Сыдыгалиев, Качкыналы

Википедия дан

Качкыналы Сыдыгалиев (Чүй районунун Кара-Ой айылында 1934-жылы 2-февралда туулган) - жазуучу, кесиби боюнча врач, медициналык кызматтын подполковниги, СССР саламаттык сактоонун отличниги.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.
1957-жылы Сузак районундагы Бек-Абад участкалык ооруканасынын башкы врачы,
1960-жылы Чүй райондук ооруканада терапия бөлүмүнүн башчысы, башкы врачтын орунбасары,
1966-жылы Ысык-Ата районундагы Ивановка ооруканасынын башкы врачы,
1969–1987-жж. Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскердик медициналык кызматынын начальниги,
1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда милдеттүү медициналык камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет.
1976-жылдан баштап гезит-журналда аңгемелери, ырлары, тамсилдери чыга баштаган.
1981-жылы алгачкы «Жүрөктөгү так» аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.
1985-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Сыйлыктары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иштеги жетишкен ийгилиги жана КГБда кемтиксиз кылган эмгеги үчүн: «За воинскую доблесть», «В ознаменовании 100-летия со дня рождения В.И.Ленина», «60-лет Вооруженных Сил СССР», «За безупречную службу 3-й степени», «За безупречную службу 2-й степени», «50-летия КГБ Киргизии», «80 лет службе национальной безопасности Кыргызской Республики» деген медалдар, ошондой эле КГБнын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Китептери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автордун «Асыл ойлор» рубаилери Кыргыз улуттук университетинин Окуу-усулдук бирикмесинин 2006-жылдын октябрындагы №1-чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан (Буйрук №561/1. 17-октябрь. 2006-жыл) «Филология» адистиги боюнча окуган жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн кошумча окуу куралы катарында уруксат кылынган.

Жүрөк – кан тамырлардын оорусу жана алдын алуу: – Ф., 1975. – 25 б.
Тамеки тартуу жана ден соолук: – Ф., 1975. – 28 б.
Аарынын балы жана анын дарылык касиети: – Ф., 1975. – 18 б.
Жүрөктөгү так: Аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 156 б.
Ишеним: Повесть жана аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1983. – 128 б.
Бурулча: Повесттер жана аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1985 – 262 б.
Ой артынан ой келет: Рубаилер жыйнагы. – Ош, 1998. – 185 б.
Асыл ойлор: Рубаилер топтому. – Б., 2006. – 358 б.
Чика жана башка жомоктор. – Б., 2004. – 164 б.
Таргыл мышык жана башка жомоктор. – Б., 2004. – 131 б.
Кадыр түндөгү сыр жана башка жомоктор. – Б., 2004. – 164 б.
Дөңгөч баатыр жана башка жомокор. – Б., 2004. – 132 б.
Кереметтүү жомоктор. – 2004. – Б., 150 б.
Өлүп тирилген адам: Повесть. – Б., 2005. – 159 б.
Ак төш мышык: Мурка же анын достугу жөнүндө повесть. – Б., 2005. – 57 б.
Сүйүүм сага аманат: Повесть. – Б., 2005. – 106 б.
Замана: Аңгемелер. – Б., 2005. – 139 б.
Бой тумар: Аңгемелер. – Б., 2005. – 152 б.
Селсаяк синдрому: Аңгемелер. – Б., 2005. – 179 б.
Ормокойдун окуясы жана башка сатиралык аңгемелер – Б., 2005. – 151 б.
Өмүр жолу. Повесть. – Б., 2005. – 245 б.
Үмүт: Ырлар жыйнагы. – Б., 2005. – 203 б.
Сайгак: Тамсилдер. – Б,. 2005. – 248 б.
Чагылган: Аңгемелер. – Б., 2005. – 134 б.
Дербиш: Аңгемелер. – Б., 2005. – 130 б.
Тагдыр: Повесть. – Б., 2005. – 180 б.
Изде мени китептердин арасынан: Ырлар жыйнагы. – Б., 2005. – 200 б.
Азгырык. Аңгемелер, ырлар, рубаилер, эссе. – Б., 2006. – 197 б.
Too койнундагы чечим: Роман. – Б., 2006. – 242 б.
Барса келбес жалгыз жол: Аңгемелер жыйнагы. – Б., 2008. – 198 б.
Мухаммед пайгамбардын өмүр жолу: Ыр менен жазылган тарыхый ро-ман. – Б., 2008. – 230 б.

Шилтеме:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын жазуучулары. 1-том.