Пентандар

Википедия дан

Пентандар – ациклдүү каныккан углеводороддор. Жалпы формуласы С5Н12. Мол. масс. 72,146; 3 изомери бар: н-пентан, изопентан жана неопентан. Нормалдуу пентан СН3-(СН2)3-СН3, балкып эрүү t -129,724оС, кайноо t 36,07о. Неопентан (2,2-диметилпропан) (СН3)2С(СН3)2, түссүз суюктук; балкып эрүү t -165,5о ; кайноо t 9,5 оС о. с. 83. Изопентан балкып эрүү t -159,9оС, кайноо t 27,9оС. П. жаратылыш газынан бөлүнгөн конденсаттар, бензиндер, нефтилер, чайырлар, СО2 жана суутек Фишер-Тропш методу менен синтезделген углеводороддо көп болот. Лаб-яда П. н-амил-спиртинин дегидратациясынан алынган н-амиленди гидрирлеп же нормалдуу чектүү углеводород алуу үчүн жалпы реакциялар менен синтезделинет. П. химимялык  касиеттери парафин углеводороддор касиеттерине окшош. П. пиролиздегенде этилен жана пропилен алынат. Aлюмоплатиналуу катализаторлор катышуусунда, П. изопентанга изомерленет. Неопентан башка изомерлерге салыштырмалуу окистенүүгө туруктуу, 2,2-дихлорпропан менен цинкдиметилден синтездесе болот:

(СН3)2ССl2 + Zn(CH3)2®(CH3)2C(CH3)2+ ZnCl2

Изопентан изопренди синтездөөдөгү баштапкы сырье болуп эсептелет. П. жогорку температурада хром катализаторунун катышуусунда, амилендер аралашмасын гидрирлөөдөн алынат. П. хлорлоо өнөр жайда алынган хлорпентанды амил спирттерине жана эфирлерине айландыруу, амилфенолду жана циклопентадиенди алуу максаты менен жүрөт. П. орг синтездерде жана эриткичтер катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]