Сынган кылыч романындагы тарыхый фактылар

Википедия дан

Тарыхты окуп үйрөнүүдө тарыхый булактардын ролу олуттуу. Тарыхый булактар болсо бир нече түргө бөлүнөт. Көркөм адабият, анын ичинде тарыхый романдар, илимде тарыхый булактардын бир түрү катары каралат.
Кыргыз тарыхый роман жазуучуларынын көч башында турган |Т. Касымбеков өзүнүн «Сынган кылыч» романы аркылуу көп жерлери али күнчө туңгуйук калып аткан |Кокон хандыгына, орус колонизатордук баскынчылыгына байланышкан тарыхый окуяларды көркөм сөз кудуретине таянып, эл массасына жеткирүүдө, тарыхый инсандардын бейнесин, тарыхый доордун оош - кыйышын ачып берүүдө баа жеткис эмгек жасады.
Белгилүү болгондой, илимий иштер илимий тилде жазылат. Илимий эмгектерди жазуу усулунда колдонулуучу ЭКСПРЕССИЯ деген түшүнүк бар, ал, образдуулук жана көркөмдүүлүк деген маанини берет. Аталган илимий усул илимий иш окурмандарга жеткиликтүү, таасирдүү болуш үчүн колдонулат. Мына ушул мааниде алганда Төлөгөн Касымбековдун тарыхый романдары, анын ичинде айрыкча «Сынган кылыч» чыгармасы бир топ илимий эмгектерден жогору тураарын коркпой эле айтсак болот. Белгилүү окумуштуу Омор Сооронов ушуга байланыштуу «Сынган кылыч» романынын ролун «Манас» эпосуна окшоштурат. «Айырмасы – деп жазат ал, - Манастын окуялары апыртмалуу келип, бир нече кылымдарды камтыса, «Сынган кылыч» тарыхый окуялардын хронологиялык тартибин сактап, тарыхый чындыктардын нугунда жазылган». Биздин ойубузча, эгерде «Сынган кылычтагы» көркөм деталдарды алып салып, айрым бир тарыхый фактыларды калыбына келтирип карасак, бул чыгарманы илимий эмгек катары бааласа болот. Автордун тарыхый булактар менен тыкыр иштегени көрүнүп турат. Ал булактардын катарына: В. Наливкиндин «Краткая история Кокандского ханства”, Абул Гази Бахадур хандын «Шажара йи - турк ва могул», Молдо Нияз Кокандинин «Тарих и Шахрухи» аттуу эмгектерин кошууга болот.
Жогоруда келтирилген « айрым бир тарыхый фактыларды калыбына келтирип карасак» деген сөздү чечмелесек, алар төмөнкүлөр:

  • Китептеги Шерали ханга байланыштуу чокой жөнүндөгү эпизод – ислам уламыштарында кеңири кездешүүчү эпизод. Ал автор тарабынан өтө ыктуу пайдаланылган. Реалдуу тарыхта бул фактыны далилдеген маалымат жок.
  • Тарыхый романдагы Нүзүптүн намаз окуп жаткан учурда өлтүрүлгөндүгү жөнүндөгү эпизодду тастыктаган тарыхый маалыматтар да жок. Тарыхчы Ж. Алымбаев «Нүзүп бий» аттуу китебинде Нүзүптү Мусулманкул жигиттери менен Жармазарда өлтүрүп, Шахид көрүстөнүнө көөмп салгандыгын жазса, ошол мезгилде Кокон ордосунда кызмат өтөгөн кыргыз Зиябидин Максым өзүнүн «Фаргана хандарынын тарыхы» деген китебинде Шералы хан ошентип өлтүрүлүп, Чымындык деген көрүстөнгө көмүлгөнүн, ал эми Нүзүптү болсо, Шады миң башы Саид Алибек деген дасторкончуну жигиттери менен жиберип, куптан маалында дасторкондун четинен кармап өлтүрткөнүн жазат. Бул жерде автор Нүзүптүн зоболосун көтөрүү максатында Шералынын мажестигин, жетелемелигин көрсөтүү үчүн, ушинтип алмаштырып бериши мүмкүн.
  • Шералыны хан көтөрүү учурундагы Аширди курмандыкка чалуу фактысы эч бир жазма булактарда кездешпейт. Кыргыздын салтында да мындай болгон эмес. Ушуга байланыштуу айта кетчү жагдай, Манас эпосунда Манас баатыр канкор деп айтылат.
                           Канкор Манас өлгөндө
                           Калк жыйылып көмгөндө.

Канкор деген сөздү көп окурмандарыбыз кан ичкич деп кабыл алышат. Бул туура эмес. Бул сөз, киринди сөз. Фарси тилиндеги «худовандгөөр» - бийлөөчү, аким, улук деген сөздөн алынган. Аны кыргыздар өз тил өзгөчөлүгүнө ыңгайлаштырып, “канкор” деп айтып калышкан. Орустун Семи хата деген кыштагын Сымкат деп алгандай. Ошондой эле бул сөз кыргыздарга монгол тилиндеги «хонгор» - сүйкүмдүү, аздектүү, же «коңор»(монгол) – ак жүздүү, буудай жүздүү деген сөздөрдөн өзгөртүлүп кабыл алынып калышы да толук мүмкүн.

  • Алымбек датканын өлүмү романда 1864 - ж. деп так эмес берилген. Тарыхый чындыкка келсек, Алымбек датка 1862 - жылдын июль айында өлтүрүлгөн. 1863 - жылдын март айында Кудаяр ханга аскерий колдоо көрсөткөн Бухара эмири Музаффар шаа, Кудаяр менен бирге Мады кыштагына келип, Курманжан, Жаркынбай менен жолугушуп, Курманжанга датка наамын ыйгарган. Жаркынбай Анжиянга аким болуп дайындалган. Бул албетте согушчан, жоокер мүнөз Алай кыргыздарын өз тарабына (Кудаяр хандын тарабына – С. С.) тартуу максатында жасалган иш эле.
  • 1863 - ж. Алымбек датка менен Алымкул аталык Кудаярды 2 - жолу тактыдан кууп, Мала хандын 12 жашар уулу Султан Сейитти хан көтөрүштү деген маалымат да тарых чындыгына дал келбейт. Султан Сейитти хан көтөргөн Алымкул аталык. Бул мезгилде Алымбек датканын өлтүрүлгөнүнө 1 жылдан ашык убакыт өткөн. Алымкул аталыктын Алымбек датканын өлүмүнө да тиешеси бар.

Келтирилген мисалдар тарыхый романдагы тактоону талап кылган фактылардын айрымдары гана экендигин эске салуу менен, бул фактылар улуу жазуучу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романынын беделин кыпындай да түшүрө албастыгын белгилемекчибиз. Жазуучунун тарыхый романдары тарыхыбызды, тарыхый доорлорду, тарыхый инсандарды окуп үйрөнүүдө баа жеткис эмгек, булак катары ар дайым кала берет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Алымбаев Ж. Нүзүп бий.— Шам, 2000.— 131-132-бб. – ISBN 9967-20-458-3
  • Магзуни (Зиябидин Максым) Фаргана хандарынын тарыхы.- Б.: Турар, 2007. – 174-175бб. – ISBN 978-9967-23-970-8
  • Кененсариев Т. Кыргыздар жана Кокон хандыгы.- Ош: ОшМУ, 1997.- 37-38-бб. – ISBN 9967-505-01-X