн (атайылап тамактан баш тартып, ачка болуу менен) Клеанфанын (234—142); (281/277— 208/205-жылдары ченде) жашап, уламышка караганда өтө ачыган вино ичкенденби, же боору эзилгенче күлгөндөнбү, өз ажалынан өлгөн Хрисипптин чыгармаларынан да аз калган.

Стоикалык философиянын үч бөлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Диоген Лаэртский стоикалык философиянын көз караштарын бүтүнү менен жана бардык стоиктерди бирге алып баяндайт.

Стоикалык философиянын системасы үч бөлүктөн: логикадан, физикадан жана этикадан түзүлөт. Зенон жана башка стоиктер философияны же организм менен, же бак менен, же жумуртка менен салыштырышат. Философияны жумуртка менен салыштырып, алар жумуртканын сарысы — этика, агы — физика, кабыгы — логика дешкен. Ал эми аны организм менен салыштырышып, тарамыштар менен сөөктөр — логикага, эт — этикага, жан — физикага туура келет деп эсептешкен. Стоиктердин пикири боюнча, философиянын үч бөлүгү тең талдап карап чыгууга татыктуу, анткени логика системаны бекемдөөгө, физика — жаратылыш жөнүндө билимдерди берүүгө, этика болсо «жаратылышка ылайык» жашоого мүмкүндүк берүүгө тийиш.

Логиканын маселелерин иштеп чыгуу аристотелдик логиканын таасири тарап жаткан мезгилге туура келген. Өзүнүн логикасында Зенон баарынан мурда ой-пикирди билдире турган форма катарында тилге, сөзгө кайрылат. Логика аңгемелешүү баш ийе турган эрежелерди иштеп чыгуучу риторикага жана байланыштырып ырааттуу баяндоо эрежелерин иштеп чыгуучу диалектикага бөлүнөт. Диалектика өз учурунда «белгилене» тургандарды иликтей турган логикага жана сөздөрдү же «белгилөөчүлөрдү» иликтей турган грамматикага бөлүнүп кетет.

Стоиктердин философиясына байланыштуу түшүнүктөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кудай тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кудайды алар жаратылыш менен куюлушуп турган, материя менен аралашып турган нерсе катарында пантеисттик көз карашта түшүнгөн. Ошол эле убакта Кудай түбөлүктүү, ал дүйнө өлүп бүткөндө да жашоосун уланта берет. Стоиктер үчүн Кудай дүйнөлүк акыл-эс, дүйнөлүк рух, пневма. Бул пневма аба менен оттун физикалык аралашмасынан турат. Отко өзгөчө маани беришкен жана пневмада от канчалык көп болсо ал ошончолук көбүрөөк рухка ээ. Пневма — космостун логосу, анда (логосто) бардык нерселердин уругу камтылып турат. Кудай өзүнчө бир «сперматикалык логос». Ал — өзүнө таандык болгон активдүү негиз тарабындагы космос. Плотин стоиктер үчүн «Кудайдын өзү белгилүү бир абалда болгон материянын эле өзү» деп жазган.

Жан тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жан стоиктер үчүн өзүнүн бөлүктөрүнө ээ болгон, «жылуу жана оттуу пневма» катарында элестетилген. Стоиктер жандын бардыгы болуп 8 бөлүгү бар экенин санап чыгышкан, буга башкы активдүү бөлүк, беш сезим, сөз жөндөмү, сперматикалык негиз кирет. Жандын башкы активдүү бөлүгү кабылдоо, макулдук, каалоо, акыл-эс жөндөмдүүлүгүнөн көрүнөт. Диоген Лаэртский мындай деп жазат: стоиктер «жан — бул биздеги тубаса дем, ошондуктан ал тело да болуп эсептелет жана өлгөндөн кийин жашап кала берет; бирок да ал бузулууга дуушар болот, бөлүкчөлөрү жандуу нерселердин жаны болгон бир бүтүндүк гана бузулбайт (VII, 156). Ошентип, стоиктердин жан жөнүндөгү теориясы өзүнүн негизденген жоболору боюнча акыры келип жандын өлбөстүгүн моюнга алат, бул учурда жан «бүтүндүн жаны», башкача айткандаКудайдын жаны катарында чыгат. Стоиктердин теологиясында да карама-каршылык бар, анткени, бир жагынан, материя Кудай менен аралашып турат деп тааныса, экинчи жагынан, дүйнө дүйнөлүк өрттө өрттөнүп жок болгондон кийин Кудай жашоосун уланта берет дешет. Стоиктердин оюна ылайык, Кудай жашап турат жана алар Анын жашап турганын логикалык аргументтер аркылуу далилдешет.

Стоицизмдин негизги милдети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стоицизм философиянын негизги милдети бытиенин, натурфилософиянын, космологиянын проблемаларын же тааным жөнүндөгү окууну изилдөө эмес, этикалык проблемаларды изилдөө болуп калган учурда пайда болгон. Этиканын башкы милдети эң башкы жыргалчылык эмнеде турат? деген маселени изилдөө болгон. Бул суроого стоицизм көптөгөн башка антик ойчулдарындай эле: бактылуу болууда деп жооп берет. Бакытты Зенон жаратылыш менен макулдукта жашоо деп түшүнгөн, бул болсо жакшылык максаттардын урматы үчүн жашоо дегенди билдирген. Ал эми жакшылык дегенибиз — акыл-эстүүлүк менен иштелген нерселер. Жамандык болсо — жакшылыкка карама-каршы нерсе, кемчилик. Жакшылык менен кемчиликтен башкалардын баары орто заар (адиафора) нерселерге таандык. Жакшылык жана жамандыкты адам өз ыктыяры менен тандап алат. Ошол эле убакта стоиктер жаратылышта бардык нерсе ырааттуу зарылдыкка баш ийип, дүйнөнү тагдыр башкарып турат деп эсептешкен. Мына ушундан улам эркиндик дегенибиз, темирдей бекем зарылдык үстөмдүк кылып турган соң жакшылык менен жамандыктын ортосунда тандоо дегенибиз кандайча мүмкүн болот? деген суроо келип чыккан. Стоицизмдин көз карашы боюнча адам өз тагдырына эрдик жана туруктуулук менен баш ийүүгө тийиш, анткени тагдырга каршы туруу маанисиз иш. Адам өзүнүн колу жетпес нерсеге умтулбаш керек. Ошондуктан стоиктин идеалы тагдырга баш ийип, тынч (атараксия) отуруу же башка түшкөн балаага чыдоо (анатея). Стоик акылманынын бактысы «анын эч кандай бакытты каалабагандыгында».

Жакшылыктардын бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бардык жыргалды стоиктер төрт жакшылыкка бөлөт, алар: акыл-эстүүлук, аша кетпөөчүлүк, адилеттүүлүк, эрдик. Жамандык болсо — жакшылыкка карама-каршы турган кемчиликтер: акылсыздык, аша кетүүчүлүк, адилетсиздик, коркоктук. Жакшылыктар менен жамандыктардын аралыгында бардык бизге көз каранды болбогон нерселер, башкача айткандабизге кайдыгер нерселер, атап айтканда жашоо жана өлүм, даңк жана даңксыздык, эмгек жана ыракаттануу, байлык жана кедейлик, оору жана ден соолук турат.
Жакшылык менен жамандыктын ортосунда, стоиктердин пикири боюнча, орто аралык абал жок. Бардык адамдар жакшы же жаман. Стоиктер бардык адамдарды акылдууларга жана акылсыздарга бөлөт: Акылдуу бардык жакшылыктарга ээ, ал бактылуу жана эркин, акылсыз болсо кемчилиги көп, аянычтуу жан. Жакшылык менен жамандыктын, акылдуу менен акылсыздын ортосунда орто аралык абалда болгон нерсенин жоктугун айтышса да, стоиктер өркүндөө деген түшүнүктү киргизишет. Бирок өркүндөп жаткан адамдар да, стоиктердин пикири боюнча, чыныгы акылдуу менен салыштырганда баары бир акылсыз жана аянычтуу.

Кумарлык теория[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Стоицизм үчүн кумарсыздык (атараксия) ыракатка алып баруучу жол болгон, ошондуктан алар кумарлык теориясын биринчи болуп иштеп чыгышкан. Алар үчүн кумарлык оң жана тетири кумарлык болуп экиге бөлүнгөн. Оң кумарлыктар — бул кубаныч, сактык, эрк. Терс кумарлыктар — кайгы, коркунуч, суктануу, ырахаттануу. Стоиктер ашкере гедонисттердин (киренаиктердин) да, ошондой эле орто заар гедонисттердин (эпикурейчилердин) да позициясын жактаган эмес. Ошондуктан алар адам ырахаттанууга эмес, өзүн өзү сактоого умтулат жана бул жаратылыш менен толук макулдукта жашаганда гана мүмкүн деп эсептешкен.
Стоиктердин позициясы кумарлык менен күрөшүү жана жагымсыз, терс эмоцияларга оң эмоцияларды карама-каршы коюу, мисалы, коркунучка — этияттыкты, көз артуучулукка — эркти каршы коюу болгон. Стоиктер ар кандай адептик жана физикалык баалуулуктарды барк алышпаса да, аларды адамча мамиле кылууга арзыбай турган айбандык сезимдер катарында карашкан. Алардын көз карашы боюнча, башкы нерсе — биздин өзүбүзгө карата жана дүйнөгө карата болгон эмоциялык мамилебиз, чыныгы жакшылыктар менен жамандыктар бар экенин түшүнүү. Дагы бир билип коё турган нерсе, жакшылык менен жамандыктын ортосунда адамдын эркине байланыштуу болбогон, адеп жагынан алганда бейтарап турган тилке жатат. Ошондуктан аны ал кандай болсо ошондой калыбында кабыл алуу керек,анткени аны өзгөртүүгө биздин эркибиз жок. Стоиктердин этикасындагы башкы нерсе биздин турмушубуздун ар кандай жагдай-шарткырдаалдары биздин өзүбүзгө көз каранды эмес, бизге байланыштуу болгон нерсе — биздин ошол нерселерге карата болгон мамилебиз гана деген көз караш.

Эркиндик түшүнүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бардык жогоруда айтылгандардан стоиктердин эркиндик дегенди кандайча түшүнө тургандыгы көрүнүп турат. Стоиктер эркиндик таанылып-билинген зарылдык деген идеянын (бул идея андан ары бир кыйла өнүгүүгө ээ болгон) негизин даярдагандар болуп саналат. Ушундан улам стоиктер пассивдүүлүктү үгүттөшкөн, мында адам өзүнүн айланасында болуп жаткан баардык нерселерге кайыл.
Бирок стоиктер өздөрүнүн автаркиясына (дүйнөдөн аша кечүүчүлүк) карабастан социалдык баалуулуктарды танган эмес. Алар үй-бүлө, мамлекет жана башкаларсоциалдык институттардын адам турмушундагы маанисин таанышкан. Ал гана эмес, алар адамдар өзүнүн жаратылышы боюнча бирдиктүү жана өздөрүн ажыратып турган баардык тоскоолдуктарды жеңип чыгып, өзүнчө бир космостук бир туугандаштыка, космополитизмге келүүлөр тийиш деп эсептешип, адамдарды социалдык биримдикке чакырышкан. Зенондун пикири боюнча, «Космос — бирдиктүү мамлекеттик түзүлүш жана бирдиктүү мыйзамдары бар зор мамлекет. Табийгый акыл-эс эмнени иштөө керек экенин көрсөтүп, иштелбей турган нерселерге тыюу салып турат». Ушундан улам Зенон аялдардын жалпыга бирдей аял болушун, шаарларда храмдарды курууга тыюу салууну, акчаны жоюуну сунуш кылган. Бул окууда Платондон кийин тоталитардык мамлекеттин дагы бир түрү пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8