Дэвид Юм

Википедия дан
Дэвид Юм.

Дэвид Юм (1711—1776) — эң ири англис философу, тарыхчы, экономист жана публицист.

Шотландиялык дворян үй-бүлөсүндө, Эдинбургда туулган. Эдинбург университетинде кеңири юридикалык билим алган. Негизги философиялык эмгектери төмөнкүлөр: «Адамдын табияты жөнүндө трактат» (1739—1740), «Адам таанымы жөнүндө изилдөө» (1748), «Мораль принциптери жөнүндө изилдөө» (1751), «Эссе» (1752), «Диндин табийгый тарыхы» (1757). Ал адвокаттардын Единбург коомунун китепканачысы болуп иштөө менен сегиз томдон турган «Англиянын тарыхын» даярдаган.

Юм Локк жана Берклиден кийинки үч англиялык эмпириктердин акыркысы. Ал сенсуализм жагында Локктун багытын уланткан жана анын философия боюнча «Адам таанымы жөнүндө изилдөө» деген башкы эмгеги тааным проблемасына арналган. Биздин билимдери-биздин жаратылышы жөнүндөгү маселени сенсуалисттик түрдө чечүү менен, Юм биздин билимдерибиздин булагы жөнүндөгү маселеде Локктун позициясынан да, Берклинин позициясынан да айырмаланган позицияны туткан. Юмдун пикирине ылайык, тажрыйбалык тааным Локктун жана Берклинин «идеялары» менен окшош болгон кабылдоолордон турат. Бирок ал Локктун тышкы дүйнө — ошол жөнөкөй идеялардын булагы деп айтканы менен макул болбойт. Ошол эле убакта ал Берклинин «идеялар» (б.а. туюмдар) — реалдуулуктун, дүйнөнүн, нерселердин дал өзү деп айтканы менен да макул эмес. Биз тышкы дүйнөнүн жашап турушу биздин туюмдарыбыздын булагы экендигин далилдей албайбыз деп ырастайт Юм. Ал, тааным процессинде биздин туюмдарыбыздын булагы менен эмес, алардын мазмуну менен гана ишибиз болот. Ошондуктан биз дүйнөнүн обьективдүү түрдө жашап бар болуп турушун да, анын жашабай турганын да далилдей албайбыз.

Бардык кабылдоолорду Юм «таасир издери» жана «идеялары» деп эки түргө бөлөт. Таасир издери биринчилик жана экинчилик түрдө болот. Биринчилер — тышкы тажрыйбанын таасир издери, экинчилер — ички тажрыйбанын таасир издери. Эгерде биринчилерге туюмдар таандык болсо, экинчилерине — каалоолор, кумар-ышкылыктар ж.б. таандык. Тышкы жана ички тажрыйбалардын таасир издери жөнөкөй идеяларды жаратат, буларга эсте калган образдар жана кыялдар таандык.

Идеялар бири-бири менен өз ара бириге алышат, ушундан улам алар белгилүү бир мамиледе турушат. Юм мындай мамилелердин, же өзү атагандай, ассоциациялардын үч тибин санап көрсөтөт. Ассоциацияларды Юм адам жаратылышына мүнөздүү болгон өтө маанилүү касиет деп эсептегендиктен, аларды принцип деп атайт.
Биринчи түрү — бул окшоштуктан пайда болуучу ассоциациялар. Мисалы, досубуздун портрети, ал азыркы учурда жаныбызда жок болсо да, бул портрет менен досубуздун образы окшош болгондуктан улам биздин көңүлүбүздө ал досубуз жөнүндө идеяларды жаратууга жөндөмдүү болот. Бирок буга окшогон ассоциациялар көп учурда жаңылыштыкка алып келет.

Экинчи түрү — мейкиндиктеги жана убакыттагы чектердин алыс-жакындыгына байланыштуу пайда болуучу ассоциациялар. Мисалы, өз үйүңдөгү таасир издери менен эскерүүлөр, эгерде сен андан алыс эмес аралыкта турган болсоң, алда канча алыс аралыкта тургандагыга караганда көбүрөөк жандуу келет.
Үчүнчү тиби — бул себептүүлүк ассоциациялары, булар турмушта көп учурайт.

Юм үчүн ассоциациялар — мамилелердин көп түрлөрүнүн бири, мындай мамилелерди ал өтө эле көп санап көрсөтөт, бирок бардык мамилелердин ичинен себептүүлүк мамилелерди негизгиси деп эсептеп, өзүнүн башкы көңүлүн ушул мамилелерге топтоштурат. Себептүүлүк жөнүндөгү окуу — анын гносеологиясынын башкы борбору.

Юм өз алдына: обьективдүү жашап туруунун себептүүлүк байланыштары барбы, эмне үчүн адамдар себептик байланыштарды обьективдүү түрдө жашап турат деп эсептешет, себептүү байланыштардын илим үчүн кандай мааниси бар деген суроолорду коёт.

Юм дүйнөдө себептүү байланыштардын бар экендигин далилдөөнүн кереги жок деп эсептейт, анткени натыйжа себеп деп аталганга окшобойт. Биз, демейде себептүүлүктүн бар экендигин төмөнкүчө жол менен билебиз: адегенде биз эки окуянын жайгашышынын мейкиндик чектерин жана алардын ырааттуу алмашып турушун аныктап белгилейбиз, андан кийин, мунун негизинде себептик байланыштардын бар экендиги жөнүндө жыйынтыкка келебиз. Бул учурда, биз, Юмдун пикири боюнча, логикалык жаңылыштык жиберебиз: ушундан кийин деген сөз ушул себептүү (post hoc, ergo propter hoc) болуп түшүнүлөт. Ушундай ассоциациянын негизинде биз окуялардын мындай түрдө алмашылып турушун туруктуу көрүнүш деп, муну менен ал себептүү байланышка ээ деп ойлой баштайбыз. Ошондуктан бизде ушундай себептик байланыштардын бар экендигине ишенич пайда болот. Өзүнүн скептицизмин Юм негизинен таанымды философиялык жактан талдоого колдонгон. Ал, демейки турмушта таштын жерге түшөрүнөн күмөндөр болгон эмес, бирок бул жерде философиялык ойду жетекчиликке албай, буга чейин көп жолу болгон нерсени жетекчиликке алууну сунуштаган.

Юм субстанция түшүнүгүн четке кагып, мындай түшүнүктүн болушу мүмкүн эмес деп эсептеген. Ал субстанция түшүнүгүн иллюзия катарында карайт. Юмдун пикири боюнча, субстанция жашап турат деген иллюзия биздин аң-сезимибизде бир эле таасир издеринин, алар кабылдоо учурунда үзгүлтүккө учурагандан кийин кайра- кайра кайталана бергендиктен улам пайда болот.

Юм христиан дининин чыныгы дин экендигин биздин далилдөөлөрүбүз биздин сезимдерибиздин чыныгылыгын далилдөөгө караганда алсыз келет дейт. Ал дин акыл-эстин далилдерине негизденет дегенди же ал далилдерге муктаж дегенди кабыл албайт. Ал мындай деп жазат: «Адамзаттын алгачкы дини негизинен келечектен коркуп, тынчсыздануудан улам пайда болот» [Чыгарм. 2-том, 429-6.].

Диний ишенимдин ордуна Юм демейки аң-сезимдин (обыденного созн.) орнотулган тартипке адат болуп калган ишенимин жана «табийгый дин» деп аталганды — табияттан тышкаркы себепке ишенүүнү сунуш кылат. Юм адамдын төгөрөгү төп болуп жетилбегенине, же дүйнөнүн максатка ылайыкталып түзүлгөнүнө негизденип Кудайдын бар экендигин ырастаган далилдерди четке кагат.

Юм адам жаратылышынын өзгөрүлбөй тургандыгын таанууга таянат. Адам, Юмдун оюна ылайык, жаңылыштыктарга жана аффектилерге ышкылуу болгон жан катарында калыптанган, ал акыл-эсти жана бекем түшүнүктөрдү аз жетекчиликке алат. Этикалык инттеллектуализмдин тарапкерлерине карама-каршы Юм адамдын жүрүм-туруму интеллект менен гана аныкталбай тургандыгын далилдейт жана адамдын моралдык турмушунда сезимчилдүүлүк чоң роль ойной турганын көрсөтөт. Юм акыл-эсти адеп-актыктан бөлөт, ошону менен бирге ал үчүн көп учурда моралдык нормалардын императивдик мүнөзү жок болуп кетет. Юмдун пикири боюнча, этиканы баарынан мурда адамдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн далилдей турган жүрүм-турумдардын себептери кызыктырууга тийиш. Биздин жүрүм-турумубуздун далилдери анын себептери болуп саналат. Ушундан келип эрк эркин эмес деген корутунду чыгат.

Адамдардын аракеттеринин себептерин изилдеп көрүп, Юм утилитаризмге келет. «Адамдардын көпчүлүгү пайдалуу сапаттар өзүнүн дал ошол пайдалуу болгондугу үчүн жакшылык сапаттар экендигине чын дилден макул болушат. Ишке мындай көз караш табийгый нерсе болгондуктан жана ал көп кездешкендиктен аны моюнга алуу керектиги жөнүндө аз гана адамдар ойлонушат. Эгерде буга жол кое турган болсок анда симпатиянын күчүн да таануу керек болот» [Чыгарм. 1-том, 785-6.].

Ошондой болсо да Юмдун утилитаризми анын альтруизми менен айкалышып турат, анткени жеке адамдардын ортосундагы өз ара мамилелерде симпатия, тилектештик, жакшы ниеттештик сезимдери үстөмдүк кылып турат деп ырастайт.

Юм коомдук келишимди тануу позициясында турат. Коом симпатиялык сезимдердин негизинде үй-бүлөлүк жана урук-уруулук мамилелерден келип өнүккөн деп ырастайт. Пайдага жетишүүгө талапкерлик жана умтулуу — коомдун өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү.
Бул көз караш менен анын саясый экономия боюнча көз карашы менен тыкыс байланышып турат. Пайданы ал өндүрүштү өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири катарында карайт. Анын саясый экономия жагындагы көз караштары Адам Смиттин идеяларынын калыптанышына таасирин тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]