Паранефрит

Википедия дан
Паранефрит

Паранефритбөйрөк майдын сезгенип, ириңдеши.

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Паранефриттин эки түрү бар.

  • Биринчи түрүндө бөйрөк сезгенбейт, ага организмдеги ириңдүү дарттардан (сыздоок, чыйкан, күйдүргү, кулгуна, көбүргөн, тамактын, тиштин, жыныс органдарынын ириңдүү сезгениши) ар түрдүү микробдор (стафилококк, стрептококк, ичеги микробу жана башка лар) кан аркылуу бөйрөк майга тарашы себеп болот.
  • Паранефриттин экинчи түрүн бөйрөктүн өзүнүн ириңдүү оорусу же өпкөнүн, боордун, сокур ичегинин, табарсыктын, жатындын, бел омурткаларынын ириңдүү оорулары пайда кылат. Паранефритте бел, бөйрөк туш ооруйт, дене ысыйт (39—40°, чыйрыгат, алсырайт, оору басканда, кыймылдоодо, бутту сунганда күчөйт. Бөйрөк майдын арткы капталы ириңдегенде, бел туш кызарып, шишип чыгат.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоону дарыгер жүргүзөт. Өз алдынча, дарыгердин кеңешисиз дарылануу өмүр үчүн коркунучтуу. Паранефритти алдын алууда ириңдүү дарттарды өз убагында дарылоо керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8