Сансыз Сынчы

Википедия дан


Сансыз Сынчы Көкжар уулу (болжол менен 17-к. жашаган). Легендарлуу сынчы, көзү ачык инсан катары Сансыз сынчы Көкжар уулунун аты эл ичинде кеңири белгилүү, бирок, анын өмүр баянынан так берүүчү тарыхый маалыматтар жок. Ошондуктан ал жөнүндөгү маалыматтарды элдик санжыра, аңыз сөздөргө гана таянып айтууга болот. Ал кыргыз санжырасы боюнча багыш уруусунун легендарлуу түп атасы Карачоронун (Жанкоростун) алты баласынын бир Көчөктүн Көкжар деген уулунан туулат. Элде анын аты Санчы (Санжы) катары белгилүү. Эл ичинде Санчы сынчы аталышынын себеби, тилдеги гаплология законуна байланыштуу.

Сансыз сынчынын өз алдынча бүткөн чыгармасы жок. Элдик жорго сөз менен көргөнүн, билгенин тартынбай айткан, айтканы айткандай келген өтө баамчыл кыраакы инсан болгон. Ошондуктан эл анын атынан айтпай “оболу машаяк” (олуя, карыя, аксакал) деп чакырышкан. Анын айткандары уламыш, аңыз сөзгө айланып, азыр да эл ичинде айтылып келет. Ал жөнүндө эл ичинде кеңири тараган аңыз сөздүн бири Кудаян ханды сындаганы. Кудаян хан зөөкүр, өзүм билемдиги менен атагы чыккан. Ошол хан Сансыз сынчыга бир күнү: – Сынчы экениң чын болсо, кана, мени сыначы, – дейт. Каардуу, кара мүртөз, сын көтөрө албас ханды сыноодон сынчы адегенде баш тартып: “ханга сын болбойт, сындан өткөндөн кийин гана хан болот. Сыны жок сыртан сиз болосуз”, – дейт. Хан: “Итте сын бар, кушта сын бар, эмне үчүн адам менде сын жок. Сында” – деп, такып туруп алат. Сынчы ошондо: “Ата – а болбостур, кыстап калдыңыз. Сындаганда менден сын кетээр, сизден сыр кетээр. Төбөдөн ары төрт коёрсуң. Төөбоз атымды тартып минерсиң, төө боз чепкенимди тартып киерсиң...

Бүтүн буюмду бүлдүргөн бүлүк каман деп сизди айтат. Көзүңө көрүнгөн нерсенинин баарын канап-бутап соо нерсе койбодуң. Сенин заманыңда эл мүңкүрөп, ач, жылаңач мусапыр көбөйдү. Мунун эсеси кийин чыгып, түбүң жакшы болбойт, элиң өз жеринен сүрүлүп, өзүң ач бел, куу жолдо калып, бутуң чөп алачыктан чыгып өлөсүң, артыңда тоголок – жумалак деген жөнсүз тукум калат”, – дейт. Ызаланган Кудаян хан сынчыны төбөгө төрт коюп, Төөбоз атын тартып жана төө боз чепкенин тартып кийгенде, Сансыздын сынчылык пири боз коён экен, койнунан булт деп секирип чыгып, көздөн кайым болгон имиш. Ошону менен Кудаяндан сыр кетип, сынчыдан сын кетип, эч кимди сынабай калат. Кийин Кудаян жөнүндө айтканы айткандай келет. С. сынчы жөнүндөгү бул аңыз сөздүн эл ичинде бүгүнкүгө чейин кеңири сакталып келатышы, сынчынын тартынбас эр жүрөктүүлүгүнө, чындыкты каардуу хандан да тартынбай бетке айта билген батылдыгына таң берүү менен байланышкан. Элдик көптөгөн аңыз сөздөрдө Сансыз сынчы кыргыз уруу башчыларынын өзүн жана алардын балдарын сындаганы, алардын келечегин алдын ала айтканы, аларга мыкты уул төрөп берүүчү аялды эл ичинен тандап алып бергени айтылат.

Чындыгында Сансыз адамдын кимдигин, анын келечекте кандай тагдыр күтүп турганын алдын ала айткан көзү ачык сынчыбы же ойдон чыгарылган апыртуубу? Адамзат тарыхында мындай фактылардан бир катар ынанымдуу мисалдарды келтирип, Рыскул Жолдошев төмөнкүдөй жыйынтыкка келет: “Ушундан улам Санчы өз убагында акылман, ойчул адам болуп, турмушта үйрөнгөн тажрыйбасынын негизинде өз деңгээлине жараша кыргызда сынчылык кылса керек деген ойдобуз”. Философ окумуштуу Али-Аскар Байбосунов муну тереңдетет. Ал Сансыздан сынчылыгы “кудайдын белеги”, анын “сынчылык, билгичтик, алдын ала айткычтык шыгы тубаса касиети” деп, мындай инсандар тарыхта боло келгенин белгилейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3