Пункция

Википедия дан
Люмбалдык пункция жүргүзүү.

Пункция (лат. punctio — саюу) — ооруну дарылоо жана диагнозун коюу максатында денедеги кандайдыр бир көңдөйдүн капталын (мисалы, плевралык), муунду, кан тамырды, органды көңдөй ийне менен саюу.

Пункция жүрүгүзү.

Диагностикалык пункция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Диагностикалык пункция көңдөйдүн ичиндегисин, оорулуу органдан алынган клетканы изилдөөдө, ооруну аныктоодо, түрдүү контрасттуу заттарды көңдөйгө жиберип рентгендик изилдөө жүргүзүүдө колдонулат.

Дарылоочу пункция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоочу пункцияда ириң, кан толуп кеткен көңдөйлөр тазаланат жана түрдүү дары каражаттары куюлат. Ал венадан диагноз коюу үчүн кан алууда же дары куюуда; плевритте аба же газ киргизүү; курсакка толгон сууну, муунга чогулган кан, ириңди чыгарууда; жүлүн суюктугун алуу (менингитте) жана сеп алдыруучу каражаттарды куюу максатында колдонулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8