Сак маданияты

Википедия дан

Сак маданияты - биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта - б. з. 1-к-нда Борбор Азияжана Түштүк Россиянын талааларын мекендеген сак урууларынын (к. Сактар) археологиялык эстелиги. Биздин заманга чейин 8-7-кылымда Андрон маданиятынын негизинде жаралган. Диний ишениминде согуш иши басымдуулук кылган түшүнүк көп кезигет. Курал-жарактары көбүнчө колодон жасалып, кош миздүү канжар жана жебенин учуна тагышкан. Ошондой эле темирден жасалган бычактар жана эмгек куралдары колдонулган. Куюу өнөрү өнүгүп, атайын калыпка куюп, чебер жасалган кооздуктар пайда болгон. Алардын түшүнүгү боюнча кудайлар жан-жаныбарларга айланып турган. Мисалы, жылкы күн менен оттун, каман чагылгандын кудайы болгон. Көчмөн сактар негизинен от, күн, ал эми отурукташкан уруулар жерге сыйынган. Көркөм исквосунда жаныбарларды тири укмуш, коркунучтуу түрүндө көрсөтүү басымдуулук кылгандыктан, ал археологияда «айбанаттар стили» деп аталып калган. Биздин заманга чейин 3-2-кылымда мындай стилдер мурунку чыныгы маанисин жоготуп, оймо-чиймелер аркылуу чагылдырылат жана б. з. 1-миң жылдыктын башында акырындап жоголо баштайт. С. менена таандык эстеликтер негизинен Ысык-Көл, Чүй (Кызыл-Суу, Сокулук жана башкалар), Талас, Кетмен-Төбө (к. Сары-Жон көрустөну) өрөөндөрүнөн, Түштүк Кыргызстанда Куршаб кышаарына жакын жерден табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]