Таза монополия

Википедия дан

Таза монополияда кайсы бир продукцияны бир гана ишкана же фирма чыгарат. Мисалы, СССР мезгилинде Кыргызстандан сырт жактарда иштеген жарандар ата-энесине акча жөнөтчү болсо, жалгыз гана мамлекеттик почта кызматы аркылуу жиберчү жана азыркыдай башка альтернативдүү компаниялар болгон эмес.

Автомобиль өнөр жайында "Жигули", "Волга", "Москвич" жеңил машинелери гана чыгарылып, бул типтүү чет элдик жеңил автомобилдер өлкөгө киргизилген эмес. Ошондуктан, элде тандоо мүмкүнчүлүгү жок болгон жана жеңил машине сатуу үчүн узак жылдар кезекке турушкан.