Суусамыр району

Википедия дан
Тез өчүрүүБул баракты тез арада өчүрүү сунушталууда. Өчүрүү сунушу төмөнкү себеп боюнча киргизилген:
Бул эми район эмес
Эгерде Сиз бул шартка макул болбосоңуз, бул калыпты өчүрүп жамаат порталына оюңузду билдириңиз.
Администраторлор: Сураныч баракты өчүрүү алдында, тандалган барактын тарыхын карап, анан гана өчүрүңүздөр.

Суусамыр району - Суусамыр өрөөнүндө жашаган элдин талабы эске алынып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1991-жылдын 14-декабрындагы чечиминин негизинде уюшулган.

Нарын облусунун курамындагы администрациялык-аймактык бирдик болгон. Облустун борбору Нарын шаарынан 330 км түндүк-батышта жайгашкан. Калкы 6,1 миң (1992).

БорбоРУ - Суусамыр кыштагы. Бул райондун курамына Суусамыр (буга Суусамыр, Тунук жана Кайсар) жана Көкөмерен (Кызыл-Ой, Ко-жомкул жана 1-Май кыштактары караган) айыл кеңештери жана беш чарба («Кызы-Ой», «Каракол», «Үч-Эмчек», «Миң-Булак» жана «Суусамыр» совхоздору) кирген. Райондо бардык мекеме, уюмдар уюштурулган. Райондун айдоо аянты 25,0 миң ганы түзгөн.

Анын ичинен 11,0 миң гасын дан эгиндери, 9,5 миң гасын көп жылдык, 2,2 миң гасын бир жылдык чөп ээлеген. 1992-ж. 12,6 миң т дан эгин, 10,0 миң т тоют, 6,5 миң т саман өндүрүлгөн. Район трактор менен 62% ке, комбайн менен 19% ке гана камсыз болгон.

Мындай шарт калктын социалдык-экономикалык муктаждыгын толугу менен жетиштүү деңгээлде чече алган эмес. 1992-жылдагы катуу жер титирөө (зилзала) да өзүнүн тескери таасирин тийгизген. Жаңы райондун уюштурулушунда жана башкаруу системасында да бир топ кемчиликтер кетирилген. Натыйжада район 1994-ж. майда жоюлган.

Андан соң, Суусамыр районунун аймагы бүт Чүй облусунун Жайыл районуна карап калган. Райондун акими болуп С. Ж. Жумабаев, райондук кеңешитин төрагасы К. М. Наскеев иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9