Сөөк системасы
Мазмуну |
Сөөк системасы [оңдоо]
Кишинин скелети (байыркы грек тилинен σκελετος — «кургатылган») 200дөн ашуун түрдүү формадагы сөөктөрдөн түзүлөт. Организмдеги жайланышы боюнча алар баштын, тулку бойдун, ийин жана бел курчоонун, кол жана буттун скелетине бөлүнөт. Скелеттин составына сөөктөрдөн башка кемирчектер да кирет. Кемирчектер түйүлдүктүн жана жаш балдардын денесинде көп болот. Киши улгайган сайын денедеги кемирчектер акырындап сөөккө айланат. Баштын скелети жуп жана түгөйсүз 29 сөөктөн турат (Баш сөөк).
Тулку бой [оңдоо]
Тулку бойдун скелети омуртка түркүгү жана көөдөндөн турат. Омуртка түркүгү биринин үстүнө бири катары менен жайланышкан 33—34 омурткадан турат. Алардын арасында солкулдак кемирчек ткандан турган аралык кепилдер бар. Ошонун таасири менен омуртка түркүгү алдыга, артка жана оңго, солго ийилет.
Омуртка түркүгү [оңдоо]
Омуртка түркүгү 7 моюн, 12 арка, 5 бел, 5 куймулчак, 4—5 чычаң омурткасынан турат. Ар бир омуртканын тулкусу, догосу жана бир канча урчуктары бар. Омуртканын тулкусу менен догосунун ортосунда омуртка тешиги жайгашкан.
Булар чогулуп омуртка каналын түзөт. Каналдын ичинде узунунан созулуп кишинин жүлүн мээси жатат (Омуртка тутуму).
Көөдөн [оңдоо]
Көөдөн көп сөөктөн туруп, арт жагы 12 арка омурткасынан, капталы 12 кабыргадан, ал эми алды жагы болсо төш сөөгүнөн турат. Он эки кабырганын ар биринин арткы башы (учу) аркалар менен ашташат, ал эми жогорку 8 кабырганын алдыңкы учу төш менен түздөн-түз туташат. Төмөнкү төрт кабырга алдыңкы учтары кыска болгондуктан төш менен туташпастан карчыганын бүлкүлдөгүнүн арасында эркин жайгашат. Ушул аркалар, кабыргалар жана төш сөөгүнүн өз ара кошулушунан турган көңдөй көкүрөк көңдөйү деп аталат. Анын ичинде ар кандай уруу, согуу кырсыктарынан жашырылып, өпкө, жүрөк жана башкалар кан тамыр органдары жайгашат.
Ийин [оңдоо]
Кишинин ийин курчоосу көөдөндүн арткы бетинде орношкон үч бурчтуу эки далыдан жана эки акырек сөөгүнөн турат. Ар бир далынын башындагы тегерек чуңкуру колдун биринчи жилиги күң жиликтин ийин башы менен ашташат (Ийин курчоосу, Кол).
Бут курчоосу [оңдоо]
Бут курчоосун эки жамбаш сөөгү түзөт. Ал үч бөлүктөн (капшыт, отургуч жана чаткаяк сөөгүнөн) турат. Жамбаш сөөгү арт жагынан куймулчак менен, ал эми алды жагында бири-бири менен туташып жамбаш чарасын түзөт. Ар бир жамбаштын тегерек оюгу бар, бул кашка жиликтин ийик башы менен ашташат. (Жамбаш чарасы, Бут).
Сөөктөр тууралуу [оңдоо]
Кишинин сөөгү өтө эле катуу, тик абалда турган жото жилиги 1500 кгга чейинки жүктү көтөрө алат. Сөөктөрдүн бекемдиги анын химиялык составына жараша болот. Сөөктөрдүн составында органикалык жана органикалык эмес заттар бар. Аны билүү үчүн сөөктү отко күйгүзсө анда анын органикалык заттары күйүп, органикалык эмес заттары калат. Ал заттар сөөктүн сырткы формасын сактап, ага бекемдикти берет. Ал эми сөөктү бир суткага 10%түү туз кислотасынын эритмесине салып койсо, анда анын составындагы органикалык эмес заттар акырындап эрип кетет да, сөөк ийилгич жана чоюлгуч болуп калат. Мындай сөөктү чүлүк катары ийүүгө, буроого да болот. Ошентип, органикалык заттар сөөккө ийилгичтикти жана чоюлгучтукту берет. Органикалык жана органикалык эмес заттардан турган сөөк тканы сөөккө бекемдикти берет. Жаш балдар, өспүрүмдөр жана жаш кишилердин сөөктөрүндө органикалык заттар өтө көп. Ошондуктан алардын сөөгү бекем жана ийилгич келип, аз сынат. Ал эми киши улгайган сайын алардын сөөгүнө борпоңдукту жана катуулукту берүүчү органикалык эмес заттар акырындап көбөйөт да, улгайган жана кары кишилердин сөөктөрү бат сынат.
Анатомиялык түзүлүшү [оңдоо]
Сөөктөрдүн бекемдиги алардын химиялык составына гана эмес, анын анатомиялык түзүлүшүнө жараша да болот. Сырткы формалары боюнча сөөктөр узун, кыска, жалпак жана көпшөк болуп бөлүнөт. Мисалы, каруу, билек, сан жана шыйрак жиликтери узун сөөктөр. Жиликтердин орто жери көңдөй келип, ичинде сары чучук бар. Жиликтердин эки учу анын башы деп аталат. Анда каршы-терши кайчылашкан сөөк эбелектери болуп, арасы кызыл чучукка (кемик майлары) толгон. Сөөк эбелектери сөөккө кайсы тараптан күч көп келсе, ошол жакка багытгалып, сөөктүн бекемдигин камсыз кылат. Кыска сөөктөргө кырк муун, кол, буттун манжалары жана кызыл ашыктын сөөктөрү; жалпак сөөктөргө кабыргалар, баштын төбө сөөктөрү жана жамбаш сөөктөрү кирет. Көпшөк сөөктөргө омурткалар, төш сөөгү жана томук кирет. Көпшөк сөөктөрдүн ичиндеги сөөк эбелектеринин арасы кызыл чучукка толгон. Сөөктөр сыртынан жука чел кабык менен капталган. Ал эки катмардан турат. Анын сырткы катмарында кан тамырлар жана нервдер өтө көп. Алар аркылуу сөөктөр азыктанат жана нервдешет. Ал эми ички катмарында сөөктөрдү өстүрүүчү ткандар жайгашкан. Алардын жардамы менен сөөктөр туурасынан өсөт.
Милдеттери [оңдоо]
Кишинин скелетин түзүүчү сөөктөр организмде ар түрдүү милдетти аткарат. Кишинин скелетинин негизги милдеттеринин бири — ал отурганда, турганда, басканда түркүк болот. Бул милдетти негизинен омуртка түркүгү аткарат. Ошондой эле скелет өзүнө бекиген булчуңдардын жыйрылып жана бошоңдошунун негизинде муундарды кыймылга келтирет. Сөөктөр бири-бири менен туташып, мээ кутусун, көкүрөк, ич көңдөйлөрүн жана жамбаш чарасын түзөт. Бул көңдөйдү түзгөн сөөктөр мээни, өпкө-жүрөктү, ичеги-карынды жана жыныс органдарын ар кандай урунуу, кагынуудан сактайт. Кишинин сөөктөрү организмдеги минералдык алмашуу процесстеринде да катышат. Анткени кишинин сөөктөрүндө кальций, фосфор жана темир туздарынын чоң запасы бар. Кишинин сөөктөрү кан денечелерин да пайда кылат. Анткени, сөөктөрдүн ичиндеги кызыл кемиктер кан денечелерин жаратуунун негизги булагы. Сөөктөрдүн составында микроэлементтер жана витаминдер да көп. Ошентип, кишинин сөөктөрү ага жөнөкөй гана түркүк болбостон, ар түрдүү милдеттерди аткаруучу маанилүү органдардын бири болуп эсептелет.
Сөөк калыптанышы [оңдоо]
Сөөк системасынын калыптанышында туура тамактануу чоң роль ойнойт. Айрыкча балдардын өсүп жаткан организми сөөктүн өөрчүшү үчүн зарыл органикалык жана минералдык заттарды талап кылат. Витаминдердин жетишсиздиги сөөктү деформациялап, өсүүсүн кечеңдетет; кальций менен фосфор туздары жетишпесе сөөк тез сынып, кыйшаят. Ал туздар сүт жана сүт азыктарында көп болот. Кош бойлуу жана эмчек эмизген аялдар кальций тузун көбүрөөк талап кылат.
Оорулары [оңдоо]
Сөөк системасынын оорулары өтө көп жана ар түрдүү. Көбүнчө сөөктүн тубаса, дистрофиялык, сезгенүү жана шишик оорулары жолугат. Тубаса оорулардын себеби толук изилдене элек, бирок туугандар арасындагы никеге, кош бойлуу аялдын организмине зыяндуу факторлордун (кырсык, химиялык заттар, нервдик күч келүү, тамеки чегүү, алкоголь) таасирине байланыштуу болору белгилүү. Дистрофиялык оорусу сөөк тканынын түрдүү себептерден азыктануусунун бузулушунан, ошондой эле витамин жетишсиздигинен болот (мисалы, Д витамини жетишпесе итий пайда болот). Д витамини организмге тамак-аш менен келет, андан тышкары күн нурунун таасиринен териде да пайда болот. Омурткаларда жана муундарда кан айлануунун бузулушу остеохондроз жана артрозго алып келет. Кыймылдын аздыгынан остеохондроз акыркы жылдарда көп жолугат. С. с-нын кеңири таралган оорусуна омуртка тутумунун кыйшайышы кирет. Ал сабак окуп жатканда баланын келбетине көңүл бурбагандыктан, ошондой эле зат алмашуунун тубаса бузулушунун, айрым оорулардын (туберкулёздук спондилит, шишиктер жана башкалар) кесепетинен болот. Сөөк системасынын айрым оорулары скелетке күч келүүдөн (айрыкча балдар менен өспүрүмдөрдө) өөрчүйт.
Сезгенүү оорулары [оңдоо]
Сезгенүү ооруларынан остеомиелит жана сөөк менен муундун туберкулёзу көп жолугат. Сөөк тканынын сезгениши инфекциялык процесстин (чыйкан ич келте, баш келте, сүзөк, котон жара жана башкалар) кабылдоосу катары да өнүгөт. Сөөк системасынын жабыркашы (сынык, муундан чыгуу жана башкалар) көп кездешет. Кийинки мезгилде өндүрүшкө жана турмуш-тиричиликке техниканы көп пайдалануу таяныч-кыймыл аппаратын жабыркаткан оор кырсыктарды көбөйттү. Ошондуктан коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо өтө маанилүү.
Дарылоо [оңдоо]
Дарылоодо дары-дармек, айыктыруу физкультурасы, массаж, физиотерапиялык процедуралар колдонулат. Кээде хирургиялык операция жасалат. Азыркы учурда травматолог, ортопед врачтар колдонгон аппараттар менен конструкциялар ийгиликтүү натыйжаларды берүүдө.
Колдонулган адабият [оңдоо]
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8