Парменид

Википедия дан
Парменид

Парменид (Х.Т.ч. 540—470-ж.ченде) — элей мектебинин башкы өкүлү. Ал Ксенофандын досу жана шакирти, ошондой эле Анаксимандрдын шакирти деп да эсептелинет.

Пармениддин окуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пармениддин окуусу байыркы грек философиясында айлана-чөйрөдөгү дүйнөнү, жаратылышты метафизикалык түшүнүүнү баяндоого жасалган алгачкы аракет болуп саналат. Бытиенин мүнөздүү белгиси анын кыймылсыздыгы жана өзгөрүлбөстүгү деп эсептейт ал, анын жаралып, кайра жок болуп кетерин билдирген белгилер жок. Бул жерде Пармениддин позициясы Гераклиттин көз карашына карама-каршы келет. Парменид жактаган дүйнөнүн сүрөтү сезим органдарынын берген маалыматтарына ишенбөөчүлүктөн келип пайда болгон.

«Жаратылыш жөнүндө» поэмасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Парменид жазган «Жаратылыш жөнүндө» деген философиялык поэмадан 160га жакын гана ыр сакталып калган, поэма эки бөлүктөн турат: «акыйкат жолу» жана «ой-пикирлердин жолу». Ой-пикирлердин жолу — бул сезимдик көрүнүштөр, дүйнөнү нерселердин өзгөрүлмөлүүлүгүн, алардын пайда болуп жана жок болуп турарын кабылдоочу сезим органдарынын маалыматтарына гана таянып түшүндүрүүчү ык. «Акыйкат жолунда» бул касиеттер четке кагылат, акыйкат жолу бизди акыл-эс менен аңдалып билине турган дүйнөгө алып барат. Сезимдик жана рационалдык таанымды айырмалап, Парменид, акыл-эс сезимден жогору турат деп эсептейт.

Бытие тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сезим органдарынын маалыматтары көп учурда бизди алдап коёт, демек сезимдер анык билимдерди бере албайт. Анык жана талашсыз акыйкатка акыл-эс, акыл менен ой жүгүртүү гана алып бара алат. Ошондуктан акыл-эсте ой жүгүртүлгөндөр гана, анын пикири боюнча, бытиелик нерселер болуп саналат. Сезим кабылдоолорун Парменид бытиеге карама-каршы коёт. Пармениддин ой-пикирлер жолу жана акыйкат жолу бизге дүйнөнүн эки сүрөтүн: бирбүтүн жана түбөлүктүү бытие дүйнөсүнүн жана ой-пикирлердин дүйнөсү сымалдын сүрөтүн берет.
Жогоруда айтылгандардан Пармениддин философиясында рационализмдин агымы канчалык күчтүү экендиги көрүнүп турат. Анын пикири боюнча, ой — бул предмет жөнүндөгү ой. Ойломду, биз бытие эмес нерсе жөнүндө ойлонуп жатканыбызда да бытиеден бөлүүгө болбойт. Бирок, Парменид үчүн чындыгында бытие эмес нерсе жок, анткени бытие эмес нерсе — бул боштук, бош мейкиндик, демек, бытие эмес нерселер жок болсо, анда бош мейкиндик да болбойт, баардыгы нерселер менен толтурулган. Мындан төмөнкүдөй корутунду келип чыгат: эгерде бүткүл дүйнө, бүткүл мейкиндик нерселер менен толуп турган болсо, анда эч кандай көп сандаган нерселер да болушу мүмкүн эмес, анткени алардын ортосунда бир нерсени экинчи бир нерседен бөлүп турган бош аралыктар жок. Бул окуу дүйнөдө боштуктар (башкача айткандааба) бар деген Пифагорго каршы багытталган.

Пармениддин философиясынын баалуулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

анын сезимдик жана рационалдык таанымды ажыратып бөлгөндүгүндө, анын анык жана анык эмес билимдер («ой-пикирлер жолу») жөнүндөгү түшүнүгүндө турат. Анын бул идеялары андан ары олуттуу даражада өнүктүрүлүп, азыркы мезгилге чейинки бир катар философиялык мектептерге таасирин тийгизген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine