Невроздор

Wikipedia дан
Невроз менен ооруган бала

Невроздор (жаңы латын тилинен neurosis, байыркы грек тилинен чыккан νεῦρον — нерв; синонимдер — психоневро́з, невроти́калык бузулуу) — нерв системасынын функциясынын бузулушу менен мүнөздөлгөн оорулар.

Невроз оорулары[оңдоо]

Ал өтө көп кезигүүчү оору. Азыр невроздордун ар кандай түрлөрү белгилүү, мисалы, неврастения, истерия жана жадатма абал.

Себептери[оңдоо]

Булар жогорку нерв ишине психикалык травманын таасиринен болот. Ага үй-бүлөдөгү чыр-чатак, кемсинтүү, жумуштагы келишпестик, өтө чарчоо жана башкалар себеп болот, ошондой эле көбүнчө нерв системасы начар, денеси чың эмес, ар кандай оору менен ооругандар, тамактануу, эмгек, эс алуу режимин бузгандар невроздорго тез чалдыгат. Баланы туура эмес тарбиялоо, анын кызыкчылыгын эске албай, жөндөн-жөн жемелөө анын өзүнө ишенчилигин кетирет. Же тескерисинче аны өтө эркелетип, ою менен болуп, өтө мактап, анын бардык талабын орундатып, көкөлөтүү да баланын психикасын бузат. Мындай балдар чоңойгондо турмуштун кыйынчылыгына чыдамсыз келишет. Баланы өтө катуу кармоо же өтө камкордук көрүү да мүнөзүнүн калыптанышына терс таасирин тийгизет. Айрым кишилер ар кандай кырдаалда невроздорго окшош абалда болушат, мисалы, маанилүү бир окуя алдында тынчы кетип, жүрөгү тез согуп, тердеп, денеси чымырайт жана өңү кубарат. Бул белгилер дени соо кишиде окуя болгондон кийин өтүп кетет. Ал эми невроздор менен ооруган кишиде мындай белгилер узакка чейин байкалат.

Жүрүшү[оңдоо]

Невроздор менен ооругандар психикалык оорулардан айырмаланып, өзүнүн кылык жоругун башкара алат жана айланасындагы окуяларды туура баамдайт. Невроздордо оорулуунун алы кетип, урушчаак болуп, уйкусу бузулуп, башы ооруйт жана көңүлү чөгөт. Невроздордо көбүнчө органдарды жөнгө салуунун бузулушунан анын функциясы начарлайт, мисалы, жүрөктүн тез согушу жана оорушу миокарддын инфарктынын белгисине, карындын спазмы жана оорушу рак оорусунун белгилерине окшоп сезилет. Ошондуктан мындай оорулуулар абдан коркуп, улам бир врачка кайрылат. Оорулуу психотерапевт, психиатр жана невропатологго кайрылып, убагында дарыланышы керек. Невроздордун кээ бир түрүндө оорулуунун тынчы кетип, курулай шектенип, ыргылжың тартып, тарынчаак жана эмоциялык туруксуз болуп кетет. Мындай өзгөрүүлөрдү калыбына келтирүү көп убакыт, аракет, чыдамкайлыкты талап кылат. Невроздорду психотерапиялык жол менен дарылайт. Айыктыруучу физкультура, массаж, ар кандай тынчтандыруучу ванна, курортто дарылануу сунуш кылынат. Невроздорду алдын алууда баарынан мурда психиканы жабыркатуучу таасирди токтотуу, үйдө жана жумушта жагымдуу психикалык шарт түзүү, аракечтик жана тамеки чегүү сыяктуу жаман адатты таштоо, эмгек жана эс алуу режимин туура сактоо керек. Организмди чыңдоонун, туура тарбия берүүнүр мааниси чоң.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8