Сокур бүркүт

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 8—20 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтчада, талаа, спорттук бөлмө, сахна.

Оюнда колдонуучу аспап - жоолук.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Диаметри 6—8 метр келген тегерек сызылат, катышуучулар эки топко бөлүнүп, оюндун шарты менен кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шарт боюнча биринчи топтон кезеги менен оюнчулардын көздөрү таңылгандан кийин, алар экинчи топтон чыгышкан оюнчуларды тегеректен чыгышпай белгиленген убакыттын ичинде кармоого аракеттенишет. Андан кийин топтун оюнчулары ролдору менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Ошентип, оюнчулардын каалоосу боюнча 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Көп жолу атаандаштарын кармашкан топтун оюнчулары жеңишет.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тегеректен чыгууга, бир бирине айтууга, тоскоолдук кылууга, жоолукту себепсиз чечүүгө, чурулдоого болбойт.

  • Методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, ыңгайлуу болушу керек.
  • Педагогикалык мааниси. Шамдагайлыкка, көңүл коюуга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]