Саясий кыймылдар

Википедия дан

Саясий кыймылдар – саясий мамилелердин жашоо ыкмасы. Саясий кыймылдар адамдардын белгилүү бир топторунун саясий кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган коомдук ишмердүүлүктүн көрүнүшү катары чыгат. Жаңы коомду курууну максат кылган Саясий кыймылдар илгерки заманда эле башталган. ХIХ к. орто ченинде пролетариат калыптанып, анын идеологиясымарксизм пайда болгон. Интернационал түзүлүп, бир катар өлкөлөрдө саясий бийлик үчүн күрөшкө киришкен жумушчу табынын саясий уюмдары пайда болгон.
Жумушчу кыймылында акырындык менен эки агым калыптанган.
Биринчиси, бийликти реформа жолу менен орнотуу мүмкүн (жана керек) деп эсептеген социал-демократтар,
Экинчиси, революциячыл көңөтүрүш аркылуу (тынчтык же тынчтык эмес жол менен) деген – коммунисттер. 1917-ж. Октябрдагы окуя бул талашты коммунисттердин пайдасына чечкен. Бирок бул коомдук түзүлүш да көпкө созулган жок. Анын кулашынын башка себептери менен катар эле, социализмди куруунун жүрүшүндө эмгекчил таптын саясий кыймылдын өчүшү да себеп болду. Мамлекеттик бийликтин органдары болгон кеңештер иш жүзүндө саясий ишмердүүлүктүн башкы формасына айлана албады. Азыркы мезгилде улуттук, регионалдык жана эл аралык саясий кыймылдын үчүн жаңы шарттар калыптанууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9