Радиобиология

Wikipedia дан
Радиобиология медицинада

Радиобиология — иондоштуруучу нурлардын тирүү организмге жана бүтүндөй биосферага тийгизген таасирин изилдөөчү илим.

Таасири[оңдоо]

Нурлар организмге таасир эткенде ткань заттары аларды өзүнө сиңирип, натыйжада организмдеги суу жана башка бирикмелердин молекулалары иондорго, башкача айтканда ар башка заряддагы бөлүкчөлөргө жана активдүү (зарядсыз) бош радикалдарга ажырайт. Натыйжада зат алмашуу бузулуп, уулуу заттар пайда болот да, ткандар жабыркайт, кээде өлөт. Нурдун таасирине жооп кайтарууда көпчүлүк ткандар жана органдар катышып, алардын түзүлүшү, функциясы өзгөрүлүп, организмдин тиричилик аракети бузулат. Иондоштуруучу нурдун таасиринен организмде болуучу өзгөрүүлөр нурдун дозасына, түрүнө (рентген, альфа-, бета-, гамма нурлары ар кандай биологиялык таасир берет), организмге таасир этүү жолдоруна (дем алуу, тамак сиңирүү жолдору, тери) жана башкага жараша болот.

Жыныс жана кан пайда кылуу клеткалары[оңдоо]

Организмде жыныс жана кан пайда кылуу клеткалары, ичке ичегинин эпителий клеткалары, эмбриондук жана жаш клеткалар, ошондой эле калыптанып жаткан мезгилдеги органдар иондоштуруучу нурларды өтө сезгич келет. Кишинин организмине иондоштуруучу нурлардын тийгизген таасири жана орган менен ткандагы өзгөрүүлөрдү медициналык радиология изилдейт.

Нур менен иштөөчү персонал[оңдоо]

Нур менен иштөөчү персоналга уруксат этилген өлчөмүн аныктоодо, ошондой эле атом станцияларында коргонуу чараларын уюштурууда, нурларды медициналык максатта пайдалануучу мекемелерде, түрдүү ооруларды дарылоодо нурдун дозасын жана анын ыкмаларын белгилөөдө радиобиологиянын маалыматтары колдонулат. Радиобиология радиоактивдүү изотоптор менен иштегенде коопсуздук техникасынын эрежелерин иштеп чыгат.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8