Сары-Жаз

Википедия дан

Сары-Жаз«Манас» эпосундагы топоним. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта Коңурбай баштаган кытайлар Аккуланын алдын тороп, жыгыш үчүн өлчөгөн жер (Сагымбай Орозбак уулу, 3. 269). Географиялык реалияда С.-Ж. Казакстандын түштүк-чыгыш бурчундагы (Алматы облусу, Кеген дарыясынын чөлкөмү) жайык өрөөн. Көкөтөйдүн ашынын чордону Каркырага жакын (аралыгы 40—50 чакырым) жер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]