Плотин

Wikipedia дан
Plotinos.jpg

Плотин (204—270) —платонизмдин, негизинде платонизмди аристотелизм менен макулдаштыруу талабы, руханий башталманын бирдиктүүлүк принциби жаткан агымдын негизги баштоочусу катарында таанылган.

Чыгармачыл жолу[оңдоо]

Адегенде Плотин оозеки сабак берген, кийин жетилген курагында гана өз ойлорун жаза баштайт. Порфирий Плотиндин бардык чыгармаларын ирээтке алып, аларды ар бирин тогуз чыгармадан турган алты топко бөлөт, ошондуктан алар «Эннеадалар» — деп аталып калат (грекче тогуз — «эннеада») Плотиндин окуусуна ылайык бытиенин структурасы төмөнкүчө түрдө көрүнөт: ал үч субстанциянын — Бүтүндүн, Акылдын жана Жандын иерархиясы болуп саналат. Бүтүндүккө эң жогорку орун таандык. Бүтүндүк түшүнүгү — Плотиндин системасында башкы нерсе. Бүтүндүк — бул түпнегиз, анын чеги да, формасы (сын-сыпаты) да жок, аны кандайдыр бир аныктоого да мүмкүн эмес, ал бардык бар болуп тургандардан жана акыл-эстен жогору турат. Плотин мындай деп жазат: «Бүтүндүк табияты бардык нерселерди жараткан соң, ал бүтүндүк ошол жаралгандардын бири эмес. Демек, ал сапат да, сан да, жан да, дух да эмес. Ал кыймылдайт жана кыймылдабайт да, ал мейкиндикте же убакытта да жок, ал таптакыр бир тектүү, а түгүл ал тектен тышкары жана ар кандай тектен мурда эле, кыймылдан жана кыймылсыздыктан мурда эле бар болуп турган. Анткени, мындай касиет түпнегизге гана таандык жана аны көптүккө айландырат» [Эннеадалар. VI. 9, 3].
Ошентип, Бүтүндүктүн бардык предикаттары терс болуп чыкты, бирок аны кантип таанып-билүүгө болот? Плотин Бүтүндүктү өзгөчө кунт аркылуу — таанылып-билине турган обьектини үңүлө байкоо (созерцание) аркылуу таанып-билүүгө болот деп эсептейт.

Акыл субстанциясы[оңдоо]

Акыл — Плотиндин иерархиясында экинчи субстанция. Бүтүндүк ашып-ташып төгүлүп, өз чегинен чыгып кеткенде Акыл жаралат. Ошентип, экинчи бытие пайда болот, бирок муну менен бирге Бүтүндүк өзүнүн толуктугун жоготпой Бүтүн бойдон кала берет. Акыл — ошол эле платондук идеялардын дүйнөсү. Плотин мындай деп жазат: «Идея бир эле убакытта Акылдын ою да, же Акылдын өзү жана ойлоочу маңызы, ар бир идея Акылдан айырмаланбайт, бирок Акыл болуп саналат. Акыл — бир бүтүндүктө алынганда бардык идеялардын жыйындысы» [V. 9,8]. Плотин Акылда төмөнкүлөрдү айырмалап бөлөт: нерселик (бирок бул материалдык нерсе эмес, маңыздын формасы гана), ойломдук бытие (мыслимое бытие) жана ойломдун өзү. Үчүнчү субстанция Акылдан жаралат. Бул субстанция — Жан. Ал (Акыл) өркүндөп бүткөн кынтыксыз нерсе бөлгөн соң ал жаратууга тийиш, анткени мындай толукшуган күч жаратпай тура албайт [V. 1, 7].

Плотиндин окуусу[оңдоо]

Жан, Плотиндин окуусуна ылайык, «бардык жандуу нерселерге жан киргизип, — жердеги жана деңиздегилерди да, абадагыларды да, асмандагы ажайып жылдыздарды да» жараткан, ошол эле Жан Күндү, улуу асманды да жаратып, аны тартипке келтирип, жасалгалаган» [Эннеадалар. V. 1, 3]. Бардык айрым жеке жандар теңирлик негиз болгон Жандан жаралат. Жан дайыма бөлүнбөй бир бүтүн бойдон кала берет жана дененин бардык бөлүгүндө бар болуп турат.

Материя жөнүндө[оңдоо]

Дүйнөнүн пайда болушу жөнүндөгү маселени карап отуруп, Плотин материя жөнүндө кеп салат, ал материяны кандайдыр бир сапаттан ажыраган, белгисиз, недир бир субстрат катарында түшүнөт. Материя формадан, сулуулуктан да ажыраган, ошондуктан ал жамандык башталыштын өзү. Космологияда Плотин асман жылдыздарында акыл-эс бар деген пикирди туткан. А түгүл биздин Жерге да жан киргизилген.
Плотин боюнча, адамдын жаны теңирлик Жан менен да, сезимдик дүйнө менен да байланышта болуп турат. Плотин үчүн жердеги жашоо-турмуштун максаты дене-бойдон баш тартып, түпкү жашоого — Акыл менен тыкыс байланышта болуп, идеяларды аңдап билип турган жашоо мезгилине кайтып баруу болуп саналат. Буга алып баруучу жол — адеп-актык жашоо-турмушту өркүндөтүү. Бардык сезимдик нерселерден баш тартууга жетише алган адамдардын жаны дене өлгөндөн кийин теңирлик жанга барып кошулат Плотиндин бытиенин структурасы жөнүндөгү окуусу Бир бүтүн Акылдын жаралышы жөнүндөгү окуу катарында көрүнөт. Бир бүтүн Акыл Жанды жаратат, ал эми Жан теңирлик жана жердик жандардан турат. Плотиндин терминологиясы боюнча бул жаралуу Бирбүтүндүктүн толукшуп ашып-ташып, агылып-төгүлүшү, эманациясы катарында түшүнүлөт. Бирок бул материалдык эманация эмес. Анткени, идеялар өзгөчө, акыл менен таанылып-билине турган өз материясына ээ, ал эми эманация-идеалдык нерсенин материалдык нерсеге өтүшү болуп саналат.

Теориясы[оңдоо]

Плотиндин теориясы — жаралуу процессинин кайра жогору кайтуу процесси менен алмашылышын да болжолдойт, материалдык нерселер ырааты менен алмашылуучу негиздер — Жан, Акыл аркылуу Бүтүндүккө кайтып барат. Бул жогору кайтуу процессинде Плотин жеке бирдиктен жалпыга карай жолду белгилейт. Бирок Плотиндин диалектикасы мистикалык мүнөзгө ээ, анын рационалдык маңызы жок.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8