Така иймей
Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Оюнчулардын саны 2—3 киши.
Оюн аянтчада, устаканада өткөрүлөт.
Оюнда колдонуучу аспаптар - такалар.
Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ар кимиси колдоруна бирден такаларды алышып, тегерек болушуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кезектери келгенде, колдорундагы таканы белгиленген убакытта ийүүгө аракеттенишет. Таканы бат ийген оюнчу жеңүүчү болот.
Оюндун башка түрлөрү. Таяк иймей, бакан иймей, бутак иймей.
Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бир-бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, башка буюмдарды колдонууга болбойт.
Педагогикалык мааниси. Оюнда күч тарбияланат.