Сапарлаш

Википедия дан
“Сапарлаш”
Тили Кыргызча-французча
Темасы Сүйлөшмө сөздүк
Басмакана Турар
Беттери 270

“Сапарлаш” эркин журналист, диссидент жазуучу Жеңишбек Эдигеевдин кыргызча-французча сүйлөшмө сөздүгү. Китеп үйрөнүүгө жеңил сүрөттөр, диалогдор, көрсөтмөлөр менен берилген. “Сапарлаш” француз тилин үйрөнүүгө кызыккандар үчүн табылгыс олжо. Түшүнүүгө оӊой болсун үчүн Төлөгөн Карыкеевдин сүрөттөрү менен коштолгон.

Бул китеп грамматиканы тереңдеп үйрөтпөйт. Китеп – француз тилине кызыккандарга жана француз тилдүү өлкөлөргө саякаттагандарга керек болчу курал. Андыктан алыскы Парижге аттанар алдында француз тилинин бирин-экин урунттуу учурларынан түшүнүк алууга болот.

Сүйлөшмө сөздүктө тыбыштардын окулушу менен айтылышынан баштап үндүү, үнсүздөр, түрлөр (Жекелик/Көптүк түр), артиклдерден (Белгилүү/Белгисиз), анкета толтурууга чейин бар.

Китеп – кыйынчылыкта жардам суроо, аэропортто, поездде, автобуста, таксиде, көчөдө, мейманканада, базарда, дүкөндө, почтада, музейде, театрда, көргөзмөдө, ТВ, пресса, аба ырайы, электротоварлар, азык-түлүк, тамак-аш, суусундуктар, даталар, саат, убакыт, интернет, кино, спорт, чачтарачта, ооруканада, тиш доктурда, дене бөлүктөр, органдар, куттуктоолор, коштошууда колдонулуучу сөздөрдөн жана диалогдордон, фразалардан турат. Андан сырткары ар бир бөлүмгө тиешелүү сөздүктөр бар.

Кыргызча-французча сөздүктү жазууга эмне себеп болгонун:

- Биз Женевада жашап тирилик өткөрүп, жумуш кылуу менен бирге мен өзгөчө тапшырманы сезип, милдет көрүп жүрөр элем. Тил үйрөнүп жүрүп сөзсүз алып чыгышым керек экен деп ойлогом. Кантип башка тилди үйрөнсө болот, кандай ыкмалар менен үйрөнсө жеӊил болот, бөлүшкүм келди. Француз тилин үйрөнүп жатып өзүмө түрдүү сөздөрдү, анын ар кандай кырдаалда куралышын чогулта бердим эле. Муну таштап койгум келген жок. Биз тил үйрөнгөндү каалаган, бат кабыл алган элбиз. Анан чет өлкөгө чыккандагы адамдын эӊ эле биринчи бет келген нерсеси – бул тил. Анан да мен “сапар” деген сөздү көп колдоном. Бул, албетте, сыртта жүргөндүкү. Ар бир жолу мекенибизге келатканыбыз, кайра баратканыбыз. Ушунун баары сапар эмеспи. Сөздүк китепти дагы сапарлаш деп атаганым ошол.

"Сапарлаш" сөздүгү Женева шаарындагы "Payot" китеп дүкөнүндө сатылууда жана Женева шаардык китепканаларынан да табууга болот.

Журналистикадан жазуучулукка[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин бүтүрүп, «Асаба», «Агым» гезиттеринде иштеп, «Де-факто» гезитин негиздеген журналист Жеӊишбек Эдигеев 2008-жылы бакиевдик бийликтин куугунтугунан улам Швейцарияга кеткенден кийин да Кыргызстандагы коомдук-саясий турмушу жөнүндө «Азаттыкка», социалдык тармактагы баракчасына пикирин жазып келет.

Журналистикадан жазуучулукка өтүп жатканын:

«Чыӊгыз агабыздын каарманы Ильяз эске түшөт. Долонго баратып машинасынан ашыкча күчтү сезип, анан бул машинага дагы прицеп чиркесем болот экен деп чечет эмеспи. Ошол сыяктуу мен журналистикадан сырткары дагы бир башка күчтү, мени тынч койгобогон нерсени сезер элем. Ошол жазуучулукка ыктоо окшойт».

Жазуучу Жеӊишбек Эдигеевдин 2018-жылы “Дайралар артка агышпайт” деген китеби жарык көргөн. Аны атасы, партиялык саясий кызматкер Кадырбек Эдигеевдин жаркын элесине арнаган. Андан кийин 2022-жылы “Көк дептер” публицистикалар жыйнагы чыккан.

“Бул эмгекти бир үзүмдүк кыска өмүрүн жалаң жаңылыкка умтулуп жашаган маркум кесиптешим Улан Эгизбаевдин элесине арнадым! Өмүрдүн баркын билип, баарыбыз бийиктерге умтулгуч бололу”.

Швейцария жазуучусунун китепке баш сөзү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Авторго Француз элчисинен ыраазычылык кат

2011-жылдын жазында менин телефонум чырылдап калды. Эркек кишинин үнү, анын чет өлкөлүк экени французча сүйлөгөн сөздөрүнөн даана билинип турду: “Сиз мени тааныбайсыз, бирок мен сизди билем, менин атым Жеңишбек Эдигеев. Сизди “Репортёры без границ” сайтынан таап, анан Википедиядан толук маалымат алдым. Сиз Казакстан жөнүндө китеп жазыптырсыз, демек, Орто Азияны жакшы билсеңиз керек?” Менин бул жаңы досум Бишкектен келген эле. Бишкек – бул Кыргызстандын борбор шаары. Мен аны үйүмө келип чай ич деп чакырдым. Ал эшиктен кирип босогого бут кийимин чечип калтырды да (европада үйдө бут чечишпейт Ж.Э.) конок үйгө кирди, экөөбүз жанаша олтуруп чай ичип аттык.

Жеңишбек үй-бүлөсү менен бул жакка саясий себептер менен келген болчу. Алардын мекени Орто Азияны бизде – Батышта анча жакшы биле беришпейт. Орто Азия өлкөлөрүнүн ар биринин өз өзгөчөлүктөрү бар; Казакстан менен Түркмөнстан нефтиге бай, Өзбекстан болсо көгүлтүр кооз мунара-мечиттери менен, ал эми Кыргызстанда асман тиреген тоолор. Анын кооздугу, байлыгы да ошол – тоолор!

Жеңишбек менен болгон ошол биринчи жолугушуубуз ортобузга дагы көп жакшы нерселерди алып келди. Саясат дагы биздин аңгемебиздин көп бөлүгүн түзөт. Жеңишбекти Швейцариянын демократиялык системасы дайыма кызыктырып келет. Бул баш сөзүмдө аябагандай сылык, сыпайы, анан да эч качан бир жакка барса куру кол барбаган Жеңишбек тууралуу жазып жатканыма бактылуумун. Жеңишбек өзү үчүн жаңы өлкө – Швейцарияны чын дилинен терең тааныгысы келип турганы мага адбан билинет жана кубандырат. Ал биздин өлкөнүн башкага окшобогон тарыхын окуду, биз сүйлөгөн тилди үйрөндү, мынакей, сиздер колуңуздарга кармап турган бул французча-кыргызча сөздүк анын айкын далили. Ушинтип эки элдин ортосуна эшик ачып турганың үчүн сага ырахмат, Жеңишбек!

Лоренс Деонна, Швейцариялык репортёр, жазуучу жана фотограф

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://www.azattyk.org/a/blog_on_voyage/24324798.html - Эсиӊдеби... “Вояж..., Вояж...”

https://ruhesh.kg/ky/category/show/news/1607/zhenishbek-edigeevdin-saparlash-kirgizcha-frantsuzcha-suyloshmo-sozdugu?fbclid=IwAR0Cfcgg6J2VDSGDoYXWNGDZ9XhJB5cPw14YzDxEtoCnGXzvy6JNK1h58mQ - Жеңишбек Эдигеевдин «Сапарлаш» кыргызча-французча сүйлөшмө сөздүгү