Сатыбеков, Сакан

Википедия дан
Сатыбеков Сакан

Сатыбеков Сакан (1932-ж. т., Манас району, Көк-Дөбө айылы) — юрист, юридика илимдеринин кандидаты (1967), профессор (1992).
Эмгек жолун 1950-ж. Манас районунда Эл сотунун Соттук Заседаниесинин катчысы болуу менен баштаган.
1959-ж. Кыргыз мамлекеттик университетиннн юридикалык факультетин бүтүргөн.
1959—61-ж. Кыргызстан ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында иштеген.
1964—67-ж. М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспиранты.
1961—94-ж. КМУнун юридикалык факультетинде окутуучу, улук окутуучу, доцент (1970), кафедра башчысы (1978—88), факультеттин деканы (1985—90), ошол эле учурда 1987-жылдан кафедранын профессору.
1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда судья, ошол эле учурда КМУУнун профессору.
Сатыбеков 40 илимий жана 17 окуу-методикалык эмгектин (анын ичинде 5 монография, 6 окуу китеби) автору. Анын илимий эмгектери негизинен граждандык-процессуалдык укукту коргоого багытталган. Сатыбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорун (1978- жана 94-ж.), маанилүү закондорун даярдоого жигердүү катышкан. Сатыбеков Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, элге билим берүү отличниги, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.