Сахаров, Андрей Дмитриевич

Wikipedia дан

Сахаров Андрей Дмитриевич (1921-1989) – советтик жана орусиялык ири окумуштуу, физик, СССРдеги алгачкы суутек өзөктүк бомбасынын авторлорунун бири, коомдук ишмер, укук коргоочу, диссидент, Нобел Тынчтык сыйлыгынын лауреаты.

Андрей Сахаров


Кыскача өмүр баяны[оңдоо]

Андрей Дмитриевич Сахаров 1921-жылы 21-майда Москва шаарында туулган.

Атасы Дмитрий Иванович Сахаров – Москва педагогикалык мамлекеттик университетинде физикадан сабак берген. Энеси Екатерина Алексеевна Сахарова (Софиано) – орусиялык аскер кызматкеринин кызы болгон жана үй кызматкери болгон. Таянеси Зинаида Евграфовна Софиано белгороддук дворяндардын (Мухановдордун) тукуму болгон.

Киндик атасы – белгилүү музыкант Александр Борисович Гольденвейзер.

Бала чагы Москвада өткөн. Баштапкы билимди үйүндө окуп алган. Мектепке 7-класстан тартып бара баштаган. 1938-жылы орто мектепти аяктап, Москва Мамлекеттик Университетинин физика факултетине тапшырат. 1941-жылы аскердик академияга тапшырууга аракет кылат, бирок саламаттыгынын акыбалына байланыштуу ага кабыл алынбайт. 1941-жылы Ашгабатка эвакуацияланат. 1942-жылы университетти ийгиликтүү аяктайт.

1942-жылы СССР Курал-жарак эл комиссардыгынын карамагына, андан Ульяновск шаарындагы ок (патрон) чыгаруу ишканасына жиберилет. Дал ошол 1942-жылы калың металл чопкутту көзөөчү окту көзөмөлдөө боюнча жаңы усул ойлоп табат.

Илимий ишмердиги[оңдоо]

1943-1944-жылдары өз алдынча бир канча илимий эмгек жазып, аларды Орусия ИАсынын П.Н.Лебедев атындагы Физика институтуна жиберет. Институттун теориялык иликтөөлөр бөлүмүнүн башчысы Игорь Евгеньевич Тамм анын эмгектери мене таанышат. 1945-жылы институттун аспирантурасына сынак тапшырып, окуусун баштайт.

1947-жылы канддаттык диссертациясын жактайт.

1948-жылы СССРдин жылуулук өзөктүк куралды иштеп чыгуучу атайын иликтөө тобуна кошулуп, 1968-жылга чейин бул топто иштейт жана алгачкы советтик сутек бомбасын долбоорлоо жана өндүрүү иштерине салым кошот. Анын чийген долбоору боюнча суутек бомбасын өндүрүү ыкмасы “Сахаровдун кыртыштык катмары” деген ат менен белгилүү.


Жетекчиси И.Тамм менен бирге 1950-51-жылдары башкарылчу жылуулук өзөктүк синтез боюнча алгачкы иликтөөлөрдү жүргүзгөн.

А.Сахаров Москва Кубат (энергетика) институтунда салыштырмалуулук теориясы жана башка сабактар боюнча дарстар окуган.

1953-жылы физика-математика илимдеринин доктору болуп калды. Ошол эле жылы 32 жашында СССР ИАсынын анык мүчөсү болуп шайланган.

1955-жылы академик Т.Д.Лысенконун жармач “илимий окуусуна” каршы “Үч жүздүн каты” деген документке кол койгон окумуштуулардын бири болгон.

Укук коргоо жаатындагы ишмердиги[оңдоо]

1950-жылдардын соңунан тартып өзөктүк куралдарды өндүрүүгө жана сыноого каршы ырааттуу чыга баштаган.

1963-жылы кабыл алынган Үч чөйрөдө өзөктүк сынактарды өткөрүүгө тыйуу салуу жаатындагы Москва келишимине кол коюуга иштиктүү салым кошкон.

1968-жылы “Прогресс, тынчтыкта жанаша жашоо жана интеллектуалдык эркиндик тууралуу ой жүгүртүү” - «Размышления о прогрессе, мирном сосуществовании и интеллектуальной свободе»[1] деп аталган брошюрасын жазган, бул китепче көптөгөн мамлекеттерде жарык көргөн.

1970-жылы “Адам укуктары боюнча Москва комитети” (Комитет прав человека в СССР – Московский Комитет прав человека) деп аталган уюмдун үч негиздөөчүсүнүн бири болгон. Анын башка уюштуруучулары – Андрей Твердохлебов менен Валерий Чалидзе болгон.

1971-жылы Советтер Биримдигинин жетекчилигине “Эске салчу кат” («Памятная записка») [2] деп аталган каты менен кайрылган.

1972-жылы Елена Георгиевна Боннэрге үйлөнгөн.

1974-жылы маалымат жыйынын уюштуруп, СССРдеги саясий камактагыларды эскерүү күнү деген чаранын өткөрүлгөнү тууралуу жарыя кылган.

1975-жылы “Өлкө жана дүйнө тууралуу” («О стране и мире») деген китебин жарыялаган.

Ошол эле 1975-жылы Сахаровго Нобел Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.

Бирок ошол эле жылы СССРде анын саясий ишмердүүлүгүн айыптаган жаматташкан каттар жана кайрылуулар арбын жарык көрөт. Аларга ошол учурда бир катар акын-жазуучулар жана башка интеллектуалдар да кол коюшкан.

1977-жылы сентябрда Өлүм жазасы маселелери боюнча уюштуруу комитетине кат жазып, анда өкмөттөрдү СССРде жана башка мамлекеттерде өлүм жазасын алып салууга чакырган.

1979-жылы декабрда жана 1980-жылы январда бир катар билдирүүлөр менен чыгып, советтик аскерлердин Ооганстанга басып киришин жана Ооган согушун (1979-1989) айыптаган [3] жана бул билдирүүлөр Батыштын бир катар басылмаларында негизги макала катары жарык көргөн.

Камакка алуу жана сүргүн[оңдоо]

Андрей Сахаров 1980-жылы 22-январда үйүнөн кызматына бараткан жолдо камакка алынган. Жубайы Елена Георгиневна Боннэр экөө эч кандай соттун чечимисиз эле Горький (азыркы Нижний Новгород) шаарына сүргүнгө айдалган. [4].

Ошол эле жылы СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун атайын жардыгына жана СССР Министрлер Кеңешинин токтомуна ылайык Андрей Сахаров бардык советтик жогорку сыйлыктарынан жана наамдарынан (Үч жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры, Сталин сыйлыгынын лауреаты, Ленин сыйлыгынын лауреаты, ж.б.) ажыратылган. СССР ИАсынын академиги наамы гана сакталып калган.

Горький шаарында жүргөндө А.Сахаров үч ирет узак мөөнөттүк саясий ачкачылык уюштурган.

1981-жылы алгачкы жолу Елена Боннэр менен чогуу 17 күндүк саясий ачкачылыкты уюштуруп, келини Л.Алексееванын чет өлкөдөгү күйөөсүнө баруу укугун талап кылышкан.

1983-жылы июлда төрт советтик академик (Александр Михайлович Прохоров, Георгий Константинович Скрябин, Андрей Николаевич Тихонов жана Анатолий Алексеевич Дородницын) кол койгон “Абийир менен ар-намыстан айрылган чакта” («Когда теряют честь и совесть») деп аталган кат (газета «Правда», 2 июля 1983) жарыяланып, анда А.Д.Сахаровдун коомдук ишмердиги кескин сынга алынган.

1984-жылы май айында жубайы Е.Боннэрге каршы кылмыш иши ачылып, куугунтук жүргүзүлүп жатканына байланыштуу 26 күнгө созулган экинчи жолку саясий ачкачылык чарасын жарыялаган.

1985-жылы апрелден октябрга чейин 178 күнгө созулган үчүнчү ачкачылык чарасын өткөрүп, жубайы Е.Боннэрге чет өлкөгө барып, жүрөгүнөн операцияланышы үчүн өлкөдөн чыгууга укук берүүнү талап кылган.

Андрей Сахаровду күч менен ооруканага жаткырып, мажбурлап тамак беришкен.

Солдон оңго - Елена Георгиевна Боннэр, Андрей Сахаров, Софья Васильевна Каллистратова, 1986-жыл

А.Сахаровдун Горький шаарында сүргүндө жүргөн маалында дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө анын укугун коргогон нааразылык иш-чаралары өтүп жатты.


Сүргүндөн боштондукка чыгуу жана соңку өмүр жылдары[оңдоо]

“Кайра куруулар доору” башталганда, 1986-жылдын этегинде Андрей Сахаров Горький шаарындагы дээрлик жети жылга созулган сүргүндөн боштондукка чыгарылган.

1986-жылы 22-октябрда Андрей Сахаров өзүнүн күчтөп башка шаарга көчүрүлүшүн жана жубайы Елена Боннэрдин сүргүн мөөнөтүн токтотуу өтүнүчү менен КПСС БК Башкатчысы Михаил Горбачевго кайрылат.

Сахаров өз өтүнүчүндө эгерде жубайы Елена Боннэрге чет өлкөгө чыгып дарыланууга уруксат берилсе, анда коомдук ишмердигин токтотуп, жалаң гана илим менен алектенээрин убада кылат.

1986-жылы 15-декабрда капысынан анын Горький шаарындагы батирине телефон орнотушат (ага чейин батирде телефон байланышы болгон эмес), андан соң КГБнын кызматкери ага эртеси күнү телефон чалышаарын айтат.

Чын эле, 16-декабрда ага Михаил Горбачев өзү телефон чалып, Сахаров менен Боннэрдин Москвага кайтып келишине уруксат берилгендигин маалымдайт. [5].

1986-жылдын соңунда Андрей Сахаров жубайы Елена Боннэр менен чогуу сүргүндөн Москвага кайтып келди.

Андан соң Андрей Сахаров СССР ИАсынын П.Н.Лебедев атындагы Физика институтуна кайтып келди. Софья Васильевна Каллистратовадан укук маселелери жаатында кеңеш алып турган.

1988-жылдын ноябр-декабр айларында Андрей Сахаров алгачкы жолу чет өлкөгө сапарга чыгат. Ал АКШнын мурдагы президенти Роналд Рейган, президент Жорж Буш (Улуусу), француз президенти Франсуа Миттеран, Британиянын өкмөт башчысы Маргарет Тэтчер менен да жолугат.

1989-жылы Андрей Сахаров СССР Эл депутаттарынын курултайына депутат болуп шайланган.

1989-жылдын май-июн айларында СССР Эл депутаттарынын 1-курултайынын отурумуна катышат.

Кээ бир учурларда анын чыгып сүйлөөсү ышкырык, кол чабуу, кыйкырыктар менен коштолуп турган. [6][7] Сахаровго каршы чыккандар кийинчерээк тарыхчылар жана кабарчылар тарабынан “ажаанданган көшөкөрлөр” деген атка конгон.

1989-жылдын ноябрында СССРдин Конституциясынын жаңы долбоорун даярдап, сунуш кылган. Анда инсандын укуктары жана бардык элдердин мамлекеттүүлүккө болгон укугу кепил кылынаары белгиленген.

1989-жылдын 14-декабрында саат 15:00те Андрей Сахаров акыркы жолу Кремлге келип, СССР Эл депутаттарынын 2-курултайынын Чөлкөмдөр аралык депутаттык тобунун отурумуна катышып, чыгып сүйлөйт.

Андрей Сахаров 1989-жылы 14-декабрда Москвадагы Земляной Вал көчөсүндөгү (мурдагы Чкалов көчөсүндөгү) батиринде жүрөгүнөн кармап каза болду.

18-декабрда Москвадагы Востряковское көрүстөнүндө жерге берилди. [8].

Үй-бүлөсү[оңдоо]

1943-жылы Клавдия Алексеевна Вихирева (1919-1969) менен үйлөнгөн. Ал Симбирск шаарында туулган айым эле. Рак оорусунун айынан кайтыш болгон. Андан үч бала көргөн (эки кыз – Татьяна менен Любовь, бир уул – Дмитрий).

1970-жылы Елена Георгиевна Боннэр менен таанышып, 1972-жылы аны менен баш кошкон. Боннэрдин мурдагы күйөөсүнөн эки баласы бар эле. Сахаров менен Боннэрдин өз балдары болгон жок.


Илимдеги салымы[оңдоо]

Академик А.Сахаров –коркунучтуу өзөктүк куралдардын бири - суутек бомбасын СССРдеги түзүүчүлөрдүн бири. Бул бомбаны тарыхта СССР биринчи жолу жасаган. Магниттик гидродинамика, плазма физикасы, башкарылчу жылуулук өзөктүк синтез, өтө жөнөкөй бөлүкчөлөр физикасы, астрофизика, гравитация жана башка илимий тармактарда эмгектер жазган.


Интернет тууралуу алдын-ала жоромол кылган[оңдоо]

Интернеттин төрөлүш датасы катары 1969-жылдын 29-октябры кабыл алынып жүрөт [9]; бүткүл дүйнөлүк маалымат желесинин концепциясы Сахаров өлгөн жылы – 1989-жылы сунуш кылынган — 1989[10]. Бирок тээ 1974-жылы эле Андрей Сахаров өзүнүн “Дүйнө жарым кылымдан кийин” деген макаласында мындай деп жазган:

  • Болочокто, балким, 50 жылдан кийиндир, бүткүл дүйнөлүк маалымат системасы (ДМС) түзүлөт ко деп жоромол кылам. Бул система ар бир кишиге ар мүнөттө качандыр-бир убакытта жана кайсы бир жерде болсо да жарыяланган ар кандай китептин мазмунун, ар кандай макаланын жана маалыматтык кагаздын мазмунун дароо жеткире алат... Азыркы көптөгөн замандаштарыбыздын негизги маалымат булагы болуп калган сыналгыдан айырмаланып, ДМС ар бир кишиге маалымат алууда максималдык эркиндикти жаратат жана алардын жекече инсандык жигердигин талап кылат. [11]

Интернет 1990-жылдары жана 2000-жылдын алгачкы он бир жылында өзгөчө коомдук маалымат булагына айланды, бирок интернеттин Андрей Сахаров алдын-ала жоромол кылган деңгээлге жетиши үчүн дагы он чакты жылдар талап кылынчудай.

Библиографиялык тизме[оңдоо]

  • А. Д. Сахаров, «Горький, Москва, далее везде», 1989 г htm
  • А. Д. Сахаров, Воспоминания (1978—1989). 1989 г htm
  • А. Д. Сахаров, Воспоминания (1978—1989). 1989 г htm
  • Эдвард Клайн. Московский комитет прав человека. 2004 г ISBN 5-7712-0308-4 htm
  • Ю. И. Кривоносов. Ландау и Сахаров в разработках КГБ. Комсомольская правда. 8 августа 1992.
  • Виталий Рочко «Андрей Дмитриевич Сахаров: фрагменты биографии» 1991 г.
  • Воспоминания: в 3 т. / Сост. Боннэр Е. — М.: Время, 2006.
  • Дневники: в 3 т. — М.: Время, 2006.
  • Тревога и надежда: в 2 т.: Статьи. Письма. Выступления. Интервью (1958—1986) / Сост. Боннэр Е. — М.: Время, 2006.
  • И один в поле воин 1991 [Сборник/ Составитель Г. А. Карапетян]
  • Е.Боннэр. - Вольные заметки к родословной Андрея Сахарова

Сыйлыктары[оңдоо]

  • Социалисттик Эмгектин Баатыры, 1953-, 1955-, 1962-жылдар (бирок “антисоветтик ишмердүүлүгү үчүн” бул үч наамы жана бардык үч медалы 1980-жылы жокко чыгарылган);
  • Сталиндик сыйлыктын ээси, 1953-жыл (1980-жылы бул сыйлыгынан кол жууган);
  • Лениндик сыйлыктын ээси, 1956-жыл (1980-жылы бул сыйлыгынан кол жууган);
  • Ленин ордени, 1956-жылдын 12-августу (1980-жылы бул сыйлыгынан кол жууган);
  • Нобел Тынчтык сыйлыгы, 1975-жыл ;
  • Бир катар чет мамлекеттердин сыйлыктары (анын ичинде Литванын 2003-жылы Сахаров өлгөндөн кийин ыйгарылган Витис Чырымы ордени бар). [12]

1980-жылы жокко чыгарылган советтик сыйлыктар Сахаровго кайра кайтарылган эмес. Ал өзү да бул сыйлыктарды кайра кабыл алуудан таптакыр баш тарткан. Ошондуктан СССР Президенти Михаил Горбачев анын сыйлыктарын калыбына келтирүү тууралуу жардыкка кол койгон эмес.

Эс тутум[оңдоо]

1979-жылы академик А.Д.Сахаровдун ысымы бир астероидге ыйгарылган.

1984-жылы августта Нью-Йоркто 67-көчө менен 3-авенюнун кесилиши “Сахаров-Боннэр бурчу” деп аталган. Ал эми Вашингтондогу ошол кездеги СССРдин элчилиги да жайгашкан аянт “Сахаров аянты” (Sakharov Plaza) деп аталган.

Москва шаарында Академик Сахаров проспекти жана А.Д.Сахаров атындагы коомдук борбор жана музей бар.

А.Сахаров Нижний Новгороддо (мурдагы Горький ш.)сүргүндө жашаган үй

Нижний Новгород шаарында А.Д.Сахаровдун музейине айландырылган батир бар. Бул батирде ал жети жыл бою сүргүндөгү убактысын кечирген.

Нижний Новгород шаарында 1992-жылдан бери Сахаров атындагы Эл аралык көркөм өнөр фестивалы өткөрүлүп келет.

Беларуста А.Д.Сахаров атындагы Эл аралык мамлекеттик экологиялык университет бар.

1988-жылы Европарламент Андрей Сахаров атындагы “Ой жүгүртүү эркиндиги үчүн” сыйлыгын негиздеген, бул сыйлык жыл сайын адам укуктары жаатында айрыкча иш жүргүзгөндөргө ыйгарылып келет.

[[File:1991 CPA 6322.jpg|thumb|150px|А.Д.Сахаровдун элесине багышталган СССРдин почта маркасы

1991-жылы СССР почтасы А.Д.Сахаровго арналган марка чыгарган.

Германиянын Нүрнберг шаарында Андрей Сахаров атындагы аянт (нем. Andrej-Sacharow-Platz) бар.

Ереванда (Арменияда) А.Д.Сахаров атындагы аянтта анын эстелиги тургузулган. №69 мектеп да анын ысымын алып жүрөт.


2011-жылдын 20-21-майында Москвада өтүп жаткан “Андрей Сахаров: 2011-жылдагы санааркоолор жана үмүттөр” аттуу эл аралык жыйын академик А.Д.Сахаровдун 90 жылдык мааракесине багышталды.

Академик окумуштуу жана укук коргоочу Андрей Сахаровдун өмүр жолу тууралуу узун сабак кеп эми гана башталууда.

Кыргызстандагы демократиячыл күчтөр да Андрей Сахаровдун элесине багыштап ар кыл жыйындар өткөрүп келишет.

А.Д. Сахаров дүйнөлүк энциклопедияларда[оңдоо]

  • The American Heritage Dictionary. Based on the new second college edition., Laurel, 1989
  • Le Robert MIcro Poche. Dictionaire de nommes propres, Red. par Alain Ray, Paris XIII, 1994
  • Dicţionar enciclopedic ilustrat, Ed. Cartier, Bucureşti- Chişinău, 2004
  • Calendar Naţional., Chişinău, Biblioteca Naţională a Republicii Moldova, 2006, p. 161
  • Большой Российский энциклопедический Словарь. Репринтное издание. М., Научное издательство Большая Российская энциклопедия, 2009.

Сахаровдун архиви[оңдоо]

Сахаровдун архиви Брендей Университетинде 1993-жылы негизделген. [13] Бирок көп узабай бул архив Гарвард Университетине көчүрүлгөн. Бул архивде 1968-1991-жылдардагы советтик диссиденттер тууралуу КГБ архивинин материалдары топтолгон.

Бул архивдин кыйла документтери 2005-жылы Йел университетинин басмасы (Yale University Press) тарабынан жарык көргөн. [14]. Бул басылманын [15] интернеттен окууга мүмкүн болгон варианты да бар.


Кошумча адабият[оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо]