Сулайманов Мурза

Википедия дан

Сулайманов Мурза (1937-жылы төрөлгөн, Карасуу районуда) – адабиятчы, педагог, филология илимдеринин доктору, профессор. Ош пединститутун бүтүргөн. “Азыркы кыргыз балдар прозасы” (1971) деген темада кандидаттык, “Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы” (1995) деген темада докторлук диссертацияларын коргогон.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын изилдөө темасы – кыргыз балдар адабиятынын тарыхы жана азыркы учурдагы абалы, таалим-тарбиялык мааниси, спецификасы. Бул багытта Москвадан чыккан “Детская литература”, “Дошкольное воспитание” деген зоболосу зор журналдарга макалалары басылган. “Балдар үчүн аңгемелер” (1976), “Азыркы кыргыз балдар прозасы” (1980) деген адабий иликтөөлөрү, балдар адабияты боюнча окуу программалары жана фундаменталдуу “Кыргыз балдар адабиятынын тарыхы” (1992) деген окуу китеби бул багыттагы олуттуу эмгектери болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]