Саясат таануунун категориялары

Википедия дан

Саясат таануунун категориялары — коом таануудагы интегралдык категориялар: коом, цивилизация, коомдук-экономикалык формация, жарандык коом, бийлик, эркиндик, революция ж.б-ларга таянат.

Ошону менен бирге ал өзүнүн жеке категорияларына да ээ: саясат, саясий кызыкчылыктар, саясий система, саясий бийлик, саясий субъект, саясий режим, саясий процесс, саясий уюм, саясий маданият ж.б.

Мамлекеттин, коомдун жана индивиддин бийликти бөлүштүрүү жана ишке ашыруу боюнча оз ара аракеттери категориялар, б.а. негизги түшүнүктөр системасы аркылуу туюндурулат.

Саясат таануунун категорияларын классификациялоо ар кандай критерийлер боюнча ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде критерий катары саясий турмуштун өзгөрмөлүүлүк жана туруктуулук деген абалын алсак, анда түшүнүктөрду эки топко бөлсө болот. «Саясий кызыкчылык», «саясий тандоо», «саясий өнүгүү», «саясий процесс», «саясий модерндештируу», «саясий технологиялар», «саясий кырдаал», «саясий альтернатива» ж.д.у.сыяктуу категориялар чагылдырышат.

«Саясий бийлик», «саясий режим», «саясий система», «саясий нормалар», «саясий салттар», «саясий маданият» д.у.с. тушунуктер саясий өнүгүүнүн динамизмин билдирет. Саясат таануунун тили ийкем, кооз, езунун туюнтуу формалары боюнча ар тур кун келет, бирок, жетиштүү түрдө катуу талап коюлат.

Саясий илимдин тили вербалдык (оозеки, лат. verbalis — оозеки) формада болот, б.а. белгилуу бир саясий керунуштерду туюндурган бийлик, режим, демократия ж.б. тушунуктер турунде билдирет. Саясат таануунун ыкмалары -диалектикалык-материалисттик, социологиялык, нормативдик, функционалдык, бихевиоралдык, системалык, салыштырмапуу, тарыхый, позитивдик сындоо, эмпирикалык изилдее. Саясат таануу эки сапатта: илим жана окуу предмети катары чыгат. Ал илим катары коомдун сая-сий чөйрөсүн, саясий ойдун келип чыгуу жана өнүгүү тарыхый, саясий системаларды, саясий мамилелер жана процесстерди, саясий аң-сезимди жана маданиятты, дуйнелук саясий процессти изилдейт. Ал эми окуу предмети катары окуучуларга саясий маселелер боюнча айкын билимдердин системасын тушундурет, негизги саясий институттар, уюмдар, кыймылдар жана процесстер, саясий мамилелер системасындагы инсандын укуктук абалы жана анын саясий турмушка катышуусунун формалары женунде тушунук берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8