Сисала (эл)

Википедия дан

Сисала (исала, пасала, сисаи, дебе, тамбобоба, квама, багбала, галебагла, даг­ба­ла) — эл. Гананын түндүгүндө жана Буркина-Фасонун чек ара аймактарында жашайт.
Саны — 300 миң адам.

Сисала

Сисала өспүрүмдөрү.
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 300 миң адам
 Гана
 Буркина-Фасо

Тили

сисала

Дини

Жергиликтүү салттуу ишенимдери,

Христианчылык (католиктер),
Ислам (сүннөттөр)

Расалык тиби

негроид

Тил

Сисале тилинде сүйлөшөт. Сисале тили Нигер-конго макробүлөсүнүн гур уясына кирет.
Негизги диалектилер: исала, дебе, гилбагале (галебагла), нсихаа.
Жазуусу латын алфавиттин негизинде.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Ата-бабаларга, табият күчтөрүнө (от, суу, жер) жана Веа (Веи) жогорку рухуна сыйынуу. Фетишизм.
Калктын бир аз бөлүгү мусулмандар (сүннөттөр) жана христиандар (католиктер).

Чарбалык иштер

Негизги салттуу кесиптер:

  • кол менен иштетилген тропикалык жер чарбасы (таруу, сорго, ямс, фонио, жүгөрү, жер жаңгак, жашылчалар, буурчак өсүмдүктөр);
  • малчылык (ири жана майда мүйүздүү мал);
  • аңчылык.

Кээ бирлери Гананын түштүгүндө какао буурчактары чогултуу үчүн сезондук жумуштарда иштешет.

Кол өнөрчүлүк

Токуучулук, карапачылык, темир устачылык, өрүү, тери иштетүү.

Тамак-аш

Өсүмдүк тамак (ботко, сорпо, токоч) жана сүт азыктары.

Кийим

Күнүмдүк кийим — белдемчи, майрамдык — эркектер үчүн кыска жеңдүү узун ак көйнөк жана аялдар үчүн кыска юбка.

Турак жай

Конус түрүндөгү саман чатыры бар тегерек сокмо там.

Коом

Салттуу коомдук түзүлүштүн негизин көп балалуу жамааттар, патрилинейлик кландар жана курактагы топтор түзөт. Туугандык эсеп аталык. Көп аялдуулук, левират, сорорат, сатып алынган нике практикаланат. Касена менен улуттар аралык никеге турууга уруксат, ал эми буилса, лоби, дагаба менен никеге турууга тыюу салынат.
Тинтеентиина («жердин сакчылары») — жер культунун дин кызматчылары жана көзү ачыктар, алар дагы старчындар жана аскер башчылары коомдо олуттуу таасирге ээ.
Скарификация колдонулат, мурда — ритуалдык каннибализм.

Маданият

Элдик оозеки чыгармачылыктын негизги жанрларынын ичинен ырлар, жомоктор, макал-лакаптар кеңири таралган.

Тарых

Этногенетикалык уламыштар боюнча сисала ата-бабалары азыркы мекенине 17 кылымда түндүк-чыгыштан көчүп келишкен.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Попов В. А. Сисала // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]