Сырткы жана ички

Википедия дан

Сырткы жана ички – нерселер менен кубулуштардын өз ара, жалпы байланыш формаларынын бир тарабын билдирген философиялык түшүнүктөр.

Сырткы – ушул предмет менен кубулуштун аны курчап турган башка предметтер менен кубулуштардын өз ара байланышы: Ички – нерселер менен кубулуштардын бир бүтүндүк катары өз элементтери менен болгон өз ара байланышы; бул ушул нерсе, кубулуштун структурасы. Ички өзүн Сырткы - аркылуу билдирет, ички болсо Сырткыга таасир тийгизет.

Ички менен Сырткы биригип диалектикалык биримдикти түзөт. Нерсени таанып-билүү процесси (көрүү, кабылдоо, сезүү) анын адамдын сезүү органдарына таасир тийгизүүдөн башталат. Адетте болмушту Сырткы жана Ички дүйнө деп бөлүшөт. Сырткысы-табият дүйнөсү, Ичкиси – рухий дүйнө. Булардын өз ара байланышын ачуу аракети философиянын тарыхында материализм менен идеализмдин күрөшүндө такталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]