Так орун

Википедия дан

Так орун - кыргыз эл оюну. Оюн тегиз жерде ойнолот. Оюнду 7-14 жаштагы 20-25 оюнчу жаштарына жараша бөлүнүп ойношот. Оюнчулар тегерек тартып экиден турушат. Ортого эки оюнчу чыгарылып биринин колуна эшилген жоолук берилет.
Оюнду баштоого белги бергенде жоолукту алган оюнчу экинчисин кубалап жөнөйт. Экинчи оюнчу болсо,экиден болуп катар тизилип турган оюнчуларды айлана чуркап, өзү каалаган оюнчунун алдына барып туруп калат. Ал турар замат артта үчүнчү болуп калган оюнчу качат. Эгерде качып бара жаткан оюнчуну колунда жоолугу бар жоолук менен чабууга үлгүрсө, анда ал жоолукту жерге таштап өзү качат да, өзү каалаган оюнчунун алдына барып тура калат. Жоолукту жерден алган экинчи оюнчу жоолукту алып, качкан оюнчуну кубалайт. Ошентип, оюн улантыла берет.

Пайдаланылган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]