Сыпаттоо

Википедия дан

Сыпаттоо (описание) белгилүү бир кубулушту, окуяны көз алдыга элестетүү, же ал жөнүндө маалымат берүү үчүн автор ал нерсенин негизги касиеттерин, сапаттарын, белгилерин сүрөттөйт. Адабиятта бул сыпаттоо деп аталат. Адамдын мүнөзүн, кыймыл-аракетин, жаратылыштык кубулуштарды берүүдө жазуучу сыпаттоо ыкмасын пайдаланат. Маселен, адамдын сырткы кебетесинин жана мүнөзүнүн сыпаттап көргөзүлүшү: «Айша токтоо, муңайым, көп сүйлөбөй турган, эс-акылы бар кыз эле. Жамийла болсо шайыр, сөзмөр, суйкайган, жароокер кыз. Ал жарашыктуу кийинүүнү, учуру келе калса тырмактарын боётууну, оюн-күлкүнү, кино-театрга кирүүнү жактыруучу». Келтирилген үзүндүдө К. Баялинов эки түрдүү каармандын мүнөздөрүн сыпаттоо аркылуу сүрөттөп жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]