Сахаба эс алуу жайы

Википедия дан

Сахаба эс алуу жайы Ноокат шаарынан 5 км аралыкта, Жаңы Ноокат айылынын түштүк тарабында Чили Сай дарыясынын боюнда Сахаба эс алуу жайы жайгашкан.Эс алуу жайы дегендин себеби, бир жерде аскадагы байыркылардын 486 кв метр аянттагы ыйык салам каты, Ислам дүйнөсүнүн сахабаларынын бейиттери, ислам дин таркатуучуларынын улуу кол башчылары Кутейба ибн Муслим менен Убайдулла бин Зияттын мавзолейи, Кароол-Дөбө мазары, Сурпа-Таш (Супура) мазары, байыркы Чыны Завод эстеликтери жайгашкан.

Жайгашуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сахаба аймагы стратегиялык жак-тан өзгөчө жерде жайгашкан. Айланасы тик аска-зоо, тар капчыгай, баш жагы алыскы Алай өрөөнүндө жана тоодон келген дарыя суу болуп, коргонгонго ылайыктуу. Бул жер стратегиялык жактан ыңгайлуу болуп чоң армиялардын штабы, соода сатык кылган ишкерлердин Кербен сарайы, Улуу жибек жолунун тоому болуп келген. Ошол себептен, кичинекей аймак көптөгөн тарыхий, маданий, диний, илимий жерлердин очогу, борбору болгон.

 Улуу инсандарды кадам койуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жергиликтүү элдин маалыматтарына караганда, Чынгызхандын армиясы ошол жерде токтогон, баш ийбегендиги үчүн жергиликтүү тургундарды кырып салган. Бабурдун келгендиги жөнүндө да маалымат бар. Сахаба эс алуу жайынын түштүк тарабында, Чили-Сай аска-тоосунун бетине сүрөт жазма чегерилген. Ошол тоо чыгыштан батышты карай экиге ноо түрүндө бөлүнгөн. Ошондук-тан аны жергиликтүү эл Кескен-Бел деп аташат.        

Ноодогу кат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошондой эле Сахаба аймагынын батыш жагынан орун алган тоо, таштар азыркыга чейин бири-биринен 50-60 метр аралыкта катар тизилип турушат. Бул таштар да Ноодогу кат сүрөт чийме-леринин бир комплекси. Байыркылар  бул  асканы  Ноодогу кат, Ноодогу кат аймагы деп жүрүп, Ноокат аталып кеткен.Ноокаттын Сахаба эс алуу жайы Ноокатты аталып калуусунада себеп болгон.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1.Жаңы Ноокат САХАБА 9-май 2023ж Улуттук Кыргыз Күрөш ФИНАЛ

2.Ноокат, парк «Сахаба». Празднование Нооруза