Стерилдүүлүк

Википедия дан

Стерилдүүлүк (лат. sterilis-онумсуз, тукумсуз) жыныстык жагынан жетилген организмдердин жыныстык кобойууго жондомсуздугу.

Адам менен жаныбарларга Стерилдүүлүктүн ордуна көбүнчө тукумсуздук деген термин колдонулат. Стерилдүүлүк мейоздун, жыныстык клеткалардын калыптануусунун бузулушунан, уруктанган энелик клетканын (зиготанын) олуп калышынан жана жыные органдарынын туура эмес оөрчүшүнөн келип чыгат. Стерилдүүлүк тубаса (генетикалык) же чөйрөнүн таасиринен болот. Жыныстык стерилдөө жолу менен жасалма Стерилдүүлүктү пайда кылат. Тур аралык жана алыстан аргындаштырууда пайда болгон аргындарда аргындык деп аталган Стерилдүүлүк учурайт. Буларда Стерилдүүлүк ата-эненин геномдорунун бири бирине туура келбегендигинен болот, себеби зигота олуп калат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.