Табигый ресурстар

Википедия дан

Табигый ресурстар - бул жаратылыш тартуулаган байлыктар, адамдын жашоосуна зарыл болгон табигый шарттардын жыйындысынын бир бөлүгү, табигый чөйрөнүн коомдук өндүрүш процессинде коомдун материалдык жана маданий керектөөлөрүн канааттандырууга жумшалчу маанилүү компоненти.

Ташматов Бектур

Табигый ресурстардын негизги түрлөрү: күн энергиясы, жердин ички жылуулугу, жер, суу ресурстары, минерал ресурстары, өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсү. Табигый зат менен энергиянын өтө зор өлчөмдө пайдаланышына байланыштуу адамдын Табигый ресурстар менен камсыз болуу проблемасы - дүйнөдөгү эң орчундуу маселелердин бири. Табигый ресурстардын азайышына жол бербөөнүн негизги шарттары - коом менен айлана-чөйрөнүн зат алмашуу боюнча өз ара гармониялуу аракеттенишин камсыз кылуу, Табигый ресурстарды туура жана комплекстүү пайдалануу, сырьё, отун жана энергиянын жаңы булактарын табуу болуп эсептелет. Табигый ресурстарды туура пайдаланууга жана аны коргоого байланыштуу проблемалар глобалдык мүнөзгө ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9