Пикир жана билим философилык сөздөр

Википедия дан

Пикир жана илим байыркы гректердин таануу теориясынын категориялары болуп, айрыкча элей мектеби менен платонизмде көп колдонулган. Пикир антика философиясында такталбаган, субъективдүү, аныкталган акыйкат билимден айырмалуу билимди түшүндүргөн. Элеаттар рационалдуу таанууга негизделген чындыкты чектейт, жана Пикир нерселердин көрүнүшү менен гана тааныштыруучу сезим-туюмдук кабыл алууга негизделген деп эсептешкен. Атомисттер атомдор жана боштуктар гана болот, пикир сезип-туйган кубулуштардын адамга келген «образдардын» эле натыйжасы дешет.

Софисттер Пикир менен Билимдин ортосунда чекти жоготуп, кимге кандай сезилсе, ал ошондой деп ашынган субъективизм менен релятивизмге жол беришкен. Платон Пирдиди предмети рухий маңыз болгон Билимден айырмаланып, болжоп табуу менен ишенимге бөлүнгөн сезим туюмдук нерселерге бөлөт.

Аристотелде пикир таанымдын эмпирикалык методу, кокустук жана жекеге гана таандык болгондуктан, предметтик мазмуну жалганга айланганга чейин барат. Аристотель пикирди предмети зарыл жана бүткүл жалпы болгон илимий билимден айырмалайт. Күндөлүк түшүнүктө пикир тигил же бул маселе боюча айрым адамдын, топтун жана кеңирирээк чөйрөнүн көз карашы.

Билим дүйнөнү таанып билүү процессинин коомдук-тарыхый тажрыйбада текшерилген жана логика күбөлөгөн натыйжасынын адамдын аң-сезиминде элестөө, түшүнүк, корутунду, теория түрүндө адекваттуу чагылышы. Билим адамдардын коомдук материалдык жана руханий ишмердигинин жемиши; дүйнөнүн, жаратылыш менен адамдын объективдүү касиеттеринин жана байланыштарынын идеалдуу белги түрүндө туюндурулушу. Билим салыштырма жана абсолюттук чындыктын диалектикасын чагылдыруу менен ар түрдүү аныктыкта, көп деңгээлдүү, татаал мүнөзгө ээ болуп, маданиятынын тарыхынын жана жеке инсандын индивидуалдуу өнүгүү процессинде өсөт.

Билим илимге чейинки, турмуштук жана илимий болушу мүмкүн. Илимий Билим өз кезинде эмпирикалык жана теориялык болуп бөлүнөт. Коомдо дүйнөнү өздөш-түрүүнүн өзгөчө жолу иретиндеги мифологиялык, көркөм жана диндик жана башка бар.

Колдонулган адабиятта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8