Салмактык анализ

Википедия дан

Салмактык анализ - аныкталуучу затты (иондорду) эритмеден элементардык абалында же эригичтиги өтө начар болгон чөкмө түрүндө бөлүп алып, алардын салмагын так өлчөөгө негизделген сандык анализдин бир түрү.

Мисалы, эритмедеги темир иондорунун санын аныктоо үчүн аларга аммиактын суудагы эритмесин таасир этип, темир суу кычкылынын чөкмөсү Fe(OH)3 алынат. Чокмөнү эритмеден чыпкалап бөлүп алып, кургатып күйгүзгөндөн кийин темир кычкылы (БегОз) түрүндө ana. лит. таразага тартылып алынат да, анын салмагы аркылуу эритмедеги темир иондорунун саны эсептеп чыгарылат.

Салмактык анализ - сандык анализдин эң так методу. Аны колдонуу менен хим. элементтердин атомдук салмактары аныкталып такталган. Салмактык анализ тоо тектердин, минералдардын, куймалардын ж. б. заттардын хим. составын сан жагынан анализдөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.