Рид, Томас

Wikipedia дан
Рид, Томас

Рид, Томас (1710—1796) — шотландиялык философ, «жүйөлүү маани» философиясынын башкы өкүлү, Юмдун окуусун талдаган сынчы.

Кыскача өмүр баяны[оңдоо]

Томас Рид адегенде жамааттык поп, кийин окутуучулук кесипти тандап алат да, Абердиндеги жана Глазгодогу университеттердин профессору болгон. Бир нече философиялык чыгармаларды жазган, алар: «Жүйөлүү маани принцибине ылайык адам акылы жөнүндө изилдөө» (1764), «Адамдын интеллектуалдык жөндөмдүүлүгү жөнүндө тажрыйбалар» (1785), «Адамдын ишкерлик жөндөмдүүлүгү жөнүндө тажрыйбалар» (1788). Өзүнүн окуусунда Рид жүйөлүү маанини кадыресе түшүнүүдөн келип чыгат, бул англис тилинде — common sense деп айтылат. Жүйөлүү маани, деп жазат ал, биз менен дайым карым-катышта болгон адамдарга мүнөздүү болгон ой жүгүртүүнүн деңгээлин билдирет, ошондуктан ой-пикиринде жүйөлүү маани болгон адам акылэстүү адам болууга тийиш. Мындай адам үчүн жүйөлүү ой-пикир акыл-эстен жана акыл-эске негизденген философиядан маанилүүрөөк. Рид адамдарда стихиялуу түрдө калыптанган өзү жана дүйнө жөнүндөгү түшүнүктөрдү жогору баалайт.

Интуитивдик принциптер[оңдоо]

Рид, ошондой эле жүйөлүү маанидеги ой жүгүртүү илимдин белгилүү бир жоболору менен шайкеш келүүгө тийиш деп ойлойт. Илимдер бардык калган нерселер аныктала турган башкы принциптерге негизденет, бул принциптерди далилдөөчү принциптер эмес, интуитивдик принциптер десе болот. Бул принциптерден кандай гана шарттарда болбосун баш тартпоо керек.
Рид, «акыйкаттардын», принциптердин эки түрүн айырмалайт, ал акыйкаттар, принциптер өзүнөн өзү эле түшүнүктүү болуп турат жана бул принциптерге зарыл жана контингенттик билимдер негизденет. Зарыл принциптер дегенибиз — бул аналитикалык ой жүгүртүү, контингенттик принциптер дегенибиз — синтетикалык ой жүгүртүү. Зарыл принциптер илимдердин негизи катарында чыгат, ал эми контингенттик принциптер болсо карапайым адамдардын турмушунда чоң роль ойнойт. Контингенттик принциптер юмдук скептицизмди жокко чыгарат, анткени алар эч кандай далилдөөлөргө муктаж эмес, алар ошончолук жүйөлүү мааниге негизденгендиктен тубаса сапаттарга ээ.
М и с а л ы, Рид «менин инсандыгым» деген жобону контингенттик принциптер деп эсептейт. Биздин инсандыгыбыз окшош, аны биз ачык, так эскерип турганыбызда анын жашоосунда үзгүлтүк болбойт дейт ал. Зарыл принциптерге себептүүлүктү таандык кылат, себептүүлүктү далилдөөнүн кереги жок, ал буга муктаж да эмес, анткени ал талашсыз нерсе жана жалпылык мүнөзгө ээ.

Жүйөлүү маани теориясынын негиздери[оңдоо]

Риддин жүйөлүү маани теориясынын белгилүү бир негиздери бар, анткени жүйөлүү маани түшүнүктөрүндө чындыгында да адамдардын көп кылымдык тажрыйбасы чагылдырылган, ошондуктан алар өзүндө көптөгөн жоболордун акыйкаттуулугун камтып турат. Бирок Рид бул түшүнүктү абсолютташтырып жиберет да, көп учурда ал тажрыйбаны өзүнүн карама-каршысына айландырып коёт.
Рид адамдардын инстинктивдик көнүмүш адаттарын, адамдын жаратылышын негизинен тажрыйбалык принциптерге таяп түшүндүрүүгө көп көңүл бурат. Рид үчүн «жүйөлүү маани» дегенибиз — биздин акыл-эсибиздин өзгөчө интуитивдик касиети, ал өзүнөн өзү анык болгон, жасалма эмес принциптерге негизденген.

«Идеизм»[оңдоо]

Рид «идеизм» деп аталганга каршы чыгат, мында тааным процесси бир нерсе аркылуу — кандайдыр бир предметтин, мисалы Күндүн өкүлү катарында чыгуучу идеялар-образдар аркылуу түшүнүлөт. Бул образдан, идеядан Күндүн бар болуп жашап тургандыгы жөнүндө корутунду чыгарабыз. Идеянын өзү жөнүндө келсек философтордо күмөндүүлүк жок сыяктанат. Бирок дал ушунун өзү тажрыйбалык таанымга карата болгон скептицизмге алып келет. Рид мындай скептицизмге каршы чыгып, эгерде адамдар бардык нерселер жөнүндө күмөндөр боло беришсе жана өздөрүн скептиктердей алып жүрүшсө анда бул акылдан ажырагандыкка жана өлүмгө алып келер эле деп ырастайт.

Ошондой болсо да, скептицизмге терс мамиле жасоодо туура позицияда туруу менен бирге, Рид өзү да биздин өзүбүздү курчап турган дүйнөнү чагылдыра алууга болгон жөндөмдүүлүгүбүздү билдирүүчү сенсуалисттик мамилени четке кагат. Жүйөлүү маани түшүнүгүн туткан философтор, баарынан мурда Томас Рид рационализм менен эмпиризмдин ортосунда аралык позицияны ээлеп турушкан.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8