Саясий баалуулуктар

Википедия дан

Саясий баалуулуктарсоциалдык субъект тарабынан алардын социалдык тажрыйбаларынан улам ырасталган саясий турмуштун тигил же бул кубулуштарынын, процесстеринин жана нормаларынын маанилүүгүнүн таанылышы. Саясий баалуулуктар саясий менталитет менен бир теориялык катарда турат да, анын составдык жана динамикалык бөлүгү катары изилденет. Бул түшүнүктөр өзгөчө Саясий баалуулуктарды агрегациялоо, б. а. баалуулук ориентацияларынын системага келтирилиши жөнүндө сөз болсо, бул түшүнүктөр жакындашат. Ошону менен бирге аталган түшүнүктөрдүн ортосунда айырмачылыктар бар.

Саясий баалуулукта чыныгы саясий кырдаалдардын алмашышына активдүү жооп берет. Алар саясий менталитетке караганда көп деле туруктуу боло бербейт. Саясий бийликке карата Кыргыз Республикасынын граждандарынын Саясий баалуулуктарда эки багыт байкалат. Бири – бирдиктүү социалдык организмдин бөлүгү катары адамдардын бири-бирине болгон өз ара кызыкчылыктарынын жоголушунан улам инсандын саясий баалуулуктарды издөө. Адамдардын ортосундагы көрө албастык, коркуу, чыңалуу жана конфликттүүлүк бул багыттын көрсөткүчтөрү катары эсептелинет. Экинчи багыт – социалдык тилектештиктин жарандык сезиминин көрүнүшү, өзүнүн жеке кызыкчылыктарын аңдоо, сезүү жана топтук коллективдик саясий баалуулуктар иштеп чыгуу.
Субъекттердин саясий турмушунун жалпы позициясын, стереотиптерин жана мүнөздүү формаларын чагылдыруучу саясий баалуулуктар төмөнкү негиздерге карата бөлүнөт: социалдык (жумушчулар, дыйкандар, кызматчылар, жаңыдан пайда болуп келе жаткан буржуазия ж. б.); улуттук (кыргыздар, орустар, өзбектер ж. б.); аймактык (Бишкектин, Оштун, Таластын ж. б. жашоочулары); демографиялык (аялдар, жаштар, пенсионерлер); функционалдык (элита топтору, лобби ж. б.). Бул структура азыркы Кыргызстан үчүн Өзгөчө мааниге ээ болгон топтор аралык саясий баалуулуктар менен толукталууда. Мындай саясий баалуулуктар саясий консенсусту табуу жана коомду турукташтыруу үчүн негиз катары чыгууда. Мисалы, бийлик, мамлекет, президенттүүлүк, парламентаризмдин ж. б. маанисин түшүнүүгө карата баалуулук жана мамилелер. саясий баалуулуктарды шарттуу түрдө бир нече типтерге бөлүп караса болот: тоталитардык, идеялык диктатка жана эркин ойлоону агрессивдүү таанууга негизделет («эмгекчилердин мамлекети», «пролетариаттын диктатурасы», «партиянын планы – элдин планы» ж. б. жөнүндөгү идеологиялаштырылган элестетүүлөр) конформисттик, жарандык укук жана эркиндиктерди ишке ашыруунун группалык формаларына идеясыз ыңгайлашууга негизделет; адаптациялык, өзүнүн жеке саясий кызыкчылыктарына жана бийлик институттарына карата социалдык кайдыгерликтен көрүнөт; жигердүүлүк, демилгечилик мүнөзгө ээ жана бийликтин гуманисттик моралдык принциптерине жана жекече ишенимдерге негизделген демократтык формаларын издөөгө багытталган; радикалисттик (экстремисттик), мыйзамга каршы ой-жүгүртүүгө жана зордук-зомбулук, күч колдонуу методдорун колдонгон коомдук кайра түзүүлөргө негизделет.

Кыргыз Республикасындагы азыркы кырдаал адаптациялык саясий баалуулуктар массалык таралышы (кыргыздардын менталитетине да дал келет), жигердүүлүк, гуманисттик баалуулуктардын алсыз таасири жана авторитардык стереотиптердин көн санап өсүшү менен мүнөздөлөт


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9