Тамак сиңирүү

Википедия дан
Тамак сиңирүүчү мүчөлөр.

Тамак сиңирүүорганизмге келген тамак-ашты сиңирүүгө жана заттардын алмашуусуна катышууга жөндөмдүү жөнөкөй заттарга ажыратуучу процесс.

Тамак сиңирүү процесси.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Майлар — глицерин, май кислоталарына, белоктор—аминокислоталарга, углеводдор — моносахариддерге чейин ажырайт. Тамак сиңирүү ичеги-карын жолдорунун ар кайсы бөлүктөрүндө ферменттердин жардамы менен жүрөт. Тамак сиңирүү тамак оозго киргенден башталат, анда тиштердин жардамы менен майдаланып, шилекейге аралашып, андагы амилаза менен мальтоза ферменттеринин таасиринен углеводдор ажырай баштайт. Чайналып, майдаланган тамак кызыл өңгөчкө кетет (Жутуу). Кызыл өңгөчтүн булчуңдарынын перистальтикасынын натыйжасында ал карынга кирет. Тамак ичкенден 6—8 мин. өткөндөн кийин ооздун былжыр челинин рецепторлорунун дүүлүгүүсүнөн рефлекс жолу менен карын зили чыгат. Карындын секрециясы бөтөн заттардын карынга киришинен да күчөйт. Керексиз бөтөн нерселер организмге киргенде ага ал кусуу менен жооп кайтарат. Тамак ичкенден кийин карындын кыймылы бир аз басаңдайт, тамак массасы карында 3төн 8—10 саатка чейин болот. Бул мөөнөттүн ичинде ал карын зили менен толук аралашат. Ал масса акырындап он эки эли ичегиге өтөт. Анда уйку безинин жана ичеги зилинин ферменттеринин таасиринен белоктор аминокислоталарга чейин ажырайт. Шилекейдин таасиринен чала ажыраган углеводдор да ажыроого учурайт. Майлар он эки эли ичегиде ошол зилдердин таасиринен жана өттүн жардамы менен бөлүнөт. Он эки эли ичегиден ичке ичегиге өтүп, ичегинин капталындагы аминопептидаза, фосфатаза жана башка ферменттердин таасири менен тамактын майдаланган бөлүктөрү сиңирилип канга жана лимфага өтүп, бүт денеге тарайт. Суу, глюкоза жана башкалар заттар анча-мынча ооздун ичинде, карында эле сиңирилет. Жөнөкөй заттар ичеги капталынан канга механикалык жол менен өтөт. Татаал заттар негизинен ичеги исиркектеринин клеткаларындагы атайын ташуучу молекулалардын жардамы менен канга жеткирилет. Тамактын сиңбегени, калдыктары ичке ичегинин перистальтикасынын натыйжасында жоон ичегиге жылат. Анда азык заттардын калдыктары акыркы жолу пайдаланылат: суу, минерал заттар сиңирилет. Калганынан заң түзүлүп, сиңбей калган заттар организмден сыртка чыгарылат.

Тамак сиңирүү татаал процесс, ал зат алмашуунун баштапкы этабы (Зат жана энергия алмашуу). Тамак сиңирүүдө боор менен уйку бези активдүү катышат.

Бузулуу себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тамак сиңирүү невроздордо, туура эмес, туш келди тамактанууда, алкоголдуу ичимдиктерди ичкенден, тамак сиңирүү органдарынын ооруларында (гельминтоздор, ич келте, вирустук гепатит жана башкалар), өзүн өзү дарылоодо бузулушу мүмкүн.

Тамак сиңирүү органдарынын ооруларын (Гастрит, Гастроэнтероколит, Жара оорусу, Колит, Вирустуу гепатит, Боордун циррозу, Холецистит, Энтерит).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8