Саясий коммуникация

Википедия дан

Саясий коммуникация – саясий ишмердүүлүктү ирээттештирген жана ага жаңыча маани берген, коомдук пикирди жана жарандардын керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын эске алган саясий социалдаштырууну калыптандырган, саясий маалыматтарды берүү процесси.
Саясий коммуникация – бул бардык деңгээлдеги иңдивиддер менен топтордун ортосундагы, өзгөчө жетекчилер менен аларга баш ийгендердин ортосундагы өз ара саясий маалыматтарды алмашуу процесси. Саясий коммуникацияны коомдун саясий системасы үчүн маанисин адамдын денесиндеги кан айлануу системасы менен бирдей деп салыштырса болот. Саясий коммуникациянын методдорусуз саясий турмушту элестетүү кыйын. Лидерлер жана аларды жактоочулар Саясий коммуникациядан бирдей даражада көз каранды болушат. Адатта Саясий коммуникациянын үч ыкмасын бөлүп көрсөтүшөт:
1) массалык маалымат каражаттары аркылуу коммуникация.
2) Уюмдар аркылуу коммуникация. Саясий партиялар же мисалы, басым көрсөтүүчү топтор башкаруучу менен башкаруучунун ортосунда маалымат берүүчү катары кызмат кылат.
3) формалдуу эмес контакттар аркылуу коммуникация. Бул ыкма жекече (бетме-бет) байланыштар аркылуу жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9